Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:25

Кыргызстан "Газпромбанк" менен меморандумга кол койду


Кыргызстан Орусиянын "Газпромбанкы" менен кызматташуу меморандумуна кол койду.

Документ мамлекеттик долбоорлорду жана программаларды ишке ашыруу жаатындагы келишимдерге банктык колдоо көрсөтүүнү көздөйт.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 22-ноябрда "Газпромбанктын" биринчи вице-президенти жана башкармалыктын мүчөлөрү менен жолугушту.

Алар банктык колдоо кызматтарын илгерилетип, мамлекеттик сатып алууларды каржылоо механизмдерин да талкуулашканын Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлады.

Меморандумга кыргыз тараптан финансы министри Алмаз Бакетаев жана "Газпромбанктын" аткаруучу вице-президенти Олег Мельников кол койду.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Орусияга 22-ноябрда кеткен. Ошол күнү орус өкмөт башчысы Михаил Мишустин менен жолугушту.

Иш сапардын алкагында кыргыз-орус кызматташтыгы, анын ичинде энергетика, күйүүчү май боюнча маселе талкууланары айтылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG