Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Октябрь, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:36

Орусиянын президенти Путин вакцинанын үчүнчү дозасын алганын билдирди

Орусиянын президенти Владимир Путин.
Орусиянын президенти Владимир Путин.

Орусиянын президенти Владимир Путин коронавируска каршы вакцинанын үчүнчү дозасын алганын билдирди.

21-ноябрда "Россия 24" мамлекеттик каналына маегинде: "Эки саат мурда мага ревакцинация кылды. Эч нерсе сезген жокмун. Абалым жакшы. Баары жакшы",-деди ал.

Путин "Спутник V" вакцинасынын биринчи дозасын мартта, экинчи дозасын апрелде алган.

Орусияда 146 миллион калктын 37% гана коронавируска каршы эмделген. Пандемия башталгандан бери COVID-19 инфекциясы 246 миң адамдын өмүрүн алды. Бирок Росстат агенттиги сентябрдын соңунда бул оорудан 460 миңдей киши көз жумганын билдирген.

Орусиянын президентинин вакцина алып жаткан сүрөт, видеолору эч жакка жарыяланган эмес.

​
XS
SM
MD
LG