Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:53

Министрлик музейдин апрель окуяларына арналган бөлүгү боюнча маалымат берди


Тарых музейи.
Тарых музейи.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги оңдоп-түзөөдөн кийин ачылган Улуттук тарых музейинин 2010-жылдын апрель окуяларына арналган бөлүгү кыскартылбаганын "Азаттыкка" билдирди.

"Апрель окуясына арналган атайын "Таазим" деген музей Ата Бейитте ачылган. Ошол жакта апрель окуяларына жана баатырларына арналган маалыматтар кенен берилген. Тарых музейинде да бар. Толугу менен алып салды деген чындыкка дал келбейт", - деди мекеменин басма сөз кызматы.

Бишкекте беш жыл бою жабык турган Улуттук тарых музейи 19-ноябрда салтанаттуу түрдө ачылган. "Апрель" телеканалынын кабарчысы Канат Каниметов музейде экспозициялардын арасында апрель окуясына байланыштуу болгону үч китеп бар экенин, видео, сүрөт коюлбаганын айтып чыккан. Ал 2005-жылдын март окуясына арналган өзүнчө стенд бар экенин белгилеген.


Бишкекте 2010-жылдын 7-апрелиндеги элдик толкундоолордун натыйжасында 80ден ашуун адам окко учкан, 500дөн ашууну жараат алган. Апрель окуясы боюнча мурдагы президент Курманбек Бакиев баш болгон 30га жакын кишиге кылмыш иши козголгон. Анын ичинен далилдер жетишсиз деген негизде Мамлекеттик күзөт кызматынын 14 кызматкери акталган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG