Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:32

Садыр Жапаров Кара-Кечеде көмүр казуу маселеси чечилгенин айтты


Садыр Жапаров Ак-Ордо - 3 конушунун тургундары менен жолукту. 22-ноябрь, 2021.
Садыр Жапаров Ак-Ордо - 3 конушунун тургундары менен жолукту. 22-ноябрь, 2021.

Президент Садыр Жапаров Бишкекте жаңы конуштардын тургундары менен жолугушуу учурунда душмандары бийликте гана эмес, карапайым элдин арасында дагы бар экенин айтты. Президенттин айтымында, көмүр ташыган машинелердин ээлери саботаж уюштурган.

"Менин душмандарым бийликте гана эмес, карапайым элдин арасында дагы бар. Мына, көмүр боюнча бир ай какшап сурандык. Бааны түшүргүлө, бир машинеден 10-15 миң сом киреше тапсаңар деле жетет десем, жок, миң доллар табыш керек экен. Айла кеткенде өкмөт колго алып, үч миң сомго түшүрүп таштадык эле ишсиз калышты".

Президент көмүр казуу мурдагы жылдарга салыштырмалуу кеч башталганын моюнуна алып, ага "Кыргыз көмүр" ишканасында эки жетекчи алмашып, саботаж уюштурулганы себеп болгонун билдирди.

Көмүр маселеси чечилгенин, Кара-Кечеде көмүр казылып жатканын кошумчалады.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, Кыргызстанда 18-ноябрга карата көмүрдүн орточо баасы тоннасына 5 миң 706 сомду түзүп, бир айда 10,1% кымбаттады. Баа былтыркыга салыштырмалуу дээрлик 20% өстү.

Эң кымбат баа Ноокатта (10 039 сом), Баткенде (9 718 сом) жана Исфана шаарында (9 091 сом) катталган. Эң арзан көмүрдү Нарындын Чаек айылынан (2500 сом) жана Балыкчы шаарынан (4049 сомдон) алса болот.

Кыргызстанда суук түшөрү менен энергетикалык каатчылык сезиле баштады. Өлкөдө электр энергиясы чоң таңкыстыкка учурап, күйүүчү-майлоочу майлардын баасы кескин көтөрүлүп, ортомчулар менен талаш-тартыштан улам Кара-Кече кенинен көмүр алып келүүдө кыйынчылыктар жаралууда.

12-октябрда Министрлер кабинети үч айга көмүрдүн наркын мамлекеттик жөнгө салууну киргизген. Бирок баа көтөрүлө берген.

16-ноябрда президент Садыр Жапаровдун кийлигишүүсүнөн кийин Бишкекте 3000 сомдон көмүр сатуучу пункттар иштей баштады. Бирок аларга чоң кезек жаралып, ар бир сатып алуучуга эң көбү эки тонна гана сатылууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG