Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:29

Теннис жылдызы Пэн Шуайдын абалы боюнча тынчсыздануулар азайган жок


Кытайдагы теннис жылдызы Пэн Шуайдын Эл аралык Олимпиада комитетинин жетекчиcи Томас Бах менен видеобайланыш аркылуу сүйлөшүп жатат. 21-ноябрь, 2021-жыл.
Кытайдагы теннис жылдызы Пэн Шуайдын Эл аралык Олимпиада комитетинин жетекчиcи Томас Бах менен видеобайланыш аркылуу сүйлөшүп жатат. 21-ноябрь, 2021-жыл.

Эл аралык теннис ассоциациясы билдиргендей, Кытайдагы теннис жылдызы Пэн Шуайдын Эл аралык Олимпиада комитетинин жетекчиси Томас Бах менен видеобайланыш аркылуу сүйлөшүүсү тынчсызданууну азайтпайт.

Пен Шуай ноябрь айынын башында Кытайдын мурунку премьер-министри Чжан Гаоли менен сексуалдык байланышта болууга мажбурлашканын социалдык тармактарга жазган.

Гаоли Кытайдын лидери Си Цзинпиндин жакын тарапташы жана көрүнүктүү саясий ишмер. Бул билдирүүдөн көп өтпөй эле спортчу дайынсыз жоголгон. Бир катар дүйнөлүк спортчулар буга тынчсыздануусун билдирип, Эл аралык теннис ассоциациясы Кытайда өтө турган мелдештерге бойкот жарыялай турганын билдирген.

Бир апта мурда мамлекеттик канал Пэн Шуай жазды делген каттын үзүндүсүн көрсөткөн. Анда спортчу кыз баары жайында экенин жана буга чейинки жазгандарынан баш тартарын билдирген.

Эл аралык Олимпиада комитети 21-ноябрда тараткан билдирүүдө Пэн Томас Бах менен сүйлөшкөндө ага эч кандай коркутуп-үркүтүүлөр болбогонун, баары жайында экенин айткан.

Анын алдында Франциянын тышкы иштер министри Жан-Ив ле Дриан кытай бийлигин спортчу тууралуу так жана ачык маалымат берүүгө чакырган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG