Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:46

Абактагы Равшан Жээнбеков партияларга кайрылуу жолдоду


Равшан Жээнбеков БШКга арыз тапшыруу үчүн жеткирилген учуру. Архивдик сүрөт.
Равшан Жээнбеков БШКга арыз тапшыруу үчүн жеткирилген учуру. Архивдик сүрөт.

Камактагы саясатчы Равшан Жээнбеков өлкөдөгү партияларга, оппозициялык көз караштагы тарапташтарына кайрылуу жолдоду. Адвокат аркылуу берилген кайрылууда саясатчы кыргыз оппозициясы эч убакта бирдиктүү болбогону, ошого карабай оор мезгилдерде бир максатка биригип келишкенин белгилеген.

"Эгемендүү жана оппозициялык саясатчылардын максаты бирдей. Ал өнүккөн, адилеттүү, жаңы, эркин Кыргызстан. Жаңы парламентте сөзсүз күчтүү оппозиция болушу керек. Бул өлкөбүз жана келечегибиз үчүн маанилүү. Бийлик колу бутума кишен салып, денемди түрмөгө тыкса дагы шайлоонун аягына чейин барууну чечтим", - деп жазылат Жээнбековдун кайрылуусунда.

Жогорку Кеңешке шайлоо 28-ноябрда өтөт. Борбордук шайлоо комиссиясы Равшан Жээнбековду 27-октябрда талапкер кылып каттаган. Бирок үгүт жүргүзүү үчүн абактан бошотула элек. Ал өзү эл менен жолугушуп, маалымат каражаттарына чыга албай, конституциялык укуктары бузулуп жатканын айтып чыккан.

Ушул күндөрү телеканалдардан шайлоого аттанган талапкерлердин дебаты өтүп жатат.


Жээнбековдун таламын талашып 18-ноябрда БШКга аны менен бир округдан катталган жети талапкер да кайрылышкан. Алар саясатчынын шайлануу укугун камсыз кылууну жана башкалар менен бирдей шартта үгүт жүргүзүүсүнө шарт түзүп берүүнү суранышкан.

Активист Өндүрүш Токтонасыров Жээнбековдун маселесине көңүл буруу талыбы менен Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) Бишкектеги кеңсесинин алдында, кийин БШК имаратынын жанында акция өткөргөн.

БШКнын мүчөсү Абдыжапар Бекматов шайлоо органы өз чечимин кабыл алганын, анын мындан аркы тагдыры соттун колунда экенин 28-октябрда билдирген.

Равшан Жээнбеков 2019-жылы Кой-Таш окуясы боюнча айыпталып, камакка алынган. “Жарандык көзөмөл комитети” уюму аны саясий туткун деп тааныган. Былтыр парламенттик шайлоодон кийинки башаламандык учурунда бошотулган, "үй камагынын талаптарын бузду" деген негизде быйыл 5-августта кайра №1 тергөө абагына камакка алынган.

Ал өзүнө коюлган айыпты саясий куугунтук деп атап келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG