Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:41

Гепатит жугузуп алгандар кайрадан нааразылык акциясына чыгышты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда гепатитке чалдыккандар жана алардын жакындары 22-ноябрда өкмөт үйүнүн алдына нааразылык акциясына чыгышты.

20дан ашуун киши оорунун алдын алуу үчүн калкты вакцина менен камсыз кылууну өлкө жетекчилеринен өтүнүп жатышат.

"Кыргызстанда гепатология бөлүмү ачылып, дары-дармек, вакцина маселеси чечилмейинче гепатит оорусу көбөйүп, жалпы Кыргызстанга таасирин тийгизгени калды. Ооруга чалдыккандардын дагы шарты каралбай жатат", - деди нааразылык акциясына чыккандардын бири.

Гепатитке чалдыккандар буга чейин дагы бир нече жолу нааразылык акциясын уюштурган. Алар дары-дармек жетишпей жатканын жана кымбат экенин айтып келишет. Мындан тышкары Кыргызстанда гепатитти аныктаган лабораториялардын кызмат акысы жогору экенин, ушундан улам эл текшерилбей жатканын, ага карабай ооруканаларда текшерилбеген донор каны куюлуп, боор ооруларынын жугуштуу инфекциялары жайылып жатканын эске салышкан.


Буга чейин Саламаттык сактоо министрлиги боорду жабыркаткан гепатит оорусунун оор деген "В" жана "С" түрлөрүнүн 85% байкалбай жүрө бере турганын, бирок оорулуу адам башкаларга жугузуп жүрө берерин билдирген.

2020-жылдагы эсеп боюнча, өлкөдө жугуштуу гепатит 4805 адамдан аныкталса, 2019-жылы оору 6,6 миң кишиден жаңы табылган. Бейөкмөт уюмдар сарыктын "В" түрүнө чалдыккандар жүз миңдеп санала турганын айтып, ага каршы жапырт эмдөө жүргүзүүнү талап кылып келет.

Гепатит - боордун сезгенишине алып келген жугуштуу оору. Анын "А", "В", "С" түрлөрү бар. "А" түрү эл арасында сарык деген ат менен тараган. Калган эки формасы кан аркылуу жугат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG