Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:34

Жалал-Абадда өрттөн жабыркаган мектепке мобилдүү үй берилди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районуна караштуу Чет-Булак айылында өрттөн жабыркаган мектепке эки бөлмөлүү мобилдүү үй жеткирилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Айылдагы мектептен 17-ноябрда өрт тутанган. Өрт кырсыгы болжол менен электр жабдыктарын пайдаланууда техникалык эрежелердин бузулушунан улам келип чыккан. Жалпы 468 чарчы метрди түзгөн имарат толугу менен күйүп кеткен жана 1,5 млн. сомдук материалдык чыгым келген.

Кыргызстанда жыл башынан тартып 2531 өрт кырсыгы катталып, 31 киши каза болду. Тилсиз жоодо 43 адам ар кандай жараат алган.

Өткөн жылы бир жылда 2100дөн ашуун өрт кырсыгы катталып, 18 адам каза болгон, 28 киши жараат алган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG