Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:31

Шайлоо-2021: талапкерлер "Фейсбуктагы" жарнамага 28 миң доллардай сарптады


Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) жумушчу топтору "Фейсбуктагы" саясий жарнамага мониторинг жасоодо. Ага ылайык, саясатчылар жана талапкерлер 2021-жылдын 21-августунан 18-ноябрына чейин Facebook китепканасында жалпы суммасы 27 миң 917 долларлык саясий жарнама жайгаштырган. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Саясий жарнактын мониторинги жана социалдык тармактардын жарнак китепканасында отчеттордун жарыяланышы Кыргызстандын БШКсы менен "Фейсбуктун" ортосундагы макулдашуунун негизинде ишке ашырылууда.

Мурдараак Боршайком тарабынан Meta (Facebook) глобалдык компаниясына бирдиктүү шайлоо округу, Бишкек шаары жана Кыргызстандын облустары боюнча бир мандаттуу округдардан парламенттик шайлоого катышуу үчүн катталган бардык талапкерлердин тизмеси берилген.


БШКнын текшерүү тобу Facebook жана Instagram тармактарында саясий жарнамаларды жайгаштыруу үчүн төлөмдөргө мониторинг жасайт. Ошондой эле саясий жарнаманы жайгаштыруу үчүн милдеттүү түрдө тийиштүү шайлоо фондунан төлөм жасалышы керектигин саясий партиялардын, талапкерлердин эсине салат.

Саясий жарнамалардын баары "Фейсбук" жарнамалар китепканасына киргизилет, ал www.facebook.com/ads/library/report дареги боюнча жеткиликтүү. Баракчада Кыргызстанды тандоо керек.

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 28-ноябрда болот. Парламенттеги 90 орунга саясий партиялардан 54, бир мандаттуу округдардан 36 депутат шайланып келет.

Шайлоодо 21 партия ат салышууда. Бир мандаттуу округдардан катталган айрым талапкерлер баш тартып, учурда 290дон ашыгы калды.

Былтыркы шайлоонун жыйынтыгы элдин нааразылыгынан улам жокко чыгып, өлкөдө бийлик алмашкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG