Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:52

"Центерра" Кумтөр кенине байланыштуу билдирүү таратты


Кумтөр кени. 15-июль, 2011-жыл.
Кумтөр кени. 15-июль, 2011-жыл.

Centerra Gold Inc. компаниясы Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун “Кумтөр” кенине байланыштуу айткандары боюнча билдирүү таратты. Анда компания кенге байланыштуу Кыргызстандын өкмөтүн жоопкерчиликке тартуу боюнча бардык мыйзамдуу аракеттерди көрүүнү уланта берери жазылган.

"Биз буга чейинки чыгарган маалыматта ачык белгилегендей, "Кумтөр" мындан ары да толугу менен Centerra Gold Inc. компаниясына таандык туунду компаниясы болуп саналат жана биз "Кумтөр" кенин мыйзамсыз басып алгандыгы үчүн Кыргызстандын өкмөтүн жоопкерчиликке тартуу боюнча бардык мыйзамдуу аракеттерди жасоону улантабыз. Биздин билдирүүбүздө жаңы эч нерсе жок. Болгону 2021-жылдын 10-августунда кендеги биздин балансыбыздагы бизнес-операциянын токтогондугун билдирген кулактандырууну гана чагылдырат", - деп айтылат маалыматта.

Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кумтөр кенинин тегерегиндеги соңку абал боюнча 20-ноябрда билдирүү тараткан.

"Мындан бир нече саат мурда, Канада убактысы боюнча 19-ноябрда, кечке маал биржалык соода жыйынтыкталгандан кийин Centerra Gold Inc. компаниясы аларга мындан ары кыргыз элинин улуттук мурасы – Кумтөр кени таандык эместигин тааныгандыгы тууралуу чечим кабыл алды. Centerra Gold Inc. өзүнүн баланстык наркынан 926 млн. долларды эсептен чыгарууга жана Кумтөр кенине көзөмөлдү жоготконун билдирүүгө аргасыз болду".

Жапаров “Центерра Голд” Кумтөр кенине мындан ары ээлик кылбай турганын расмий жарыялаганын айткан.


Centerra Gold Inc. компаниясынын бул тууралуу билдирүүсү 19-ноябрда сайтына дагы жарыяланып, Онтарио провинциясынын (Канада) Баалуу кагаздар боюнча комиссиясынын талабы менен отчет берилгени жазылган. Компания 19-ноябрдагы отчетунда Кыргызстан тараптан жасалган айрым кадамдар Кумтөр кенинен ажырап калышына алып келгенин билдирген. Буга кенди "басып алуу" себеп болгонун белгилеген.

Канадалык компания башкарып келген Кумтөрдү кыргыз өкмөтү быйыл май айында өз карамагына алган.

"Центерра" кен Кыргызстанга өткөндөн кийин алтын казуу азайып кеткенин 5-ноябрда билдирип чыккан. "Кумтөр Голд" компаниясын кыргыз өкмөтүнүн атынан башкарып жаткан жетекчилик муну төгүндөгөнү менен канча алтын өндүрүлгөнүн коомчулукка расмий жана толук жарыялай элек.

22-сентябрда азыркы Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров “Азаттыкка” “Кумтөр Голдду” башкарууну кыргыз тарап өз колуна алгандан берки төрт ай ичинде 4,1 тонна алтын өндүргөнүн, өлкө 62 миллион доллардай киреше алганын айтып берген. Ал эми 25-сентябрда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Кумтөрдөн Кыргызстан 90 миллион доллар тапканын жарыялаган.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кумтөргө барып, алтын кениндеги иштердин жүрүшү менен таанышканын өкмөттүн басма сөз кызматы 13-ноябрда билдирген. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG