Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2022 шейшемби, Бишкек убактысы 05:29

Кыргызстанда жол кырсыгы күн сайын кеминде үч кишинин өмүрүн алат


Кыргызстанда жол кырсыгынан күн сайын кеминде үч киши каза болот. Бул тууралуу бүгүн, 20-ноябрда Кыргызстанда жол кырсыктарынын курмандыктарын эскерүү күнүнө арналган тынчтык жүрүшүндө айтылды. Жыл башынан бери жол кырсыктардан 8 миңдей киши ар кандай жараат алган. Алардын 1,5 миңи жаш балдар. Жалпысынан 600гө жакын киши жолдогу кырсыктарда каза болсо, алардын 80и балдар.

Акциянын катышуучулары айдоочуларга жана жөө жүргүнчүлөргө кайрылып, эрежелерди сактоого чакырышты. Ошондой эле "Мас айдоочу - кылмышкер!", "Жол эрежеси - жашоонун эрежеси", "Баарыбыз жашагыбыз келет!" деген плакаттарды көтөрүп чыгышты.

Тынчтык жүрүшүнө Бишкек шаарынын тургундары, жол кырсыгынан жакындарын жоготкондор, жол кырсыгына кабылгандар, Жол коопсуздугун камсыздоо кызматынын кызматкерлери, ЮНИСЕФ жана балдар уюмдарынын ыктыярчылары катышты.


Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы бир жумада өлкө аймагында жүргүзгөн рейддин жыйынтыгын чыгарып, жолдогу эреже бузуулар боюнча маалымат берип келет. Ага ылайык өлкө боюнча жума сайын 200дөн 300гө чейин айдоочу мас абалында рулга отурганы, 1500дей айдоочу ылдамдыкты көбөйткөнү боюнча маалымат берилет.

Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын резолюциясы боюнча, ноябрь айынын үчүнчү жекшембиси жол кырсыктарынын курмандыктарын эскерүү күнү деп белгиленген.

Кыргызстанда соңку жылдарда адам өмүрүн алган жол кырсыктары көп катталып жатат.

16-ноябрда эле Кара-Суу районунда ири жол кырсыгынан сегиз адамдын өмүрү кыйылып, 14 киши жараат алган. Бир ай мурун Таластагы автокырсыкта тогуз киши набыт болгон. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG