Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:54

АКШ Украинанын Аскер деңиз күчтөрүнө патрулдук катер берди


Вашингтон УкраинагаАскер деңиз күчтөрүн чыңдоо максатында патрулдук катерлерди берди.

Одесса ушул учурда АКШдан келе турган эки аскерий кемени күтүп жатат. Ишемби күнү бортунда эки Island кайыгы бар АКШнын желеги илинген жүк ташуучу Ocean Grand кемеси Дарданелл кысыгы аркылуу өттү. Бул тууралуу Reuters агенттиги жана Vesselfinder кемелерге көз салуу системасы кабарлады. Жүк ташуучу Ocean Grand кемеси Балтимордон 8-ноябрда чыккан жана Одессага карай жол тарткан. Украинанын деңиз аскерлери буга чейин АКШда кеңейтилген программанын алкагында окуудан өтүшкөнүн "Америка добушу" жазып чыкты.

Киевге берилген кемелер - АКШ Украинага коопсуздук чаралары үчүн берген жардамдын бир бөлүгү. Анын баасы 2,5 миллиард доллардан ашат. Быйыл жайында АКШнын Мамлекеттик департаменти болжол менен 600 миллион долларга 16 Марк VI кайгуул кайыктарын жана жабдууларын Украинага сатууга уруксат берген.

НАТОго кошулууга аракет кылып жаткан Украина америкалык ок-дарылардын партиясын жана танкка каршы Javelin ракеталарын алып, Кремлдин терс реакциясын жаратты.


Америкалык чалгындоо кызматы Орусиянын Украинага каршы аскерий аракеттерин болтурбоо үчүн өтө аз убактысы калганын НАТОго эскерткенин жума күнү кечинде New York Times гезити жазган.

Гезит Жо Байдендин администрациясындагы булактарына таянып жазганына караганда, Кремль орус-украин чек арасына жакын жерде жайгашкан аскерлерди колдонуу боюнча чечим кабыл ала элек, бирок алардын саны жана курамы орус жетекчилигинин аракетине байланыштуу олуттуу тынчсызданууну жаратат.

Жума күнү АКШнын Аскердик штабдарынын биргелешкен комитетинин жетекчиси, генерал Марк Милли Украинанын куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысы Валерий Залужный менен телефондон сүйлөшкөн. Анда бул аймакта орус армиясынын активдүүлүгү "тынчсыздануу жаратып" жатканы талкууга алынган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG