Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2022 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:55

Болгарияда президенттик шайлоонун экинчи туру өтүп жатат


Болгарияда президенттик шайлоонун экинчи туру өтүп жатат.

Сурамжылоолорго караганда, президенттик шайлоонун экинчи турунда талапкерлердин арасынан азыркы президент Румен Радев алдыга чыгышы мүмкүн. Ал шайлоонун биринчи айлампасында добуштардын дээрлик жарымын алган. Анын атаандашы - София университетинин ректору Анастас Герджиков. Өткөн шайлоодо ал добуштардын 23% ээ болгон.

Бул жолу шайоочулардын көпчүлүк добушун алган талапкер жеңишке жетишет. Серепчилердин айтымында, 58 жаштагы Радевдин жеңүү мүмкүнчүлүгү бар болгону менен өткөн аптадагы шайлоодо элдин 40% гана келгендей жагдай пайда болуп калышы ыктымал.

Болгарияда 14-ноябрда президенттик жана парламенттик шайлоо өткөн. Бул өлкөдө соңку бир жылда үчүнчү, экинчи турду кошкондо төртүнчү жолу шайлоо өтүүдө. Апрель жана июль айындагы добуш берүүнүн жыйынтыгында парламентке өткөн партиялар Министрлер кабинетин түзүү боюнча орток пикир таба алышкан эмес.


Добуш берүү Болгарияда саясий кризис, каатчылык жана эпидемиологиялык абал курчуп турган маалда өтүп жатат.

НАТО менен Евробиримдикке мүчө Болгарияда коррупция болуп көрбөгөндөй жайылган. Шаркеттеги мамлекеттердин ичинен эң жакыр, сөз эркиндиги басмырланган жана жемкорлукка белчесинен баткан өлкө катары саналат.

Он жылдан ашуун өкмөттү жетектеген Бойко Борисов быйыл апрелде жапырт нааразылык акцияларынан кийин кызматтан кеткен.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG