Украина: Орусия чабуулун улантты, Трамптын чабарманы Киевге барды
Балыкчынын жаңы эле дайындалган мэри Султан Кермалиев 12 күндөн кийин кызматтан алынды. Ордуна Президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаевдин бөлөсү Баатырбек Жантаев келди. Орус аскерлери өткөн түнү Украинанын Сумы жана Николаев облустарына дрон жана авиабомбалар менен сокку урду. Бул арада АКШнын Украина боюнча атайын чабарманы Кит Келлог Киевге барды. Мигранттарды телефондон көзөмөлдөй турган атайын программа иштелип жатканын Москва шаарынын мэри Сергей Собянин билдирди. Юристтер бул чаралар жеке маалыматтарды коргоо боюнча мыйзамга каршы келерин эскертүүдө.
Чыгарылыштар
-
Июнь 24, 2026Маматалиев "75чилердин катынын" сырын ачтыбы?
-
Июнь 23, 2026“Ширшов” коомдук фонду эмне менен алектенет?
-
Июнь 19, 2026Москва: “Садоводдо” иштеген тажик соодагерлер жабыркады
-
Июнь 18, 2026“75чилер иши”: Жогорку Кеңештин жоопкерчилиги кандай?
-
Июнь 17, 2026Чехияда салыктан качууга шектүү өзбек жарандары кармалды
Шерине