Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:51

Украина Орусиянын ыктымал кол салуусу тууралуу маалымат таратты


"Батыш" деген шарттуу аталыштагы Орусия-Беларус аскердик машыгуулары. 26-сентябрь, 2021-жыл.
"Батыш" деген шарттуу аталыштагы Орусия-Беларус аскердик машыгуулары. 26-сентябрь, 2021-жыл.

Орусия эмдиги жылы январь же февралда Украинага каршы согуш аракеттерин башташы күтүлөт. Бул тууралуу Украинанын коргоо министрлигинин Башкы чалгын башкармалыгынын башчысы Кирилл Буданов Military Times басылмасына курган маегинде билдирди.

Будановдун айтымында, азыр Орусия Украина менен чектеш аймактарына 92 миңден ашуун аскер жайгаштырды. Анын сөзүнө караганда, кышкы суукта кол салуу тобокелчилиги жогору. Анткени ал чыкыроон аяз орусиялык жана украиналык аскерлер үчүн маселе жаратпайт деп эсептейт.

Украин чалгын кызматынын маалыматы боюнча орусиялык аскерлердин бул жолку кол салуусу 2014-жылдагыга караганда бир топ кубаттуу болушу ыктымал.

Башкы чалгынчы Буданов Орусиянын Одесса менен Мариуполго чабуулу аба соккулары, десанттык операциялар жана Беларус тараптан чопкутталган аскер техникасынын басып кирүүсү менен коштолот деп божомолдойт.

Ал эми орус аскерлеринин негизги бутасы мурдагыдай эле Владимир Путин “Новороссия” деп атап келген Украинанын чыгыш жана түштүк аймактары болушу мүмкүн.

Кирилл Будановдун айтымында, Орусия кол салардан мурун Украинанын согушка жарамдуулугун түшүрүү үчүн бир топ "психологиялык операцияларды" жүргүзүшү ыктымал. Бул сыяктуу операцияларга ал азык-түлүк каатчылыгына жана карантиндик чектөөлөргө байланыштуу калк арасында башаламандыктарды уюштуруу аракеттери кирерин айтты.

Буга чейин Батыш маалымат каражаттары дагы чет элдик атайын кызматтарга таянып, Орусия Украинага кол салууга даярданып жатканын жазып, бирок Кремл акыркы чечимди кабыл ала электигин белгилеген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG