Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:31

COVID-19: Орусияда вирустан өлгөндөр рекорддук көрсөткүчкө жетти


21-ноябрга карата Орусияда коронавирус жуктуруп алган 1252 киши каза болду. Бул өлкөдө төртүнчү күн катары менен вирустан каза болгондордун саны рекорддук көрсөткүчкө жеткени кабарлады. Орусиянын статистикасына Москва аннексиялап алган Украинанын Крым аймагындагы учурлар дагы кошулган.

21-ноябрда Орусияда дагы инфекцияны жугузуп алган 36 миң 970 жаңы учур катталган.

Белгилүү адабиятчы, жазуучу жана активист Мариэтта Чудакова 21-ноябрда Москвадагы Коммунарка инфекциялык ооруканасында COVID-19дан көз жумду. Юрий Олеша, Михаил Зощенко, Евгений Замятин сыяктуу жазуучулар тууралуу изилдөөлөрү менен белгилүү болгон окумуштуу 85 жашта болчу. Орусиянын эл артисти Валерий Гаркалин 20-ноябрда 68 жашында Москвада коронавирустан көз жумду.

Расмий маалыматтарга караганда, пандемия башталгандан бери 264 000ден ашуун орусиялык COVID-19дун курмандыгы болду.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG