Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Декабрь, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 11:10

Эмгегинин азабын тарткан, башкалар пайдасын көргөн Бектенов


Зияш Бектенов (1911 – 1994).

Кыргыз коомчулугу ушу тапта Көл кылаасынан чыккан улуттук залкарлардын бири агартуучу, үлкөн илимпоз, котормочу, чечен, негизи жакшы адам, мыкты устат Зияш Бектеновдун кылымдан он жыл ашкан мааракесин белгилеп жатат.

Зияш агайдын өмүр жолу өтө эле оор, татаал болду, чыгармачылык жагына келгенде табият ага берешендик менен берген илимий потенциалынын толук ачылбай калышын ушу азыр өкүнүч менен белгилейбиз. Чыгармачылык иш менен алпурушчу жаштык кезинин төрт жыл ашуунун аскердик турмушка калтырып, андан кайтып келгенден кийин илим изилдөөгө чындап киришер чагында саясий куугунтукка кабылып, беш жылдык өмүрү Караганды саясий абагында калды. Түрмөдөн келгенден кийин кыйла жыл коопсуздук кызматынын көзөмөлүндө жүрдү, илимий ишке аралашуусуна жол берилбеди. Кийинчерээк кыргыз университетинин катардагы окутуучусу болуп жүрдү. Баарынан өкүнүчтүүсү, кыйла көз майын коротуп, мээнет кылган китебинин чыгышын көрбөй калды. Ал китептин пайдасын көргөндөр көп болду, азабын жалгыз өзү тартты.

Антсе да, Зияш Бектеновдун тагдыр жолун кыйла жолдуу экен десе да жарашат. Караганды абагынан жаш кезинен чогуу жүрүп, бирге иштеген жан курбусу Ташым Байжиев кайтпай калды, алышкан оору кыргыздын таланттуу жазуучусун, эл оозеки чыгармачылыгы боюнча саналуу адисин Караганды абагында алып койду. 1950-жылы соттолгон “үчилтиктин” бири, сталиндик жазалоонун соңку толкунуна туш келген Тазабек Саманчиндин тагдыры да оор болду. Абактан бошонуп келгенден кийин ал да өмүрү өткүчө катардагы илимий кызматкерден өйдө көтөрүлбөдү, жазгандары жарыкка чыкпай, тирүү туруп унуткарылды. Ушундай, 1930-жылдары күч алган саясий куугунтуктун курмандыктары тууралуу кеп кылганда талкаланган тагдырлар, армандуу өмүр, жакындарынын көз жашы, арылгыс армандан башка айтылчу сөз жок. 1950-жылдары кантсе да репрессия деми кыйла бошоп калган эле.

Зияш агайдын совет бийлигине жакпай калган айыбы – Сагымбай Орозбаковдон жазылып алынган көлөмдүү вариантты мыкты билгендиги, аны эпостун эң мыктысы деп эсептегендиги, теңдешсиз чыгарманы түшүнүктүү тилде кара сөзгө оодарып койгондугу. Окуу китептеринде буржуазиялык-улутчул эпос тууралуу маалымат берип, үзүндүлөрдү жарыялап койгондугу.

Зияш Бектеновдун “Манаска” кызыгып, аны өмүр бою иликтеп, изилдеп, жайылтууга киришип калышынын себеп-жөнү деле белгилүү. Ал киши манасчылардын өзүнчө бир мектеби түзүлгөн, улуу дастанды күн-түндөп айтчу кайталангыс таланттар чыккан жерде төрөлгөн. Бала кезинен керемет чыгарманын деми, маанайы өкүм сүргөн жердин илебин кан-жанына сиңирип, байыркы доордон келаткан улуттун рухун алып жүргөн. Дүйнөлүк чыгарманы жандуу угуп, аны угарманга узак убакыт айтчу таланттар менен чогуу жүргөн, тааныш болгон. Айтса, алгачкы муун кыргыз интеллигенциясынын алдыңкы өкүлү Касым Тыныстанов кээде курбу-курдаштарынын алдында “Манас” айтчу экен. Зияш агай да “Манастын” керемет саптарынын көбүн жатка айтчу. Ал кишинин эске тутуу жөндөмү, акылынын тунуктугу, сөзмөрлүгү өзүнчө кеп.

Совет бийлиги жаңыдан орноп, анын ыкралына кирген элдер маданий-адабий баалуулуктарын ортого жайып, рухий жаңылануу жолуна түшкөн кезде кыргыз элинин рухий таянычы, кылымдап сактап келген ишеничи, көркөм сөзүнүн бийик чокусу “Манас” болгон. Улуу эпос, укмуштуу жомокчулар эл алдында айкөл баатыр баянын күн-түндөп айтышчу. Жаңы бийлик тушунда эл оозеки чыгармаларын жыйноо иштери активдүү жүргөн. Албетте, техникалык каражаттар жок шартта жалаң кол менен оозеки чыгарманы кагазга түшүрүү кыйынга турган.

Сагымбай манасчыдан эпосту жазып алуу иши 1922-жылы башталып, чоң демилгенин башында Каюм Мифтахов турган. Кара-кыргыз билим комиссиясынын сунушу менен кийин бул ишке Ыбырайым Абдырахманов чегерилген. “Манас” эпосун жазып алуу иши төрт жылга созулган. Ошол төрт жылдын ичинде Сагымбай манасчыны жандап жүрүп айтылуу агартуучу Ыбырайым молдо эпостун биринчи бөлүмүн жазып алган. Көлөмү жагынан опсуз текст – тогуз томдук кол жазма, 250 миңдей сап. Ошол ополтоону эрикпей окуп чыгып, анда баяндалган окуяларды жатка билген адам ал кезде Зияш Бектенов болчу. Ким билет, ошол кездеги тийиштүү жетекчилер “Манас” эпосун жаздырып алууга жакшы шарт түзүп берсе “Манас” эпосу азыркысынан да кенен, көлөмдүү болор беле?! Жашоо-турмуштун оордугунан, анан да жасап жаткан ишине жакшы колдоо таба албаган манасчы өмүрүнүн соңку жылдарын алышкан оору менен гана өткөргөн.

Билгендердин айтуусунда, Сагымбай Орозбаков “Семетей” эпосун мыкты айтчу экен. Чыгарманын экинчи бөлүгү, өкүнүчкө, Сагымбай Орозбаковдун 1926-жылы ооруп калгандыгынан жазылбай калган. Бул эми кыргыз эл оозеки чыгармачылыгын изилдөөчүлөр эстеген сайын көңүлүн эңшертчү өзүнчө арман.

Ошол 30-жылдардын соңунда Зияш Бектенов Фрунзедеги педагогикалык институттун орус тили жана адабияты бөлүмүнө кирген. Жогорку билим алуу абыгерчилигинде жүргөн кезин Зияш агай белгилүү журналист, акын Тенти Орокчиевге берген радиомаегинде минтип эскерген жайы бар:

Биз 1936-жылы пединститутка кирип студент болуп калдык. Мен, Ташым Байжиев жана Касымакун Нанаев үчөөбүз, институттун тил- адабият факультетинен окудук. Анда биз үчөөбүз, калгандары орустар эле. 1937-жылы чоң камак башталып калгандан кийин Калим Рахматулин бизде кыргыз тили жана адабият кафедрасынын башчысы болуп иштечү. Биз үчөөбүз тең бир чети студентпиз, бир чети мугалимбиз. Күндүз төрт жылдыктан окуп, түштөн кийин эки жылдыкка сабак беребиз. Орус группаларына Нанаев кыргыз тилин берет. Күндөрдүн биринде кафедрада жүрсөк Калим Рахматулин бизге кайрылып:

"Ой, мына мен кыргыз адабияты, кыргыз фольклорунан лекция окуганда “Манастан” эч бир мисал келтирип, аны пайдалана албаганыма аябай кыйналып жүрөм. Ал эми “Манастын” Сагымбай Орозбаковдун оозунан жазылган толук вариантынын кол жазмасы тогуз килейген том болуп темир жащикте турат. Араб тамгасында жазылган ошону пайдалана албай жатабыз. Ушуну алып анын мазмунун баштан-аяк кара сөзгө айландырып чыкпайсыңарбы? Иштеп чыксаңар, мен аны пайдаланып студенттерге лекция окуймун. Бул азырынча мага жардам болсо, кийин басылып чыгып калса өзүңөргө да эмгек катары бааланышы ыктымал",- деди.

Агартуучу, илимпоздун тагдыр жолундагы бурулуш ошол кеп-кеңештен башталган. Анын үстүнө ал кезде “Манас” эпосун орус тилине которуу, аны жалпы союздук окурмандардын маданий энчисине айлантуу аракети күчөй баштаган. Өзү кызыгып жүргөн ишке Калим Рахматулиндин сунушу себепкер болуп Зияш агай Сагымбайдын “Манасын” 1938-жылы кара сөзгө оодарып берген. Опсуз көлөмдүү чыгарманын сюжети, каармандары, композициялык түзүлүшү, эң негизгиси, баатырдык эпостун негизин түзгөн окуялар кара сөз баянда толук камтылып, эпостун атын угуп тексти менен тааныш эместерге керектүү эмгек жаралган.

Кол жазма эмгегин убагында бүтүрүп, анан окуусун аяктаган сон Зияш агай 1940-жылы Пржевальскидеги мугалимдер институтунун директорунун орун басары болуп дайындалат. Кийин согуш башталып 1942-жылдын майында аскерге чакырылып кан майданга кеткен. Зияш агайдын кызынын эскерүүсүнө караганда, ал киши Иранда турган советтик аскерлердин катарында кызмат өтөгөн.

Анан 1946-жылдын 4-январында Фрунзеге келсе “Манастын” кара сөзгө айландырылган вариантын Айсулуу Валитова деген аял орус тилине которуп, “аны он беш нускада машинкага бастырып”, ошол учурда Фрунзеде иштеп жүргөн белгилүү окумуштууларга таратып берген экен.

“Кол жазма” китеп окумуштуулардын баарына жагат. Сагымбай Орозбаков айткан “Манас” эпосунун эң мыкты вариантында кандай окуялар камтылганын тарыхчы, профессор Александр Бернштам, белгилүү филолог окумуштуу Павел Берков, ошол эле ленинграддык академик Виктор Жирмунский, этнограф-тарыхчы Саул Абрамзондор таанышат. Мына ошол окумуштуулардын аракети, демилгеси менен “кол жазма” эмгекти өзүнчө китеп кылып чыгаруу, “Манас” эпосун жыйноо, аны кыргыз-орус тилдеринде жарыялоо ишин колго алуу демилгеси көтөрүлөт.

Зияш агайдын ырасташынча, ”Манастын” кара сөзгө көчүрүлгөн вариантынан кийин эпостун 1100 жылдыгын өткөрүү маселеси чыгат. Эмнеликтен эпостун 1100 жылдыгы өткөрүлүшу керектиги байыркы кыргыз мамлекетинин уйгурлар менен 20 жылдык урушу, уйгурлардын аскерин талкалап жеңишке жетишүүсү, уйгурлардын Бейпин деген борбордук калаасын ээлегени негиз болуп берген.

Эпостун жаралышын минтип белгилүү бир убакка, учурга байланыштыруу, албетте, шарттуу экени эч кимге талаш туудурбас. Элдик эпостун генеалогиясы тээ архаикалык доордон башталып, жүрө-жүрө баатырдык заманга келери, узак сапарында элдик эпос тарыхый ири окуялардын кыйласын өзүнө сиңирип, мазмуну байып, масштабы кеңейе берери талашсыз го.

Экинчи дүйнөлүк согуш башталарга жакын совет өлкөсүнө канабайрам салып, эчен күнөөсүз шордууларды жок кылып, канчасын камап, сүргүнгө айдап, эл оозеки чыгармачылыгына идеологиялык көз караштан чыгып чектеп койгон совет өкмөтү башына каранкүн түшүп, согуш шаар-кыштактарын талкалап, айласын кетирип атканда байыркы баатырларды, элдин аң-сезимине бекем орун-очок алып калган баатырларды, тарыхый инсандарды даңктоого чакырык таштап, өткөндү таптакыр жерүү саясаты убактылуу токтотулган. Согуштан кийин бул ишке сталинчилер дагы кайрылып, кайрадан “буржуазиячыл улутчулдук”, “космополитизмге” каршы туруу туусу көтөрүлүп, кайрадан “эл душмандарын” жазалоо өнөктүгү башталды. Большевиктик бийликтин кылычы бул ирет “Манас” эпосуна, болгондо да Сагымбай Орозбаковдон жазылып алынган вариантка каршы шилтенди. Пантүркчүл, панисламчыл деген тикенектей заар айыптар тагылды. Китеп болуп чыга элек вариантты кара сөзгө Зияш Бектенов көчүргөн.

Зияш агай кол жазмада кандай айтылса ошонун баарын кара сөзгө көчүргөн эмес. Илимий, андан да маанилүү идеологиялык деген шарт-талаптарды эсинен чыгарган эмес. Жогоруда белгилеген радиомаекте ал өзү кандай иш жасаганын мындайча түшүндүргөн:

“Мурдатан анча-мынча тааныш вариантын алып, баштан-аяк окуп чыккан соң, албетте, көп жерлерин кыскарткан жерлерим да болду. Иши кылып, “Манастын” мазмунун түзүп чыктым да. Мен анда көбүнчө баатырлардын элесин, алардын кебете-кешпирин, кийген кийимин, минген атын, жарак-жабдыгын, ачык-айрым, көркөм сүрөттөгөн жерлерин көбүнчө үзүндүлөр келтирип, бир окуяны экинчилери менен байланыштырып жазып чыктым. Манастын туула элек кезинен тартып анын каза болгонуна чейинки окуя камтылып иштелди да. Ошону окуп алышып жогоруда аттары саналып өткөн окумуштуулар кызыгып калышкан экен да”.

Негизи “Манастын” Сагымбай айткан вариантын кара сөзгө көчүрүү, эпостун ошо кезге чейин кагазга түшүрүлгөн толук, көлөмдүү нускасын элге тааныштыруу ишине ал баары бир кайрылмак. Себеп дегенде, 1935-жылы Фрунзеде “Манас” эпосуна арналган жыйын өтүп, анда “Манас” эпосун жарыялоо сунушу айтылган. Ири окумуштуулар, илимпоздор, маданият кызматкерлери катышкан ошол чогулушта Мухтар Ауэзов, профессор Евгений Поливановдор сүйлөгөн. Айтылуу чыгыш таануучу профессор Евгений Поливанов “Манасты” орус тилине которуу ишине киришип, анын принциптерин иштеп чыккан. Бул жагынан алганда, Зияш агайдын Сагымбайдын варианты боюнча жазган кара сөз баяны келечекте иштеле турган ири илимий эмгектин башталышы, текстке киришүүсү болчу.

Ыр менен баяндалган чыгарманы кара сөзгө көчүрүүнүн өзгөчөлүгү, өзүнө жараша кыйынчылыгы бар.

“Сагымбайдын “Манасын” кара сөзгө айландырууда баштан-аяк манасчынын айтуусу боюнча чыпчыргасын коротпой кагазга түшүрдүм деп айтуудан алысмын. Чын-чынында ошол “Манастын” өзүндө да кайталанган жерлер көп экен. Ошол кайталанган жерлер кыскартылды”,- деп белгилеген Зияш агай жогоруда белгиленген радиомаегинде.

1943-жылы Кыргызстанда СССР Илимдер академиясынын Кыргызстандагы филиалы ачылып, илимпоздор арасында окумуштуулук даражаны коргогондор чыга баштаган. Согуштан кайтып келгенден кийин Зияш агай илимий ишин улантып, окумуштуулук даражага жетүү аракетине киришет. Бирок, республика жетекчилиги ага окуу китебин жазуу тапшырмасын берет.

1933-жылы анын Ташым Байжиев менен биргелешип жазган 3– 4-класстар үчүн “Эне тил” китеби мыкты окуулук катары бааланган. Ал китептин биринчи редактору Касым Тыныстанов болгон. 1949-жылы Зияш агай Ташим Байжиев менен биргелешип кезектеги окуу китебин, 8-класстар үчүн “Кыргыз адабиятын” чыгарышкан.

Ошол эле учурда кыргыз илимпоздору менен жазуучуларынын аракети менен “Манас” үчилтигин чыгаруу, орус тилине которуу иштери башталган. Зияш агай эпостун жыйынтыктоочу бөлүгү “Сейтек” эпосун түзгөн. Иш кызуу жүрүп, жаңы жазылган окуу китеби министрлик сыйлыгына арзып, түзгөн китептери окумуштуулардын мактоосуна арзып турган учурда өлкөнү буржуазиялык улутчулдукка, космополиттик жүгүнүүчүлүккө каршы сталиндик репрессиянын кезектеги толкуну каптап, Кыргызстандан үч окумуштуу репрессия кайырмагына илинген: Ташым Байжиев, Зияш Бектенов, Тазабек Саманчин.

Үчөөнө тең буржуазиялык улутчулдук, партүркчүл, панисламчыл “Манас” эпосун жайылтуучулар катары айып коюлуп, он жылга эркинен ажыратылып, Карагандыдагы эмгек түзөтүү лагерине жөнөтүлгөн. Ал жерде Ташым Байжиевдин оорусу күчөп, абактан жерине кайта албай калды.

Беш жыл ашуун түрмөдө отуруп, Сталин өлгөндөн кийин жерине кайтып келген Зияш агай дагы беш жыл үй камагында отуруп, 1956-жылы толук акталган соң гана өз кесибинде иштөө мүмкүнчүлүгүн алган. Ал жазган “Манастын” кара сөзүн эстеген киши аз, а бирок анын негизинде операга либретто жазгандар, орусча котормосун пайдаланып чыгарма жаратып салгандар, бул ишти ким биринчи баштаганын оозанбай, дастандын кара сөзүн жазгандар кийин чыкты.

Кол жазма китебинин тагдырына кызыккан киши болбогонуна арман кылып, 1994-жылы Зияш агай да бул жалганды таштап кете берди. Зияш агайдын "Манастын" кара сөз баяндамасы эки ирет Кыргыз улуттук илимдер академиясы тарабынан академик Абдылдажан Акматалиевдин редакциясы астында чыгарылды.

Ал киши 1911-жылы Түптүн Кең-Суу айылында төрөлгөн, атасы Бектен элге кадырлуу, кесиби боюнча доктур-фельдшер болгон. Бирок ал ата-энесинен 1916-жылкы Үркүндө ажырап, жетимдиктин оор азабын көрүп эрезеге жеткен. Кыргыздын алгачкы муун интеллигенциясынын көбүнүн өмүр баяны ушундай. Үркүн оголе көп адамды жалмаган.

  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, тилчи жана котормочу. Бир нече китептин автору. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG