Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Декабрь, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 10:18

Түрк тилдүү мамлекеттер: орток мурас жазуудагы келишпестик


Иллюстрациялык сүрөт. "Жалпы Түрк тарыхы" окуу китеби.

Өткөн апта соңунда Стамбул шаарында Түрк кеңешине мүчө өлкө башчыларынын сегизинчи саммити өтүп, кеңешти мындан ары "Түрк мамлекеттер уюму" деп атоо чечими кабыл алынды. Самиттин жыйынтыгында, өлкө башчылары "Түрк дүйнөсүнүн көз карашы – 2040" стратегиялык документине кол коюп, бардык тармактарда кызматташтыкты күчөтүүнү убадалашты.

Мунун алдында эле, 3-4-ноябрда Түркиянын Стамбул шаарында түрк тилдүү мамлекеттердин билим берүү министрлери жана окумуштуулар катышкан жыйын өттү. Анда “Жалпы түрк тарыхы”, “Жалпы түрк адабияты” жана “Түрк дүйнөсүнүн географиясы” окуу китептеринин долбоорлору талкууланды. Кыргыз тарап көптөн бери эле окуу китеп долбоорлорун оңдоо, жакшыртуу жаатында бир катар олуттуу талаптарын билдирип келүүдө.

Бул маселени Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинен географ, профессор Тургунбек Ниязов жана белгилүү тарыхчы окумуштуу Кыяз Молдокасымов менен талкуулайбыз.

- Тургунбек агай, Стамбулдагы жыйынга катышып келдиңиз, ошондуктан суроону сизден баштасак. Алды менен түрк тилдүү мамлекеттер үчүн жазылып жаткан орток окуу китептери тууралуу окурмандарга түшүндүрмө бере кетсеңиз. Себеби, окумуштуулар чөйрөсүнө белгилүү болгону менен бул эмне болгон окуу китептери экенин коомчулук көп биле бербейт.

Тургунбек Ниязов: Мен география боюнча айтайын. Географтар 2000-жылдардан баштап муну активдүү талкуулап баштады. Башында Казакстанда “Түрк тилдүү элдердин географиясы” деп окуу китеби чыккан. Өздөрү үчүн эле чыгарышкан. Ошентип талкууга түшүп, кемчиликтери айтылды. Ал жогорку окуу жайлары үчүн деп, ошонун базасында эле түзүлгөн экен. Кийин факультативдик окуу каражаты катары сунуш болду. Бирок анда справочник материалдардан алып эле мамлекеттердин статисткаларын жазып коюшкан. Талкууда анан түрк дүйнөсү деп башталды. Мен дагы эксперт катары кирип калдым. Түркиядан келишти, семинарлар уюштурулду. Биринчи программа түздүк, мектепке факультативдик окуу каражаты катары сунушталган. Андан кийин программанын негизинде китеп чыгып калыптыр. Бирок тексти бизди канааттандырган жок. Анткени Кыргызстандын айрым жер-суу аталыштары туура эмес жазылып калган экен.

Тургунбек Ниязов
Тургунбек Ниязов

Биз ага эскертүү жасап, түзөтүү киргизүү боюнча сунуштарды жазып бергенбиз. Анан оңдолду деген жооп келген. Кийин Түркияга кетердин алдында дагы бир китеп чыгара коюшуптур. Биздин макул болбогон жагыбыз аталыштар болду. Мисалы, кээ бир жерлерде “Алатау” болуп кеткен. Анан биз “Манастын географиясы” деп сунуштаган элек. Ал да кирбей калыптыр.

- Ошондо кыргызстандык географтар каршы болуп жаткан маселелер кайсылар?

Тургунбек Ниязов: Китепке каршы эмеспиз. Бул керек дедик. Бирок өз алдынча эле кетпей, нормативдик документтер бар да. Ошого ылайыкташтыруу керек. Жалпы жанагы аталыштардан ката кетип жатат.

- “Манастын географиясы” дегенди түшүндүрө кетсеңиз?

Тургунбек Ниязов: Муну Садыбакас Өмүрзаков деген географ жазган. Анан ошонун базасында карта чийгенбиз. Дүйнөдөгү “Манас” деген жер-суу аталыштарын баары киргизилген.

- Кыяз агай, эми тарых боюнча сурайын. Башынан эле кыргызстандык тарыхчы окумуштуулар китептин долбоору менен таанышкандан кийин оңдоп, түзөтүүлөрдү киргизүү керек деген позицияда келе жатат. Буга чейин кесиптешиңиз, белгилүү тарыхчы, окумуштуу Тынчтыкбек Чоротегин дагы ушул тууралуу макала жазды. Сиздер макул болбогон жагы эмнеде?

Кыяз Молдокасымов: Мен дагы биринчи мунун тарыхына токтоло кетейин. Бул орток түрк тарыхын жазуу демилгеси 1992-жылы башталган. Ошондо жалпы түрк тарыхын жазуу маселеси түрк тилдүү мамлекеттердин жыйынында каралып, декларация кабыл алынган. Андан кийин Билим берүү министрликтери орток түрк тарыхын лицейлерде жана орто мектептерде окутуу боюнча атайын келишим түзгөн. 1994-95-жылдары программалар түзүлүп, биз тарыхчылардан Тынчтыкбек Чоротегин экөөбүз Анкарага барып, орток түрк тарыхын жазууга катышканбыз. Бирок ошол мезгилде айрым бир республикалар буга каршылыгын, нааразылыгын билдирип, китеп чыкпай калган.

Кыяз Молдокасымов
Кыяз Молдокасымов

Андан кийин 2012-жылы Бишкекте өткөн Түрк кеңешинин саммитинде кайрадан маселе көтөрүлдү. Түрк академиясы уюшулуп, бул маселе боюнча 2014-жылдан баштап активдүү иш баштады.

- Демек, бул узак жылдан бери талкууланып келе жаткан турбайбы?

Кыяз Молдокасымов: Ооба, 2014-жылы алгачкы тарых окуу китеби дагы чыккан. Алгачкы китептин долбоору - “Жалпы Түрк Тарыхы” окуу китеби Дархан Кыдырали (учурдагы Эл аралык Түрк академиясынын президенти, казакстандык тарыхчы) жана Гайбулла Бабаяровдун (өзбекстандык тарыхчы, нумизматика адиси) авторлугу менен чыккан. Анда китептин башында эле “Казакстан Республикасынын биринчи президенти Нурсултан Абишевич Назарбаевдин демилгеси менен даярдалган” деп жазылган. Жарык көргөндөн баштап эле китептин мүчүлүштүктөрүн айтканбыз.

Ачыгын айтканда, кыргыз тарыхчыларынын, Кыргызстандын Билим берүү министрлигинин сунуштарын эске албай коюшкан. Мисалы, китептин алгачкы вариантында Барсбек тууралуу, Улуу кыргыз дөөлөтү тууралуу, “Манас” эпосуна дагы көңүл бурулган эмес. Кыргыз тарыхчылары сунуш кылган жагдайлар эске алынбай калган. 2014-жылдан баштап бул баш оору улам-улам козголуп келди. 2017-жылга чейин биздин Билим берүү министрлиги, тарыхчылар тарабынан айтылган сунуштар жарым-жартылай гана эске алынды. Айрым түзөтүүлөр кирди. Биз “Нурсултан Абишевич Назарбаевдин демилгеси менен” дегенди алып салгыла дегенбиз. Ошону эске алып, аны алып коюшту. Себеби, бул демилге Бишкекте өткөн Түрк кеңешинин саммитинде кабыл алынган. Бул жерде жалпы эле кыргыз жазмасына көңүл бурулган эмес. Ошентип биз китептин ушул түрдө чыгышына каршы болдук.

2017-жылы жаңы шайланган президент Сооронбай Жээнбековго Эл аралык Түрк академиясынын президенти Дархан Кыдырали менен ошол жерде иштеген биздин Кадыралы Коңкобаев агабыз кирип, “Азербайжанда декабрда жыйын болот, ошол жерде орток түрк тарыхын кабыл алышыбыз керек. Бир мамлекет каршы болсо, кабыл алынбай калат экен” деп башкача маалымат берип койгон. Анан президенттик аппарат бизди “эмне себептен каршы чыгып, ишти кармап жатасыңар” дегенге чейин барган. Биз ошондой айтканбыз, “Мындай демитип, президентке арызданып, кыргыз тарыхчыларын макул кыла албайсыңар. Андан көрө биздин пикирлерди эске алып, жалпы оңдоп, бир пикирге келип, орток түрк тарыхын басалы” дегенбиз.

"Жалпы Түрк тарыхы" окуу китебинин мукабасы. Баку, 2019.
"Жалпы Түрк тарыхы" окуу китебинин мукабасы. Баку, 2019.

Биздин бекем позициябыздын натыйжасында Кыргызстан бул китепке макулдук берген жок. Ошентип, 2019-жылдан баштап бул маселе туруп калды. 2021-жылдын 3-4-ноябрында Түркиянын Стамбул шаарында өткөрүлгөн жыйында Тынчтыкбек Чоротегин кайрадан маселе көтөрдү. “Биздин сунуштарды жарым-жартылай гана эске алыпсыңар. Биз айткан сунуштар кирбесе, макул эмеспиз. Андан көрө кадыр-барктуу редакциялык кеңеш түзүлүп, кайрадан каралсын” деген сунуш берди. Биз бул көз карашыбыздан кайтпайбыз. Атайын редкеңеш кайрадан карап чыгып, кыргыз тараптын сунуштары орток түрк тарыхына киргенден кийин гана китептин чыгышына макул болобуз.

-Кыргыз тарыхчыларынын сунуштары боюнча айта кетпейсизби?

Кыяз Молдокасымов: Биздин “Мурас” фондубуз Байыркы Кытай тарыхын изилдөө институту менен келишим түзүп, иштеп баштаганда эле бээжиндик профессор Ю Тайшандын ачылышы болду. Ал байыркы кытай жазмаларына таянып, “кыргыз” деген аталыштын кезиккенине 3 миң жыл болгону тууралуу иликтөөсүн жарыялады. Ушул маалыматты киргизүүнү 2019-жылдан тартып сунуштап келе жатабыз.

Андан кийинки доордогу кыргыздын руна сымал жазмасын жалпы эле орхон жазмасы менен аралаштырып, кыргыз жазмасы бар экени эске алынган эмес. Ушундай калпыстыктар айтыла берсе, бир топ. Андан кийин мына, XVI кылымда “Жети-Суу чөлкөмү Казак хандыгынын курамына кирген” деп койгон. Ушундай жагдайлар эске алынышы зарыл. Ар бир мамлекеттин тарыхчылары макул болгондон кийин гана китепти чыгарууга мүмкүн.

- Тургунбек агай, Стамбулдагы жыйында “кыргыз тараптын пикири каралсын, Эл аралык орток редакциялык кеңеш түзүлсүн” деген чечим болгон турбайбы. Дагы кандай кеп-сөз айтылды?

Тургунбек Ниязов: Кийинки материалды мага жибергенде китептерде “наднациональный” деп коюптур. Мага орусча келген да. Андай болбойт дедик. Анан дагы бир маселе көтөрүлдү – китепти окуу куралы дептир. Жок, ал окуу куралы боло албайт. Биздин министрликтин программасында жок. Бул мугалимге жардам, факультативдик окуу каражат катары мектепке сунуштасак болот дедик. Албетте, айтылган пикирлер эске алынып, оңдолуп чыкса. Кийинки жыйынга жарым жылдан кийин чогула турган болдук.

- Азыр болбосо дагы келечегинде окуу куралы болот деп жатасыңарбы ошондо?

Тургунбек Ниязов: Мугалимге жардам иретиндеги гана окуу куралы дедик. Факультативдик окуу каражат катары гана сунуштадык.

- Орток окуу куралдары боюнча үстүртөн кабары бар кишилер тарыхый фактылар бурмаланып же башка өлкөлөрдүн кызыкчылыгындагы иш болуп кетпейби деген да чочулоосун жазып жатышат. Мындай чочулоого негиз барбы?

Кыяз Молдокасымов: Тарых жазылып жатканда үстөмдүк болбош керек. Ар бир элге канча тема бөлүнөт, баары тең укукта, бирдей көлөмдө кириши керек. Анда эң негизги тарыхы орун алышы керек. Муну биз 1995-жылы эле айтып, бирдей программа түзгөнбүз. Ошондо эле каршы чыккандар болгон. "Биз империя түзгөн эл болсок" дегендер болду. Бул маселеде азыр деле тымызын үстөмдүк кылуу аракети жок эмес. Биз баарына бирдей караганда гана чыныгы тарых жазылат. Анан тарых китеби деле окуу куралы катары эсептелбейт. Бизде тарых сабагын окутуунун стандарты бар. "Ата мекендик тарых", "Дүйнөлүк тарых" деп окутулат. Орток түрк тарыхын кошумча окутканга пайдаланса болот.

Тургунбек Ниязов: Кайсыл мектеп, кайсыл окуу жай кааласа, кошумча окутса болот. Түркияда ошондой практика болуп жатыптыр.

- Ушундай окуу китебин чыгаруу канчалык зарыл?

Тургунбек Ниязов: Бул керек, баарына тең эле керек деп жатабыз.

- Орток маданият, адабият, тарых жөнүндө сөз кылганда, кайсыл бир тарыхый инсанды же эмгекти өзүнө ыйгаруу, тарыхты бурмалоо, аша чаап кетүү сыяктуу көрүнүштөр көп талаш жаратат. Орток окуу куралдары мындайга канчалык чекит коё алат? Орток пикир табылабы?

Кыяз Молдокасымов: Биз башынан эле ушул маселени катуу көтөрүп келе жатабыз. Азыр эми географиялык жактан бөлүнүп калганда, мурдакы Борбор Азиядагы Ислам ренессансына өзгөчө салым кошкон орто кылымдагы окумуштуулар, мейли ал-Фараби болобу, Махмуд Кашгари, Бируни болобу, буларды ошол аймакта төрөлдү деп, өзүнө ыйгарып алганга аракеттер көп. Бул ошол чөлкөмдөгү бардык элге тиешелүү орток тарыхый инсандар. Бул жалпы түрк дүйнөсүнө тиешелүү деп каралышы керек.

Мисалы, биз быйыл 1270 жыл болгон "Атлах" салгылашуусун орток түрк тарыхына киргизгиле деп, улам айтып келебиз. Бул 751-жылы Таластагы чоң бир цивилизациялардын ортосундагы, ошол мезгилдеги дүйнөлүк 10 чоң салгылашуулардын бирине кирген согуш. Муну азыр орток тарых китебине киргизүүдөн баш тартып жатышат. Мына ушуга окшогон тарыхый окуялар бир эле кыргызга тиешелүү дебей, башка дагы түрк тилдүү тарыхчылар биргеликте изилдейли деп сунуш кылып келе жатабыз.

Талкуунун аудиосун толугу менен бул жерден угуңуз:
Түрк тилдүү мамлекеттер эске албаган орток мурас
please wait

No media source currently available

0:00 0:24:13 0:00

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG