Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Декабрь, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 01:05

Жалпы түрк тарыхы окуу китебин жакшыртуу – орток озуйпа


"Жалпы Түрк тарыхы" окуу китебинин мукабасы. Баку, 2019.

Кыргызстан айрым түрк тилдүү мамлекеттер үчүн жазылып жаткан “Жалпы түрк тарыхы” окуу китебинин долбоорун жакшыртуу маселесин Түрк Кеңешине мүчө өлкөлөрдүн билим берүү министрликтеринин жыйынында козгоду.

Быйыл ноябрдын 3-4төрүндө Стамбул шаарында Түрк Кеңешине (бул уюм 12-ноябрдан тартып “Түрк мамлекеттер уюму” деп аталып калды) мүчө өлкөлөрдүн билим берүү министрликтеринин өкүлдөрү өткөргөн бир нече отурумдун алкагында “Жалпы түрк тарыхы” окуу китебинин долбоорун жакшыртуу маселеси да каралды. Бул отурумдарга адис катары катышкан тарыхчы, Ж.Баласагын атындагы КУУнун профессору Тынчтыкбек Чоротегин өз ою менен бөлүшөт.

"Жалпы Түрк тарыхы" окуу китебинин акыркы бетиндеги библиографиялык маалымат (азербайжанча). 2019.
"Жалпы Түрк тарыхы" окуу китебинин акыркы бетиндеги библиографиялык маалымат (азербайжанча). 2019.

Алгы сөз

“Орток түрк тарыхы” окуу китебин жазуу – күндүн талабы экендигин алгачкы сүйлөмдө эле баса белгилей кетмекчибиз.

2021-жылдын 3-4-ноябрларында Түркиянын ири шаары Стамбулда өткөрүлгөн куйрук улаш отурумдарга Түрк Кеңешине мүчө өлкөлөрдүн билим берүү министрликтеринин министрлери, жооптуу өкүлдөрү, адистер жана Түрк Кеңешинин, Түркиянын Жогорку билим берүү коомунун (Yükseköğretim Kurulu) жана Өзбекстандын билим берүү министрлигинин өкүлдөрү да катышты.

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Болотбек Купешов мырзанын 4-ноябрдагы Эл аралык Түрк академиясынын Илимий кеңешинин IV отурумунда сүйлөгөн сөзүнөн үзүндү келтирелик:

“Кыргызстан жалпы түрк тарыхы, жалпы түрк адабияты, түрк дүйнөсүнүн географиясы боюнча окуу китептерин иштеп чыгууну жана басып чыгарууну колдойт... Кечээ (3-ноябрда) Түрк Кеңешинин министрликтеринин жооптуу жетекчилеринин жана эксперттеринин жыйынында «Жалпы түрк тарыхы», «Жалпы түрк адабияты» жана «Түрк дүйнөсүнүн географиясы» окуу китептеринин долбоорлорун биротоло илимий деңгээлде жакшыртуу максатында Түрк Кеңешине мүчө өлкөлөрдүн адистеринен турган редакциялык кеңешти түзүү жана жолугушууларды уюштуруу боюнча кыргыз тараптын сунуштары да камтылганы кубандырат”.

Бул сөздөрдү чечмелесек, демек, Кыргызстан да “Жалпы түрк тарыхы” китебин жазуу аракеттерин толук колдойт, расмий Бишкектин бир гана өтүнүчү – бул китептин долбоорундагы айрым кемчиликтерди жоюу жана окуу китеп долбоорунун текстин жакшыртуу максатында анын авторлору жана Эл аралык Түрк академиясы эл аралык адистердин, анын ичинде Кыргызстандын тарых адистеринин да жүйөөлүү пикирлерин эске алуусу абзел.

Ошол эле отурумдарда Түркия тарабы да бул жаатта Бишкекке өз колдоосун билдирип, орток окуу китептериндеги өксүктөрдү жоюу боюнча Түрк Кеңешине кирген өлкөлөрдөн жана Өзбекстандын өкүлдөрүнөн куралган атайын эл аралык адистердин семинарын өз аймагында өткөрүү сунушун билдирди.

Ошентип, буга чейинки даярдалган “Жалпы түрк тарыхы” окуу китебинин долбоорун өксүктөрүнө карабастан дүңүнөн кабыл алдырып салуу далаалаты өтпөй калды.

Эсимде, 2017–2018-жылдары кыргызстандык түрколог Кадыралы Конкобаев агайыбыз мага жана “Мурас” фондунун башчысы Кыяс Молдокасымовго жолугуп, бул китептин долбоорун дүңүнөн жактыра берүүнү колдоп бергиле, ал эми анча-мынча өксүктөрү бара-бара жоюлат, деп улуу башын кичүү кылып өтүнгөн эле.

Биз ал кездеги жүйөөлөрүбүздү дааналап көрсөткөн соң, Эл аралык Түрк академиясы менен кызматташып жаткан Кадыралы агайыбыз биздин принциптүү каршылык кылган жактарыбызды дурус эле аңдагандай болгон. Ал эми сын пикирлерибиз факттарга гана негизденген. Ал эми Кадыралы агайдын санааркоолорун түшүнүү менен кабыл алганбыз.

Кыргыз тарап эч качан бул орток демилгеге каршы болбогондугун ушул макалабызда да тастыктап жатканыбыздын кыртышын чечмелейли.

Артка кылчайсак, Кыргызстан тарап 1992-жылдан бери (бул өлкөдө канча ирет элдик ыңкылап өткөнүнө карабастан) “Жалпы түрк тарыхы” китебин жазуу идеясын ырааттуу колдоп келет. Ал түгүл бул идея алгачкы ирет 1992-жылы Бишкек декларациясын кабыл алган Түрк тилдүү өлкөлөрдүн билим берүү министрлеринин отурумунда шардана кылынгандыгын, андан соң Түркияда президенттердин 1992-жылдын октябрындагы саммитинде биротоло тастыкталгандыгын да айта кетүү ашыкча болбос.

1993–95-жылдары Түркияда лицейлер жана орто мектептердин жогорку класстары үчүн “Жалпы түрк тарыхы” окуу китебин даярдоо аракеттеринин алгачкы баскычы жүзөгө ашырылган.

“Орток түрк адабияты” боюнча окуу китеби жарык көрүп, ал эми тарых жаатындагы орток китеп долбоору Түркмөнстан менен Өзбекстандын айрым маселелер боюнча кайчы турумдарынан улам жарык көрбөй калган.

Эл аралык Түрк академиясы да белгилеп жүргөндөй, 2012-жылдын 23-августунда Кыргызстандын борбору Бишкек шаарында Түрк Кеңешинин II саммитинде Түрк Кеңешине мүчө мамлекеттердин (Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан жана Түркия) мамлекет башчыларынын жолугушуусунда орто мектептерде «Жалпы түрк тарыхы» сабагын окутуу жөнүндө биргелешкен чечим кабыл алынган.

Бул чечим 2013-жылдын 16-августунда Габала жергесинде (Азербайжан) жана 2014-жылдын 5-июнунда Бодрум жергесинде (Түркия) өткөн Түрк Кеңешинин саммиттеринде бекитилген.

2013–2017-жылдары Казакстанда орток түрк тарыхы окуу китебин түзүүнүн методологиясы жана усулдары жаатында бир катар кеңешмелер өтүп, ага Кыргызстандын адистери да жандуу катышкан.

Жогоруда айтылгандарга байланыштуу Кыргызстан тарабы Эл аралык Түрк академиясынын орток тарых жаатындагы окуу китебинин Кыргызстанга жиберген алгачкы долбоорунун титулдук барагындагы (бул окуу китеби) “Казакстан Республикасынын биринчи Президенти Нурсултан Абишевич Назарбаевдин демилгеси менен даярдалган” деген сүйлөмдү “Түрк Кеңешинин Мамлекет башчыларынын чечими менен даярдалган”, деп оңдоп көрсөтүүнү сунуштагандыгы да эсибизде.

Профессор Дархан Кыдырали. Нур-Султан шаары. Булак: TWESCO. 21.2.2020.
Профессор Дархан Кыдырали. Нур-Султан шаары. Булак: TWESCO. 21.2.2020.

Айрым жылыштар

Эл аралык Түрк академиясы 2019-жылдан бери Кыргызстан Билим берүү жана илим министрлигине Кыргызстан тараптын сын пикирлерине карата эч кандай расмий жообун билдирбегендигин быйыл 3-ноябрда бул министрликтин кызматкери Кылым Сыдыкназарова айым Стамбулдагы отурумда ачык айтты. Ал эми министрликтин эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы Айзаада Апышевага Эл аралык Түрк академиясы 2021-жылы 1-ноябрда жиберген окуу китептин долбоорунун pdf варианты 2017-жылга таандык эски эле сомоло вариант болуп чыкты (!)

Кудай жалгап, 3-ноябрда биз Азербайжан Билим берүү министрлигинен ушул окуу китеп долбоорунун 2021-жылы Баку шаарындагы “Aspoligraf LTD” басмасы жана “Şәrq-Qәrb” басмаканасы тарабынан 309 нускада жарык көргөн орусча вариантынын бир нускасын сурап алдык.

Бакуда чыккан китептин библиографиялык маалыматы: Кыдырали Д., Бабаяров Г. Общая тюркская история: С древнейших времен до XV века: Учебник по факультативному предмету для 8-го класса. – Баку, 2019. – 160 стр. – © The International Turkic Academy, 2019. (Китептин эч бир жеринде анын ISBN номуру көрсөтүлбөгөн экен).

Бакулук кесиптешибизден алынган бул нускага таянып, биз “Жалпы Түрк Тарыхы” окуу китебинин авторлору Дархан Кыдырали (учурдагы Эл аралык Түрк академиясынын президенти, казакстандык тарыхчы) жана Гайбулла Бабаяров (өзбекстандык тарыхчы, нумизматика адиси) мырзаларга Кыргызстан тарабынын мурда жөнөткөн бир катар сын пикирлерин эске алгандыгы үчүн терең ыраазычылык билдиребиз.

Маселен, китептин эң алгачкы вариантында “Аккад жазма булактарында айтылган жана бир катар илимпоздордун пикири боюнча б.з.ч. III-II миң жылдыкта Урмия көлүнүн аймагында жашаган Турукки же Турук эли түрктөргө таандык болушу мүмкүн деген көз караш бар” деген сыяктуу такталбаган жоромолдор китептин соңку долбоорунан алынып салынган.

Ошондой эле, соңку долбоордо Кыргыз каганатынын тарыхына жана башка тарыхый окуяларга байланыштуу айрым түзөтүүлөр киргизилген; мисалы, Түркиянын Изник шаарындагы Кыргыз жоокерлерине багышталган күмбөз делген орто кылымдык курулуштун сүрөтү камтылган.

Китептин алгачкы долбоорлорундагы тарыхый карталардагы бир катар мүчүлүштүктөр жоюлгандыгы да канааттандырарлык (тактап айтсак, бир картада “Атлантика океанынын” аталышынын ордуна мурда “Тынч океан” деп жазылган ката оңдолгон, ал эми “Балхаш көлү” сөзү картанын эки жеринде жазылып калган, ж.б. учурлар да оңдолгон).

Китепте кызыктуу тарыхый даректердин, эстеликтердин, тарыхый инсандардын сүрөттөрүнүн, маданий, спорттук жана башка салттарга байланыштуу темалардын чагылдырылышы да кыйла жакшырган. Алар жаш муундарга сүрөт аркылуу тарыхый мурас жаатында элестүү маалымат тартуулашат.

Махмуд Кашгари Барсканинин элесинин шарттуу боёк сүрөтү. Автор –– Ибрагим Бакиров. 24.5.2020.
Махмуд Кашгари Барсканинин элесинин шарттуу боёк сүрөтү. Автор –– Ибрагим Бакиров. 24.5.2020.

Бир катар өксүктөр

Бул жакшы жышааналарга карабастан, Кыргызстан тарабы “Жалпы түрк тарыхы” окуу китебинин соңку долбоорунда кыргызстандык адистер көрсөткөн айрым кемчиликтер дагы эле кала берип жаткандыгын таасын белгилешет.

Биз өз пикирибизди Азербайжандын борбору Баку (Бакы) шаарында бул өлкөнүн Билим берүү министрлиги орто мектептердин 8-классы үчүн факультативдик окуу каражаты катары 2019–2021-жж. чыгарган жана жогоруда библиографиялык маалыматы келтирилген китепке негизденип жазуудабыз.

Оболу, б.з.ч. I миңинчи жылдагы түрк калктарынын бабаларын “прототүрк” деп атоо негизсиз деп санайбыз. Аларды жаңы термин менен берүү зарыл болсо, анда “эрте доор түрктөрү” (Early Turks, “ранние тюрки”) деп чагылдыруу абзел.

Чынында да б.з.ч. I миңинчи жылдагы түрк калктары – хундар, кыргыздар, усундар, каңдылар ж.б. этностор “прототүрк” эмес эле, нагыз түрк калктарынан болушкан. Прототүрк деп, балким, б.з.ч. II миңинчи жылдардагы Евразиядагы айрым чектеш аймактардагы алардын бабалары болушу ыктымал болгон чөлкөмдөрдөгү калктар шарттуу аталышы мүмкүндүр.

Окуу китепте түрк элдерине келгенде эле “түрк уруулары” (“тюркские племена”) сөзү колдонулат да, алардын тарыхый коңшулары болгон түрк эмес элдерге карата “эл” (“народ”) сөзү колдонулат. Бул дагы орой катачылык деп санайбыз.

Кубаттуу жана ар кыл деңгээлдеги мамлекеттерди түптөгөн түрк, түргөш, уйгур, кыргыз, хазар, булгар, огуз, карлук, кыпчак элдерин уруу деп кичирейтип атоого эч негиз жок. Алардын мамлекеттеринин ар биринде өз элинин урууларынан тышкары башка этностордун уруулары же топтору болушу ыктымал, бирок мамлекет кураган этносту “эл” деп гана сыпаттоо абзел.

Совет доорундагы этнография илиминде “орус эли” жана “түрк уруулары”, “түрк элдүүлүктөрү” деген эки башка баскыч таңууланган.

Далил үчүн сөзгө алынып жаткан долбоор китептин 95-бетин эле карасак, Монгол империясына “дээрлик бардык түрк уруулары жана уруктары, андан тышкары кытай, тибет, корей, орус, перс, арап, күрт, Кавказ элдери...” кирген, – деп баяндалат.

Эрте (байыркы түрк) доорунун тарыхы чагылдырылганда, Усун, Паркана (Даван) мамлекеттеринин жана байыркы кыргыздардын тарыхтары унутта калган, деп Кыргызстан тарабы 2018-жылдан бери ырааттуу эскертип келет. Бул эскертүүлөр авторлор тарабынан соңку вариантта да четке кагылган экен.

Түрк калктары (же башка бир евразиялык эл) өздөрү гана (бир этнос катары таптаза) жашаган эч бир аймак болгон эмес. Улуу Жибек жолунун таманында болгондуктан, түрк өлкөлөрүндө ар кыл этностордун өкүлдөрү жашаган. Фергана өрөөнүндөгү Байыркы Паркана мамлекетинде да түрк жана чыгыш иран элдери камыр-жумур байырлашкан; демек, бул өлкө да отурукташкан дыйканчылык жана көчмөн малчылык өрөөндөрү өз ара жуурулушкан аймак катары жалпы түрк тарыхынан татыктуу орун алууга тийиш. Каңгы өлкөсүнө жана ири Кушан мамлекетине деле китепте (24–26-беттерде) орун берилип жатпайбы.

Кыргызстан тарабы окуу китепке бээжиндик профессор Ю Тайшандын ачылышына негизденип, көөнө кыргыздардын этностук тарыхы байыркы хундардыкы сыяктуу эле алгач б.з.ч. X-IX кылымдардагы окуяларга байланыштуу байыркы кытай жазмаларында чагылдырылгандыгы жөнүндө маалыматты киргизүүнү 2019-жылдан тартып сунуштап келет.

Азырынча “Жалпы түрк тарыхы” окуу китебинин долбоорунда кыргыздар жөнүндөгү маалымат алгач Энесай Кыргыз каганатына жана Улуу Кыргыз каганатына гана байланыштуу бөлүмдөн тартып гана (45–47-беттерде) чагылдырылууда.

Биз орусиялык (новосибирскилик) археолог, профессор Юлий Сергеевич Худяковдун байыркы кыргыздар Чыгыш Теңир-Тоодо байырлагандыгы жана б.з. V кылымда алар жуан-жуандардын кысымы менен Энесайга журт которгондугу тууралуу бүтүмүн ушул орток тарых китебинде чагылдырууну сунуштаган элек. Алтайда кайра баш көтөрүп, Улуу Түрк каганатын негиздеген ашина түрктөрү да Чыгыш Теңир-Тоодон коңшу Алтайга дал ошол б.з. V кылымда (кыргыздарга мезгилдеш) журт которууга аргасыз болушкан.

46-бетте: “Ушул доордо кыргыздарда орхон жазмасы кеңири таркалган” деп жазылган. Ал эми С.Е.Малов, Ч.Жумагулов, И.Кызласов, Н.Усеев ж.б. окумуштуулар Энесай Кыргыз каганатындагы руна сымал жазма вариантты орхондук варианттан өзгөчөлөнгөн, кыргыз варианты катары далилдешкен (Албетте, И.Кызласов “Байыркы хакас мамлекети” деген башка түркологдор четке каккан аталышты колдонуусун улантып келээрин да айта кетели).

Айтмакчы, Кадыралы Конкобаев, Нурдин Усеев жана Негизбек Шабданалиевдин быйыл Эл аралык Түрк академиясынын да каржылык ж.б. көмөгүнө негизденип жарыялаган орток илимий китебинде “Энесай жазма эстеликтеринин тилин чындыгында да байыркы кыргыз адабий тили катары кароого болот” деген бүтүм да бар.

(Караңыз: Конкобаев К., Усеев Н., Шабданалиев Н. Древнетюркские письменные памятники Республикпи Алтай и Алтайского края Российской Федерации. 1-й том. – Изд. 2-е., доп. и исправл. – Главный ред. Д.Кыдырали. – Бишкек–Нур-Султан, 2021. – 396 с. – ISBN 978-9967-9354-0-2. – Междунар. Тюркская академия. – Общ. фонд Сооронбая Жээнбекова. – Мында: Конкобаев К., Усеев Н., Шабданалиев Н. Реальность и мечта: (От авторов). – 11-бетте).

Биз, ошондуктан, 46-беттеги саптарды: “Ушул доордо Кыргыз каганатында түрк элдеринин орток руна сымал алфавитинин өз алдынча – энесайлык варианты кеңири таркалган”, – деп оңдоону сунуштайбыз. Кыргыздардын ушул вариантына таандык айрым руна сымал жазма эстеликтер Алтайда, Теңир-Тоодо да табылган.

Кыргыз блогчусу Бахтияр Шаршеев сунуштаган кыргыз жана түрк руна сымал алфавитинин орусча жадыбалы. Фейсбук. 06.2.2019.
Кыргыз блогчусу Бахтияр Шаршеев сунуштаган кыргыз жана түрк руна сымал алфавитинин орусча жадыбалы. Фейсбук. 06.2.2019.

Авторлор Д.Кыдырали менен Г.Бабаяров “Моголстан мамлекети” тууралуу чакан параграфта (91-бет) XV к. акыры – XVI к. башына карата тарыхый окуяларды сыпаттап жатып, “бир аз убакыт өткөн соң, Жети-Суу чөлкөмү Казак хандыгынын курамына кирген” деп жаза кетишет.

Албетте, бир-эки сүйлөмдөгү ката үчүн көп сөз кылбайлы, бул өксүктөргө анчейин көңүл бөлбөй коёлу, деген замандаштарыбыз деле болду. Бирок ошол доордун тарыхчысынын маалыматы жогорудагы сүйлөмдү таптакыр төгүндөйт.

Тарыхчы жана колбашчы Мырза Мухаммед Хайдар (Айдар) ибн Мухаммед Хусейн-Көрөгөндүн (1499/1500, Ташкент ш. –– 1551, Кашмир аймагы, Түндүк Индия) ата-теги -- Моголстан тарыхында маанилүү рол ойногон түрк тилдүү теңир-тоолук моголдордун дуулат уруусунан чыккан белгилүү эмирлер болгон. Мырза Мухаммед Хайдардын энеси Хуб Нигар-ханым айтылуу Бабурдун энеси Кутлук Нигар-ханым менен эже-сиңди эле.

Моголстан ханы Султан Сайид хан 1533-жылы дүйнөдөн кайткан соң, анын уулу Абдурашид хан (1533 — 1570-жж. бийлеген) дуулат уруусунун төбөлдөрүнө терс мамиледе боло баштагандыктан, Мырза Мухаммед Хайдар чет жерге ооп кетүүгө аргасыз болгон.

Мырза Мухаммед Хайдар Кашмирде Султан Сайид хандын атынан күмүш тыйын чектирген 1533-ж.
Мырза Мухаммед Хайдар Кашмирде Султан Сайид хандын атынан күмүш тыйын чектирген 1533-ж.

Ал 1539–40-ж. султан Бабурдун Агра шаарында өкүм жүргүзүп жаткан урпагы Хумаюнга (1530–1556) келип, анын жардамы менен 1541-жж. тоолуу Кашмирди каратып алган, бирок 1551-ж. ушул жердеги тоолук калк менен болгон уруштун биринде байкоостон өз жаачысынын огу жаңылып өлгөн.

Мырза Мухаммед Хайдар 1541–51-жж. фарсы тилинде “Тарих-и Рашиди” чыгармасын жазган жана бул эмгек XV к. акыры – XVI к. башындагы Моголстан тарыхынын окуяларын да камтыйт.

Азыр бул залкар тарыхчынын ысымы Тараз мамлекеттик университетине уруусуунун атын (Дуулати) көрсөтүү менен берилген. Дуулат уруусу болсо казактарда эле эмес, кыргыздарда да бар.

“Тарых-и Рашиди” эмгегинин автору Мырза Мухаммед Хайдардын айкели Тараз мамлекеттик университетинин маңдайында тургузулган. 2019.
“Тарых-и Рашиди” эмгегинин автору Мырза Мухаммед Хайдардын айкели Тараз мамлекеттик университетинин маңдайында тургузулган. 2019.

Теңир-Тоодогу, анын ичинде Жети-Суудагы могол хандары менен ырааттуу таймашкан жергиликтүү эл –– кыргыздар болгонун Мырза Мухаммед Хайдар ар дайым белгилеген. Кыргыздарды ал “Моголстандын жапайы арстандары” деп атаган (б.а. бул терминди “эч бир чоочун ханды тааныбаган тоолук эгемен эл” деп түшүнүү кажеттир).

Мырза Мухаммед Хайдар: “916-хижра жылынан (1510-жылдан) тартып кыргыздар жогорудагы себептен улам Моголстанда бир да моголдун (тынч) жашашына мүмкүндүк бербей коюшкан”, – деп жазганы да бар.

(Караңыз: The Tarikh-i Rashidi of Mirza Mukhammad Haidar, Dughlat. A history of the Moghuls of Central Asia. Translated by E. Denison Ross. Edited by N. Elias. – Volume 2. P.367.; Туманович Н.Н. Сочинение мирзы Мухаммеда-Хайдара «Тарих-и Рашиди» как источник по истории кыргызов и Киргизии // Арабо-персидские источники о тюркских народах. – Фрунзе: «Илим». 1973. – С. 60–98).

Тарыхчы Мырза Мухаммед Хайдардын калыс маалыматынан улам биз XV кылымдын акыры –– XVI башында кыргыздын лидери, колбашчы жана бек Мухаммед Кыргыз жашагандыгын жана ал Ысык-Көл жана Теңир-Тоонун бир катар аймактарында ырааттуу бийлик жүргүзгөндүгүн биле алабыз.

Ошондуктан “Жалпы түрк тарыхы” окуу китебинин долбоорундагы (91-бет) жогорудагы сүйлөмдү: “Жети-Суу чөлкөмүнүн түндүк мейкиндиги бара-бара Казак хандыгынын курамына кирген, ал эми Жети-Суунун түштүк жана түштүк чыгыш аймагын кыргыздар көзөмөлдөгөн”, – деп оңдоону сунуш кылабыз (Жети-Суунун түштүк жана түштүк-чыгыш өңүрүнө Талас, Чүй, Ысык-Көл жана Иле дарыясынын башаты болгон тоолуу Текес дарыясынын башаты кирет эмеспи).

“Жалпы түрк тарыхы” окуу китебинин соңку долбоорундагы карталардын айрымдарынын текстин да оңдоо абзел.

"Жалпы Түрк тарыхы" окуу китебиндеги "Түрк дүйнөсүнүн картасы". 2019.
"Жалпы Түрк тарыхы" окуу китебиндеги "Түрк дүйнөсүнүн картасы". 2019.

Маселен, 6-бетте “Түрк дүйнөсүнүн картасы” деп аталган жана азыркы доор – XXI кылымдын башы чагылдырылган картада Монголия менен КЭРдин чек аралары көрсөтүлгөн эмес жана КЭРге байланышы жок эле “Чыгыш Түркстан” (“Восточный Туркестан”) деген чөлкөм берилген.

Албетте, 1933–34-жылдары Чыгыш Түркстан Ислам Жумурияты, 1944–49-жылдары Чыгыш Түркстан Жумурияты өкүм сүргөндүгү маалым (бул кийинки жумурияттын коргоо министри – СССР ИИЭКсынын тымызын өкүлү, теги кыргыз генерал Ысак Монуй уулу болгон). Бирок капиталисттик Гоминданга каршы согуш жүргүзгөн Чыгыш Түркстан Жумуриятынын жетекчилиги 1949-жылы коммунисттик Кытайга автономия катары кошулууга сталиндик Кремлдин макулдугуна ылайык аргасыз болгон.

Демек, түндүгүндө заманбап Орусия Федерациясы жана Саха, Башкортостан, Татарстан сыяктуу анын курамындагы жумурияттар азыркы аталышы менен чагылдырылган азыркы картага “Чыгыш Түркстан” топонимин жазуу – орой катачылык деп баалайбыз.

Китепте адис эмес кишинин көзүнө билинбей калчу башка да айрым өксүктөр учурайт.

Абу Райхан Берунинин Ташкент мамлекеттик техникалык университетинин маңдайындагы айкели. 2013-ж.
Абу Райхан Берунинин Ташкент мамлекеттик техникалык университетинин маңдайындагы айкели. 2013-ж.

Маселен, 67-бетте Абу Райхан Беруни тууралуу сөз кылып жатып, авторлор анын “Индия” деген чыгармасы Беруни Индияда жүргөндө жазылган, деген “чоң ачылыш” жасашат. Иш жүзүндө, Беруни өзү кызмат кылган султан Махмуд Себүктегин уулу Газналыктын (өмүр жылдары: 971-ж. 2-ноябры – 1030-ж. 30-апрели) Индияга жасаган айрым жортуулдарына 1017-жылдан тартып катышып, бирок бул эмгекти Индияда эмес, Газневийлер мамлекетинин борбору - Ооганстандын борбордук аймагындагы Газна шаарында султан Махмуд Газналык өлгөндөн кийин аяктаган. Тагыраагы, бул даңазалуу эмгекти жазууну Беруни 1030-жылдын 30-апрелинен 30-сентябрына чейин (ал эми чыгыш таануучу Э.Захаунун оюнча, 1030-жылдын 30-апрелинен 1031-жылдын 19-декабрына чейинки мезгил ичинде) Газна шаарында жыйынтыктагандыгы таасын белгилүү.

(Караңыз: Абу Рейхан Бируни. Избранные произведения. Том 2: Индия / Пер. А. Б. Халидова, Ю. Н. Завадовского, комм. А. Б. Халидова, В. Г. Эрмана. – Ташкент: Академия наук Узбекской СССР, 1963. - 728 с.; Абу Рейхан Бируни. Индия. Пер. с араб. Издание подготовили А.Б. Халидов, Ю.Н. Завадовский, В.Г. Эрман. / Репринт с изд. 1963 г. — М.: Научно-издательский центр "Ладомир", 1995. — 727 с. Серия: Ex Oriente Lux. ISBN 5-86218-165-2. – С.13–14.)

Газна (азыркы Газни) шаары. Ооганстан.
Газна (азыркы Газни) шаары. Ооганстан.

Ташкендик чыгаан чыгыш таануучу жана беруни таануучу, профессор Павел Георгиевич Булгаков (1927 – 1993) аспиранттар үчүн окуган дарстарынын биринде бизге Беруни түрк сулалеси болгон Газневийлердин тушунда ири ачылыштар жасагандыгы, анын ичинде “Индия” жана “Масуддун канону” эмгектери өзгөчө орунду ээлээри тууралуу саймедирлеп айткандыгы эсимде.

Китеп долбоорунда Жусуп Баласагындын өлгөн жылы катары 1077-жыл жоромолдонуп берилген (61-бет). Кыргыз тарап карахандык бул залкар акын жана ойчулдун өлгөн жылы алигиче аныктала элек, деп жазууну сунушташкан, бирок авторлор негедир ал сунушту этибарга алышпады (чынында да, Жусуп Баласагындын өлгөн датасы тууралуу ар кыл “маалыматтар” XX кылымдын соңунда фолк-хистори усулу менен ойдон чыгарылган чүргөмөлөргө эле негизделген).

Биз бул китепте Жусуп Баласагындын алгебра илимин, астрономияны, математикада бөлчөккө бөлүүнү ж.б. үйрөнүүгө чакырган ыр саптарын да тиркей кетүүнү азыр да сунуштайбыз. Мындан 1000 жылдай мурда деле бабаларыбыз жалаң динге кызыгып чектелбей, так илимдерге да орчун көңүл бөлгүлө, деп, илим-билимге чакырышкандыгын билүү – азыркы жаш муундар үчүн өтө маанилүү.

(Кыргызстанда жакынкы эле жылдары айрым мечиттердин алдындагы ислам динине таалим берген жеке курстарга катышкан балдар жана кыздар так илимдер, компүтер, кайсы бир пайдалуу кесиптер тууралуу эч кандай маалымат албастан, жалаң гана Курандын сүрөөлөрүн жаттоо жана дуба окуу менен алектенишкендиги маалым).

Жусуп Баласагын. Ал 1069-70-жылдары "Кутадгу билиг" дастанын жазган.
Жусуп Баласагын. Ал 1069-70-жылдары "Кутадгу билиг" дастанын жазган.

Жусуп Баласагындын кыргыз акча бирдигине (1000 сомдук банкнотуна) коюлган сүрөтүн бул орток китепте пайдаланууну, ал туулуп өскөн Баласагын шаарынын калдыгы – Чүйдөгү Бурана шаар чалдыбары экендигин даана жазууну да сунуштаар элек.

(Казак илимпозу Уахит Шалекеновдун Баласагындын орду – Түштүк Казакстандагы Ак-Төбө деген башка шаар чалдыбары болчу, деген жоромолун четке кагып, казак археологу, маркум Карл Байпаков бул шаардын орду – Токмоктун түштүк-батышындагы азыркы Бурана шаар чалдыбары экендиги тууралуу кыргыз археологдорунун пикирин колдогон оюн ырааттуу жарыялап келгенин да баса белгилейли).

Ал эми орток тарых китебинде XV кылымдагы түрк астроному жана математиги Али Кушчу (Али Кушчи; Самарканд, 1403 — Стамбул, 1474) тууралуу маалымат жөнүндө айтылганда, биз өз сунушубузду Али Кушчунун оболу Тимурийлер мамлекетинде илимпоз катары калыптангандыгы, Улукбек Тарагайдын шакирти болгондугу жана Улукбектин Самарканддагы жылдызканасында – обсерваториясында анын “Көрөгөн зижи” (“Султан зижи”) аттуу даңазалуу астрономиялык атласын түзүүгө көмөктөшкөндүгү тууралуу кошо кетүү керек, ошондо Осмон султандыгы менен Тимурийлердин коомчулугунун өз ара согуштары гана эмес, илимий байланыштары да болгондугу ачыкталат, деп берген элек. Бакуда чыккан долбоор китептин 112-бетинен көрүнгөндөй, бул сунуш деле эске алынган эмес экен.

Мурдагы долбоордо “Манас” эпосу 2013-жылы Баку шаарында Азербайжандын сунушуна ылайык ЮНЕСКОнун заттык эмес маданий мурастар тизмесине киргизилген деген так эмес маалымат берилген. Бул так эместик соңку долбоордо деле сакталып кала бериптир (132-бет). Чындыгында, ЮНЕСКОнун өкмөттөр аралык комитетинин VIII отуруму 2013-жылы 4-декабрда Бакуда өткөнү ырас, бирок ЮНЕСКОго алиги сунушту Кыргыз өкмөтү өзү жолдогон болчу.

Айтылуу Атлах (Тараз) салгылашуусунун 1270 жылдыгына арналган илимий жана маданий иш-чаралар быйыл Кыргызстанда (ТаласМУда) да, Казакстанда да өттү.

2014-жылдан тартып Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өткөрүлүүдө.

Ушул сыяктуу маалыматтар да окуу китебинин жаңыртылган текстине кыстарылып кетсе, мектеп окуучулары үчүн тарыхый окуялар, маданий салт менен азыркы турмушту байланыштырган факттар катары кызыктуу болушу ажеп эмес.

Соңку сөз

Албетте, бул сын пикирлерди деле өтө эле майда экен деп баалачулар чыгышы ажеп эмес. Бирок бир нече мамлекет үчүн орток пайдаланууга сунуштала турган окуу китептин долбоору ар кандай кемчиликтерден жогору турганы дурус ко дейбиз.

Чын-чынына келгенде, айрым кемчиликтерди азыркы компүтер дүйнөсүндө жарым саатта эле оңдоп коюуга болот.

Эгерде саясий эрк же бизге белгисиз саясий мүдөө менен атайылап ушундай жазылып жаткан болсо, анда мындай текстти автор эч качан өзгөртпөй коюуга акылуу. Арийне, анча-мынча делген менен олуттуу мүнөздө болгон кемчииктер үчүн, андай учурда, айрым өлкөлөрдүн бийликтери мындай ийкемсиз окуу китеп долбооруна кайрадан эле вето коюу укугун колдоно бериши деле ыктымалдан алыс эмес.

Албетте, жалпы түрк тарыхына байланыштуу көптөгөн окуяларды Кыргызстанда ансыз да Атамекен тарыхы менен дүйнө тарыхынын алкактарында ырааттуу окутуп келишет.

Эми Түркиядагы бул окуу китеп долбоорун жакшыртууга арналган эл аралык семинарлардын жүрүшүн күтө туралы.

Болочокто бул орток окуу китеби сыяктуу заманбап окуу куралдарынын сабактары интернеттеги ар кыл тилдердеги видео, сүрөт, аудио сыяктуу мултимедия каражаттары менен да шөкөттөлөөрү шексиз.

“Жалпы түрк тарыхы” окуу китебин жакшыртуу – орток озуйпа экендиги айдан ачык.

Ред.: Автордун жеке пикирин “Азаттыктын” редакциялык туруму катары кабыл албооңуздарды өтүнүбүз.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG