Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:50

Кыпчак таануу илиминин чыгаан устаты 80 жашта


Казак чыгыш таануучусу, академик Болот Көмөков. 26.11.2019.
Казак чыгыш таануучусу, академик Болот Көмөков. 26.11.2019.

Даңазалуу казак чыгыш таануучусу, академик Болот Эшмукамбет уулу Көмөков агайдын мааракесине арналган кыргыз тарыхчысынын блогу.

Эл тарыхын кемейтпес аалым

Казакстан Илимдер академиясынын академиги, чыгыш таануучу, арабист, кыпчак таануучу Болот Эшмукамбет уулу Көмөков агайды Борбордук Азияда гана эмес, бүткүл дүйнөдө түркологдор журту мыкты билет. Анын 80 жылдык торколуу тоюн, буюрса, кыргыз тарыхчылары да Бишкекте күзүндө белгилешмекчи. (Таажы вирусунун кырдаалында, балким, илимий жыйын онлайн түрүндө өтүп калышы да ажеп эмес).

Академик Болот Көмөков (Болат Көмеков). 26.11.2019.
Академик Болот Көмөков (Болат Көмеков). 26.11.2019.

Азыркы тапта мода кубалап, казак тарыхын XIII кылымдагы Чыңгыз хандын дооруна кечеңдеткиси келген айрым замандаштарыбызга мен таң калып жүрсөм, Болот агай өзү да аларга ичи чыкпай жүргөнүн жакында жолукканыбызда айтты. Монгол тилинде сүйлөгөн Темучин 1206-жылы Чыңгыз-хан (Теңиз-хан) атын алып, андан соң дүйнөнү дүңгүрөткөн ири мамлекетти түптөгөн. Бул –– шексиз.

Бирок түрк тилдүү кыпчактар (азыркы казактардын түпкү бабалары) тарыхый сахнага Чыңгыз-хан келээрден бир нече кылымдар мурда эле Ички Азия, Алтай, кийин “Кыпчак талаа” аталган евразиялык ири тилкеде сайран куруп, өз алдынча мамлекеттер негиздешкен эмеспи!

Тарых – В.Путиндин буга чейинки бийлеген жылдары “нөл” деп эсептелсин, дегендей Орусиядагы быйылкы саясий чүргөмө сыяктуу чечимдерге багынбайт.

Монгол тектүү Чыңгыз-хан кыпчактарды басып алып, анан анын кыпчакташкан–түрктөшкөн урпактары Кенесарынын доору бүткөнгө чейин эгемендик үчүн күрөшкөн доорлору, албетте, казак тарыхынын кийинки баскычтарынын бир бөлүгү, бирок академик Болот Көмөков агай өмүр бою далилдеп келе жаткандай, кыпчактардын ар кыл топторунун Чыңгыз-ханга чейин жана андан кийин да Түндүк Африка, Европа жана Азиядагы монголдордун укуругу жетпеген ар кыл чөлкөмдөрдө өз алдынча жаркын тарыхый барактары болгон. Мысырдагы Бейбарс (Байбарс, 1223 же 1225 — 01.7.1277) деген теги кыпчак султанды эле алалычы!

Болот Көмөков агай совет тарыхнаамасында Кимек каганатынын тарыхын арап, парсы жана башка жазма булактардын теңдешсиз маалыматтарынын негизинде тастыктап, алгачкы жолу атайын диссертациялык эмгек жактаган. Кимек, кыпчак, куман –– түбү бир эл экендигин, талаа көчмөндөрү болгон кыпчактардын Евразия менен Түндүк Африкадагы баскан жолунун тарыхый мейкиндиги кеңири болгондугун Болот агай өзү да, башка илимпоздор да заманбап илимде ынанымдуу далилдешкен.

Демек, академик Б.Көмөков –– казак элинин тарыхынын тамыры XIII кылымдан да алда канча терең экендигин айгинелете алган ири илимпоз. Ал илимге киргизген маалыматтарды чанып, казактын саясий тарыхын монгол тектүү Чыңгыз-ханга “жамоо” –– нагыз манкуртчулукка жана фолк-хистори жомогуна тете. Ал эми шарттуу 550 жылдык мааракеси жакынкы жылдары белгиленген Казак хандыгы –– улуу кыпчак тарыхынын Кыпчак талаанын чыгыш өңүрүндөгү гана улантылышы болуп саналат.

Албетте, орто кылымдардагы кыпчактар кыргыздарга, кара-калпактарга, көчмөн өзбектерге, алтайлыктарга, Кавказдагы, Эдил–Урал, Чыгыш Европадагы, Кичи Азия, Жакынкы Чыгыштагы көптөгөн элдерге да жуурулушкан. Мавераннахрда өзүн кыпчак санаган эл 1920-жылдардын башына чейин айырмалуу этнос катары катталып келген. Алардын ичинен Мусулманкул сыяктуу кокондук ири мамлекеттик ишмерлер чыккан.

Чыгыштагы кыпчактар бара-бара монголдор менен кытайларга жуурулушса, Мысырга жеткендер бир нече кылымда арапташып, же осмон түрктөрүнө, ирактык түркмөндөргө жуурулушкан, ал эми Европанын чордонуна жеткен кыпчактар болсо мажарлашып кетишкен. Мажарлашкан кыпчактардын залкар кулуну –– түрколог, профессор Иштван Мандоки Коңур кийинчерээк атайын Айша деген ысымдуу казак кызга үйлөнгөн.

Украин менен орустун ичинен өзүн казак, козак атагандардын канында да кыпчактар бар экендиги шексиз. Кыпчактар аркылуу чыгыш славян тилдерине кобза (комуз), утюг (үтүк), Китай (Кытай) ж.б. жүздөгөн сөздөр киргизилген.

Айтмакчы, атактуу казак санжырачысы жана тарыхчысы Шаакерим Кудайберди уулу (казакча: Шәкәрім Құдайбердіұлы; 1858--1931) өз эмгегинде казактар да кыргыздан келип чыккан деп жазганы бар. Анын сөзүнө тарыхты үстүрт билген айрым улутташтары чычалашы мүмкүн, бирок чыгаан санжырачынын сөзүнүн чындыгы бар, анткени кыргыз менен кыпчак элдери Саян-Алтай, Ички жана Борбордук Азия, Эдил-Оролдо, Кыпчак-талаада дайыма стратегиялык үзөңгүлөш жүрүп, этностор аралык тыгыз карым-катнашта болушкан. Руна сымал жазма да аларга орток болгон. Менимче, кыргыз азыраак болсо, кыпчак туусун көтөрүшкөн, кыпчак азыраак болсо, кыргыздын туусун орток көтөрүшкөн. “Манас” эпосунда да казактардын кошууну уруштарга ырааттуу түрдө кыргыздын бирдиктүү колунун курамында катышат эмеспи.

Шаакерим Кудайберди уулу.
Шаакерим Кудайберди уулу.

Азыр кыргыздын ичкилик тобундагы ири урууларынын бири –– кыргыз-кыпчак. Кыргыздын бул урууга тийешеси жок урууларында да Кыпчакбай, Казакбай сыяктуу ысымдар көп берилет. Чыгаан композитор Түгөлбай Токтогул уулу Казаков байкебиздин чоң атасынын ысымын деле эскерте кетелик.

Казактын да бир катар топтору кыргыздашып кеткен. Сары өзөн Чүйдө “Чала-Казак” деген топоним катталгандыгы бекеринен эмес. Ал эми казактын ичинде да казакташып кеткен далай кыргыз уруулары бар экендиги илимде эчак дайын маалымат. Айтылуу Жөжө Каржообай уулу (Шөже Каржаубай улы) – теги кыргыз экенин бардыгы билет. Монгол Алтайында, Алтайда, Өскеменде жана башка аймактарда да казактын ичинде кыргыз урууларынын өкүлдөрү бар. Таяке-жээндерди айтпай эле коёлу.

Дал ушундай орток тарыхый барактарды астейдил баалагандыгы үчүн биз Чокон Валиханов, Алкей Маргулан, Кемел Акишев, Карл Байпаков, Мамбет Койгелдиев, Меруерт Абусейитова, Сатай Сыздыков, Ашырбек Муминов, Жулдыз Тулибаева, Александр Кадырбаев сыяктуу нечендеген казак тарыхчыларын жана башка илимпоздорун, кыргыз болуп калган Анварбек Хасановду, ошондой эле Муктар Ауэзов, Жубан Молдагалиев, Муктар Магауин, Муктар Шаханов сыяктуу казак акын-жазуучуларын терең урматтайбыз.

Алардын арасында, албетте, данакер агайыбыз, академик Болот Көмөков да бар.

Агайдын өмүр таржымакалына кылчаюу

Болот Эшмукамбет уулу Көмөков (казакча ысымы –– Болат Ешмұхамбетұлы Көмеков; орусча – Булат Ешмухамбетович Кумеков) Казакстандын айтылуу Тараз шаарында 1940-жылы 5-августта (баш оонанын 5инде) туулган. Ал –– жети бир туугандын туну эле.

Анын киндик каны тамган шаар 1938-жылдан 1997-жылга чейин Жамбыл шаары деп аталып келген; 1936–38-жылдары сталинчинин атынан Мирзоян шаары деп да атала калды. Мурда ал Олуя-Ата, Тараз, Талас деп да аталып келген (Махмуд Кашгари Барскани “бул шаарды Тараз деп да, Талас деп да аташат” деп өзүнүн 1072––1077-жылдары арапча жазган эмгегинде белгилейт).

Мырза Мухаммед Хайдар Дуулат (Дулати) атындагы Тараз мамлекеттик университети. Тараз ш., Казакстан.
Мырза Мухаммед Хайдар Дуулат (Дулати) атындагы Тараз мамлекеттик университети. Тараз ш., Казакстан.

1997-жылы шаарга Тараз деген тарыхый аталышы кайтарылып берилген. 2002-жылы шаардын 2000 жылдык мааракеси ЮНЕСКО тарабынан белгиленген.

Буларды атап жаткан себебим –– ушундай бай тарыхка ээ шаарда туулуп-өскөн Болот агай Казакстандын көөнө тарыхын бөксөртпөй жазууга да милдеттүү эмеспи деп азил кошо кетейин дегендегим болчу.

1957-жылы Болот агай Жамбыл шаарынан Ташкент шаарына барып (ошол кезде автоунаа менен алты-жети саатта жетчү), мындагы Ташкент мамлекеттик университетинин Чыгыш таануу факультетине окууга өтөт жана анын арап тили бөлүмүндө таалим ала баштайт. (Советтик Борбордук Азияда “Кайра курууларга” чейинки доордо арап тилин окута турган жападан-жалгыз факультет ТашМУда гана бар болчу. Чыгыш таануу факультети КазМУда 1989-жылы ачылса (кафедралары мурдараак ачылган), ал эми Кыргыз улуттук университетинде Чыгыш таануу бөлүмү катары 1992-жылы гана ачылган).

1960–80-жылдары советтик арабист студенттердин тың окугандарын СССРге үзөңгүлөш делген айрым арап өлкөлөрүнө тилдик практикага жиберишчү.

Болот агай 1961-жылы Ирактагы Багдад университетине арап тили жана адабияты боюнча билимин өркүндөтүү үчүн машыгууга (стажировкага) жиберилген. 1963-жылы ТашМУнун Чыгыш таануу факультетин аяктаган соң, Болот агай ошол жылдын декабрынан 1965-жылдын февралына чейин Мысырда айтылуу Асуан суу сактагычынын курулушунда советтик котормочу катары иштеп кайткан. Албетте, бул чет элдик тажрыйбалар Болот агайдын казак жана орус тилдеринен тышкары арап жана англис тилдерин мыкты өздөштүрүүсүнө кошумча пайдубал болгон.

1965––1974-жылдары Болот агай Алматы шаарында Казакстан ИАсынын Тарых жана этнография институтунда аспирант, кенже илимий кызматкер, ага илимий кызматкер болгон.

1966-жылы ноябрда ал СССР ИАсынын Чыгыш таануу институтунун Ленинград бөлүмүнө 3 жылдык мөөнөткө илимий сапарга аттандырылган чакта, бир нече тилдерди, анын ичинде арап тилин мыкты билип калган жаш адис эле.

Зиректүү казак жигити 1970-жылы кандидаттык диссертациясын “IX—XI кылымдардагы Кимак мамлекети арап булактары боюнча” («Государство кимаков IX—XI вв. по арабским источникам») деген темада ийгиликтүү коргоду.

Ленинграддан ушундай мыкты адис катары калыптанып келген Болот агайды өз учурунда космонавт сыяктуу эле кабыл алышса керек. 1974-жылдан 1996-жылга чейин ал Казакстан ИАсынын Казакстандын байыркы жана орто кылымдардагы тарыхы бөлүмүнүн жетекчиси болуп ырааттуу иштеп келди.

Академик Болот Көмөков (оңдо) жана кыргыз тарыхчысы Арслан Капай уулу. 26.11.2019.
Академик Болот Көмөков (оңдо) жана кыргыз тарыхчысы Арслан Капай уулу. 26.11.2019.

Анын булак таануучулук эмгектерин казак археологдору шаттанып кабыл алышып, аны менен эриш-аркак иштешкен. Болот агайдын мусулмандык кол жазмалардан иргеген табылгаларынын негизинде, маселен, археологдор Казакстандын талааларынан айрым орто кылымдык шаар калдыктарын да таап чыгышкан.

Болот агай 1994-жылы Орусиянын Чыгыш таануу институтунда “VIII—XIII кылымдардагы кыпчак, куман жана кимек тарыхы боюнча арап булактары” («Арабские источники по истории кипчаков, куманов и кимеков VIII—XIII вв.») деген темада докторлук диссертациясын коргогон. Азыркы тапта анын эмгеги кыпчак таануу жаатындагы бараандуу изилдөө болуп саналат.

XXI кылымдагы залкар кыпчак таануучу

Учурда Болот агай Нур-Султан шаарында Л.Н.Гумилёв атындагы Евразия университетинин профессору болуу менен катар эле, баш кеңсеси Алматыда жайгашкан ал-Фараби атындагы Эл аралык кыпчак таануу институтунун деректири кызматын да аркалап келет.

Болот агай өмүрлүк жары, кесиби боюнча дарыгер Мариям жеңе менен 1965-жылы баш кошкон. Алардын Гүлмира, Гүлнар, Райхан, Баян аттуу төрт кызы жана жээн неберелери бар.

Академик Болот Көмөков агайды кыргызстандык чыгыш таануучулар маркум Өмүркул Караевден кийинки арабист устат катары өзгөчө жогору баалашат. Демек, Болот агай менен азыркы казак чыгыш таануучу окумуштуулары гана эмес, кыргызстандык жаш кесиптештери да өзгөчө сыймыктанышат. Алардын далайына Болот агай өз батасын берген (маселен, ушул саптардын ээсинин докторлук диссертациясына Болот агай биринчи расмий оппонент катары колдоо көрсөткөн).

Академик Б. Көмөков (оңдо) жана Т.Чоротегин. Бишкек. 26.11.2019.
Академик Б. Көмөков (оңдо) жана Т.Чоротегин. Бишкек. 26.11.2019.

2002-жылы Болот агай Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланган. Албетте, кыргыз–казак илимий кызматташтыгын жана достугун даңазалаган мындай данакер инсанга болочокто да расмий жана бейрасмий жылуу сөздөр айтылат деп ишенем.

Эң башкысы, маараке ээсине чың ден соолук, азыркы таажы вирусунун айынан чыккан тажаткан илдеттен алыс болуусун, жеңебиз менен кошо 110 жашка бакыбаттыкта чыгуусун, кыпчак таануу жаатындагы илимий мектебинин мындан аркы ийгиликтерине өз салымдарын да кошо беришин ак дилден каалап кетким келет.

Акындарыбыз айткандай, жайласа – жайыты бир, жатса – жаздыгы бир кыргыз-казак элбиз, ылайым куштун кош канатындай болгон бир тууган эки элибиздин данакер аксакалы катары өрнөгүңүз жаш муундарга багыт боло берсин, урматтуу Болот агай!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG