Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:59

Бүгүн Бишкекте кыргыз-казак достугуна арналган спектаклдин бет ачары болот


Т. Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театрында режиссер, драматург, “Азаттыктын” журналисти Аманбек Жапаровдун “Эр достугу –эгиз, эл достугу –деңиз” деген аталыштагы публицистикалык драмасынын премьерасы болот. Спектаклде Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев менен кыргызстандык Марат Акматаевдин бала кездеги достугу көрсөтүлүп, аны менен бирге кыргыз-казак элинин кылымдардан келаткан бир туугандык карым-катышы, тилинин, нарк-насилинин, каада-салтынын окшоштугу белгиленген. Ошондой эле келечек муундардын ортосундагы маданий, достук байланышты арттырууга данакер боло алуучу баалуулуктар камтылган.

Ушул тапта Аманбек Жапаровдун “Эр достугу эгиз, эл достугу деңиз” аттуу китеби басмаканада басылууда.(ZKo)

XS
SM
MD
LG