Линктер

шейшемби, 11-декабрь, 2018 Бишкек убактысы 18:01

Карл Байпаков: Казактын чыгаан археологу дүйнө салды


Академик К. М. Байпаков. Алматы, 22.05.2014.

Казакстандын даңазалуу археологу Карл Молдахметович Байпаковдун (1940­—2018) жаркын элесин эскерүү.

Казакстандан келген суук кабарды угуп, кыргыз археологдору менен тарыхчыларынын кабыргасы кайышып турат: даңазалуу Карл Байпаков агай 79га жаңы караганда оорунун айынан дүйнө салган экен...

Казакстан Илимдер академиясынын академиги, тарых илимдеринин доктору, профессор Карл Молдахметович Байпаков (Карл Молдахметұлы Байпақов; 17.11.1940, Талгар — 23.11.2018, Алматы) жалпы Борбордук Азиядагы, анын ичинде өзгөчө Жети-Суу аймагындагы орто кылымдардагы шаар маданияты жаатында ырааттуу изилдөөлөр жүргүзгөн жана тарыхый мурастарды көз карегиндей сактоого чакырган чыгаан археолог эле.

Бир окуя эсимден эч кетпейт. Чыгармачыл өмүрүнүн оодук бөлүгүн XX кылымдын тарыхы жана этнографиясы менен байланыштуу изилдөөлөргө арнаган бир агайыбыз – Уахит Шалекенов (Уахит Хамзаұлы Шалекенов, 1924-жылы туулган) 1973-жылдан Алматыдагы Казак мамлекеттик университетинде тарых факультетинде декан жана кафедра башчысы болуп калды. Ал кишини деле XX кылымдын тарыхы боюнча адис болгон кыргыз кесиптештери сыйлап келишет, далай агай-эжейлерибизге ал илимий жактан колдоо көрсөткөн.

Бирок Уахит агай кийинки ондогон жылдарда археология тармагын да камтый кетүүнү туура таап, андан тышкары чоң “идеяга” тушуккан: Карахандар каганатынын түндүктөгү ордо шаары Баласагындын ордун Кыргызстандан эмес, Түштүк Казакстандан табуу үчүн жан үрөп күрөш баштаган. Ал “орто кылымдардагы Баласагын – бул азыркы Казакстандагы Ак-Төбө шаар чалдыбары”, деген бүтүмдү таңуулай баштаган.

Байыркы шаарлардын изи менен
please wait

No media source currently available

0:00 0:30:13 0:00

Ансыз да маскөөлүк Леонид Кызласовдун “Энесай Кыргыз каганатынын тарыхына азыркы ала-тоолук кыргыздардын тиешеси жок” деген жөнсүз пикирине, С.Кляшторный, А.Карыпкулов, В.Плоских, А.Мокеев жана башкалардын “кыргыз" аталышы Теңир-Тоого Энесайдан түздөн-түз келген кыргыздарга таандык эмес, орто жолдо Алтай аймагында XVI кылымга чейин ар кыл уруудан кайнаган топ өзүнө жасалма түрдө “кыргыз” этнонимин жалгаштырып алып, анан гана Ала-Тоого башка бир эл көчүп келген”, деген дагы бир жасалма жорумуна каршы күрөшкөн кыргыз тарыхчылары үчүн У.Шалекеновдун Баласагын шаарынын калдыгы катары азыркы Бурана шаар чалдыбарын кароого эч болбойт деген жоромолу күтүүсүз чыкканы эсте.

Ошондо Түштүк жана Түштүк-Чыгыш Казакстандын шаар маданияты жаатында үзгүлтүксүз изилдөөлөр жүргүзүп келген Карл Байпаковдун жана ошол доордогу арап-парсы жазмаларын изилдеген чыгаан чыгыш таануучу Булат Көмековдун (орус адабиятында Булат Ешмухамбетович Кумеков) илимий пикирлери менен таанышып ыраазы болгонбуз. Алар азыркы Бурана шаар чалдыбары – орто кылымдарда Карахандар жана Кара кытай мамлекетинин борбору болгон шаардын орду экендигин кийинки эмгектеринде ырааттуу тастыктап жазып келишти.

Махмуд Кашгари Барскани чийген дүйнө картасы. 1072-1077.
Махмуд Кашгари Барскани чийген дүйнө картасы. 1072-1077.

Чынында да XI кылымдагы даңазалуу орток бабабыз Махмуд Кашгари Барскани өзүнүн “Диванындагы” картада Баласагын шаарын Кочкор-Башы шаарынан бир тоо кыркасы бөлүп тургандай чийген жана бул эки шаарды бөлүп турган ашууну “Занби-Арт” деп атаган.

Бул ашуу азыркы заманда “Шамшы-Арт” деп аталат, чынында да Бурана менен Кум-Дөбөдөгү “Манастын Кырк Чоросу” деп да аталып келген уранды жайды бири-биринен бөлүп турат.

"Дивандагы" дүйнө картасынын чордондук жана чыгыш бөлүгүнүн котормосу.
"Дивандагы" дүйнө картасынын чордондук жана чыгыш бөлүгүнүн котормосу.

(Айтмакчы, Махмуд Кашгари Барскани өз тегин карахандык ордону бийлеген“хаканиййа” түрктөрүнөн деген; анын теги ошол хаканиййа түрктөрүнүн ичинен чигил этносуна таандык болгон деген маркум Өмүркул Караевдин пикирин биз да колдойбуз. Чигилдер энесайлык кыргыздардын IX кылымдын ортосунан тартып кайрадан Теңир-Тоодо жашай баштаган тобуна гана эмес, башка да борбордук азиялык түрк калктарына дагы жуурулушкан).

Карл Байпаков агайыбыз ЮНЕСКОнун багыты боюнча “Борбордук Азия цивилизацияларынын тарыхы” деген көп томдук эмгектин айрым томдоруна редакторлук кылып, кыргыз кесиптештеринин таламдарын жактаган учурлар да болду. Орто кылымдардагы кыргыздардын тарыхы боюнча макалабыз менен катышып, биз да бул агайыбыздын өтө калыс жана жогорку маалыматтуу илимпоз катары иш-аракетине күбө болуп калдык.

К.Байпаков автор катары катышкан Борбордук Азия тарыхына арналган ЮНЕСКОнун томдуктары. 05.10.2009.
К.Байпаков автор катары катышкан Борбордук Азия тарыхына арналган ЮНЕСКОнун томдуктары. 05.10.2009.

Кыргызстандык В.Горячева, К.Ташбаева, Б.Аманбаева, К.Табалдыев сыяктуу археологдор да маркум Карл агайды урматтап сүйлөгөн учурлар эсимде.

Карл Байпаков 1963-жылы Ленинград мамлекеттик университетинин тарых факультетин аяктаган. 1966-жылы “Жети-Суудагы орто кылымдардагы шаарлар жана кыштактар: (VII-XII кк.)” деген темада кандидаттык диссертациясын коргогон. Анын илимий жетекчиси – сак доорундагы айтылуу Эшик (Есик; орусча Иссык) коргонундагы алтын кишини тапкан даңазалуу археолог Кемел Акишев (Кемаль Акишевич Акишев; 24.5.1924; Баянаул айылы, Павлодар облусу — 10.8.2003; Алматы) агайыбыз болгон.

1986-жылы Карл Байпаков агай “Түштүк Казакстан менен Жети-Суудагы VI к. — XII к. башындагы орто кылымдык шаар маданияты: (Динамика жана негизги өнүгүү баскычтары)” деген өзгөчө олуттуу темада докторлук диссертациясын коргогон.

Мындагы “Жети-Суу” термини Кыргызстандын түндүгүнүн да айрым аймактарын камтып кетээрин кошумчалап койсок болот.

Демек, Карл Байпаков агай Түндүк Кыргызстандын бир катар аймактарынын шаар маданиятын иликтеген археологиялык тармак боюнча да ири адис болгон.

Карл агай 1991—2010-жылдары Алкей Маргулан атындагы Археология институтун ырааттуу жетектеп келди. 2011-жылдан тартып “Казакстан археологдор коому” коомдук бирикмесинин төрагасы болду, заманбап музейди (ажайыпкананы) да жетектеди.

Маркумду алатоолук кыргыз археологдор өзгөчө мээнеткеч, сылык, карапайым жана чынчыл археолог катары өзгөчө сыйлашаар эле. Ушул күндөрү алар көз айнегинин аркасында мээримдүү жүзү жарык чачып турчу маркум илимпозду эскерген жарыяларын гүлдестедей кылып интернет барактарында жарыялап жатышат.

Чыгаан археолог Карл Молдахмет уулу Байпаков агайдын жаркын элеси эч качан эсибизден кетпейт. Жаткан жериңиз жайлуу, топурагыңыз торко болсун!

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG