Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:05

Кыргызстан альтернативдүү энергетика үчүн инвестор издеп жатат


Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрлиги жогорку эффективдүү күн монокристаллдык элементтерин жана модулдарын өндүрүү үчүн инвесторлорду издеп жатканын билдирди. Министрликтин маалыматына караганда, алар учурда альтернативдик энергия булактарына өтүү боюнча бир катар иш-чараларды жүргүзүп жатышат.

"Энергиянын альтернативдүү булактарына өтүү жаатында жүргүзүлүп жаткан иш-чараларды эске алуу менен Экономика жана коммерция министрлиги ата мекендик жана чет элдик компанияларды фотоэлектр энергиясын өндүрүү боюнча долбоорлорго катышууга чакырат.

Министрлик бул багытта ийгиликтүү иштеп жаткан компанияларды атаган. Алар: LONGi Solar Technology Co., Ltd., LG Energy, REC Group, SunPower, Hanwha Q Cells, Trina Solar, Jinko Solar жана башкалар.

Жыл сайын Кыргызстанда дээрлик 15 миллиард кВт/с электр энергиясы өндүрүлөт. Бирок керектөө көбөйүп бараткандыктан бул жетпейт.

Быйыл Токтогул суу сактагычындагы суунун аздыгынан Кыргызстан соңку жылдардагы эң чоң энергетикалык кризиске туш болду. Буга байланыштуу "Түндүк электр" ишканасы бир фазалуу абоненттер үчүн беш киловатт, үч фазалуу абоненттерге 10 киловаттык чек киргизген. Кадамжайда электр энергиясын көп талап кылган жылыткычтарга мөөр басылган окуя катталды.

Бийлик, Энергетика министрлиги элди электр жарыгын үнөмдөп пайдаланууга чакырып, кышында өчүрүү болбой турганын билдирип келет. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG