Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:47

Министрлер кабинетинин төрагасы Жапаров Москвага кетти


Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Москвага учуп кетти. Ишенимдүү булактардын айтымында, ал Орусиянын өкмөт башчысы Михаил Мишустин менен жолугуп, кыргыз-орус кызматташтыгын, анын ичинде энергетика, күйүүчү май боюнча маселени талкуулайт.

Быйыл Токтогул суу сактагычындагы суунун аздыгынан Кыргызстан соңку жылдардагы эң ири энергетикалык кризиске туш болду. Буга байланыштуу "Түндүк электр" ишканасы бир фазалуу абоненттер үчүн беш киловатт, үч фазалуу абоненттерге он киловаттык чек киргизген.

Оор кырдаалдын алдын алуу үчүн Кыргызстан Казакстандан, Өзбекстандан алмашуу жолу менен электр энергиясын алат, Түркмөнстандан да импорттойт. Министрлер кабинети Орусиядан электр энергиясын алуу боюнча сүйлөшүүлөр болуп жатканын билдирген.

Ал эми Кыргызстандын нефтетрейдерлер ассоциациясы жакын арада Аи-92-үлгүсүндөгү бензин 7 сомго, дизель майы 12 сомго чейин кымбатташы мүмкүн экенин билдирген. Буга дүйнөдө мунайдын баасынын өсүшү жана эл аралык рыноктогу тартыштыктар себеп экени айтылып жатат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG