Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:15

Боршайком аймактарга шайлоо бюллетендерин жөнөттү


БШКнын видеосунан алынган скриншот.
БШКнын видеосунан алынган скриншот.

Борбордук шайлоо комиссиясы округдук шайлоо комиссияларына жана чет мамлекеттерде жайгашкан шайлоо тилкелерине шайлоо бюллетендерин жөнөттү. Бул тууралуу шайлоо комиссиясы кабарларды.

“Учкун” басмаканасы басып чыгарган бир мандаттуу шайлоо округдарынан жана бирдиктүү шайлоо округу боюнча өтчү шайлоонун бюллетендерди кабыл алуу 21-ноябрда болду. Кабыл алуу ишине Боршайкомдун мүчөлөрү, байкоочулар, саясий партиялардын, басмаканынын жана маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышкан.

Бирдиктүү шайлоо округунан шайлоого 3 702 656 бюллетень, бир мандаттуу округдарынан шайлоого 3 625 277 бюллетень даярдалган.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтөт. Борбордук шайлоо комиссиясы 18-ноябрда журналисттерге жана байкоочуларга парламенттик шайлоодо добуш берүү кандай жүрөрүн жана добуштар кантип саналарын баштан-аяк көргөзүп, автоматтык эсептөөчү үкөктөрдү сыноодон өткөргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG