Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:16

Талибдер актрисалар катышкан тасмаларга тыюу салды


Иллюстрациялык сүрөт. Оогандык кыз.
Иллюстрациялык сүрөт. Оогандык кыз.

Ооганстандын өкмөтүн башкарып жаткан "Талибан" кыймылы (Кыргызстанда тыюу салынган) телеканалдарга актрисалар катышкан фильмдерди көрсөтүүгө тыюу салды. Ошондой эле теле алып баруучулар эфирге хижаб кийип чыгыш керек деген эреже киргизди.

Мындай эрежелердин топтому 21-ноябрда жарыяланды. Өкмөт ошондой эле телеканалдарда шариятка жана ооган салтына доо кетирген комедиялык тасмаларды жана көңүл ачуучу программаларды да көрсөтүүгө тыюу салды.

Талиб бийлиги «бул сөз эркиндигин чектөө эмес, жөн гана эрежелер» экенин билдирди.

Август айынын ортосунда Ооганстан бийлигине келген «Талибан» кыймылы аялдардын укуктары шариятка ылайык сакталарын билдирген. Анткен менен кыз-келиндерге спорт менен алектенүүгө уруксат берилген жок. Ошондой эле кыз-келиндер мектепте, университетте эркектерден өзүнчө окушат.

"Талибан" Кыргызстанда 2006-жылы соттун чечими менен экстремисттик деп табылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG