Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:26

Орусияда "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын тарапташтары жоопко тартылды


Москва шаары. Орусия.
Москва шаары. Орусия.

Орусиянын борбору Москва шаарында “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын желектери менен автожүрүш уюштурган жарандар жоопкерчиликке тартылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.

18-ноябрда Москвада “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын жана Кыргызстандын желектери илинген автожүрүш маалында полиция акциянын катышуучуларын кармаганы белгилүү болгон.

Полиция жалпы 14 адамды кармаган, акциянын уюштуруучу Эмил Бекиев уруксат алынбаган митинг уюштурганы жана коомдук тартипти бузганы үчүн 15 күнгө камалган.

Андан тышкары жети адам 10 күнгө камалган. Жети адамга 20 миң рублдан айыппул салынган.

Орусиянын укук коргоо органдарынын маалыматына ылайык, шаар тургундары коомдук тартип бузулуп жана транспорт каражаттарынын кыймылына тоскоолдук жаралып жатканы боюнча арызданган.

ИИМ акция уюштурган Эмил Бекиев жана дагы үч адам Орусиянын жараны экенин билдирди. Мындан тышкары кармалган үч жаран миграциялык мыйзамдарды бузуп жүргөнү аныкталган.

"Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери Адахан Мадумаров 21-ноябрда полицияга арызданууну Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги уюштурган деген маалыматы бар экенин айтты. Элчилик бул боюнча комментарий бере элек.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтөт. Орусияда акыркы маалыматтар боюнча 600 миңдей кыргызстандык миграцияда, шайлоо тизмесине катталгандар мунун 10% түзбөй турганын Орусиядагы кыргызстандык активисттер маалымдап келишет.

XS
SM
MD
LG