Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:32

Ысык-Көлдө жарандардын колундагы курал текшерилүүдө


Ысык-Көл.
Ысык-Көл.

Ысык-Көл облусунда элдин колундагы куралды текшерүү боюнча “Арсенал” аталышындагы операция өтүүдө. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык аталган операцияга үч жүздөн ашык милиция кызматкерлери тартылып, жарандардын колундагы куралдардын сакталуу эрежелери текшерилүүдө жана куралды мыйзамсыз сактап жүргөн жарандар аныкталууда.

Операциянын биринчи күнүндө, Балыкчы ШИИБдин кызматкерлери тарабынан төрт мыйзамсыз сакталган ок атуучу куралдар аныкталган, анын ичинен бирөө сайлуу жана үчөө сайсыз мылтык.

Андан тышкары, жүргүзүлгөн түшүндүрүү иштеринин натыйжасында, Түп районунун Шаты айылынын тургуну, атасынан калган, катталбаган сайсыз мылтыкты өз ыктыяры менен милиция кызматкерлерине өткөрүп берген.

Милиция мылтык тийиштүү текшерүүдөн өткөндөн кийин, кайрадан ээсинин атына мыйзамдуу түрдө каттоого болорун, мыйзамсыз курал-жарактарды өз ыктыяры менен ички иштер органдарына өткөргөн жарандар жоопкерчиликтен бошотуларын эскертишүүдө.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG