Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Декабрь, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 07:14

Теледебат: бийликчил партия, акимдер, добуш сатып алуу


Советбек Зикиров, Медер Алиев, Марлен Маматалиев жана Жанар Акаев. 22-ноябрдын кечиндеги дебаттын катышуучулары.

Коомдук телерадиоберүү корпорациясында (КТРК) Жогорку Кеңештин шайлоосуна байланыштуу эң негизги дебаттар башталды. 22-ноябрдын кечинде биринчи таймашка төрт топтун – “Аруузат – Эл Куту”, “Ишеним”, “Ынтымак” жана “Альянс” партияларынын өкүлдөрү катышты.

Талапкерлер өз программалары менен тааныштырып, суроолорго жооп беришти. Атаандаштар арасында бири-бирине чабуул жасашкан жок, таймаш мурдагы саясий өнөктүктөргө салыштырмалуу суз өткөнү байкалды.

Губернатор, аким жана айыл өкмөттөр темасы

“Лидерлердин дебаты” деп аталганы менен саясий беттешке эки партиядан гана жетекчилер келсе, эки партиядан катардагы мүчөлөр чыкты. “Аруузат – Эл Куту” партиясынан Советбек Зикиров менен “Ишеним” партиясынан Медер Алиев, “Ынтымак” партиясынан анын лидери Марлен Маматалиев менен “Альянс” партиясынан анын тең төрагасы Жанар Акаев кармашка келди.

Теледебаттар адаттагыдай эле үч раунддан турду. Алардын биринчисинде суроолорду алып баруучулар берсе, экинчисинде талапкерлер бири-бирине узатышты. Үчүнчү бөлүктө болсо мессенжерлер аркылуу шайлоочулардан келген соболдор жаңырды.

Киришүү иретиндеги кайрылуудан кийинки алгачкы суроо “аймактык-административдик реформа” тууралуу болду. Журналист “ал канчалык зарыл экенин, эмнелерди өзгөртүү керектигин” сурады.

“Аруузат – Эл Куту” партиясынын өкүлү Советбек Зикироваймактарды өнүктүрүү боюнча адис экенин маалымдап, бул боюнча ушул күнгө чейин бир да конкреттүү иш-аракеттер жасалбаганын” билдирди. Ал муну үчүн ар бир аймакка тиешелүү азыктарды өркүндөтүү идеясын ортого салды.

“Ишеним” партиясынын талапкери Медер Алиев теманы быйыл кабыл алынган Конституциянын редакциясы менен байланыштырып ойду улады.

“Мурдагы мыйзамдарда аймактык жол-жоболорду иретке салуу процедураларында жергиликтүү кеңештин депутаттарынын укуктары бир топ кеңейтилген. Жаңы Конституция кабыл алынгандан кийин жоопкерчиликтүү, өз алдынча башкаруу секторундагы бир инсандын адилеттүү бийлик жүргүзүүсүнө шарт түзүлдү. Бул жерде мурдагыга салыштырмалуу бир адам жооп бере тургандай система орноду деген ишеничтемин. Буга чейин кандай болуп келген? Айыл өкмөттөрдү шайлоо учурунда көп учурда депутаттар өздөрүнүн кудаларын, тааныштарын, классташтарын же орой болсо да айталы, ойношторун коюп коюшчу. Азыр мындай саясий интрига жокко чыгат деп ойлойм. Ошону менен бирге биз аймактык реформага өтө кылдаттык менен хирургиялык мүнөздө чара көрүшүбүз керек”, - деди ал.

Ушул жылдын 11-апрелинде референдумда кабыл алынган Баш мыйзамга ылайык, президенттин ыйгарым укуктары кеңейтилген. Ага ылайык, өкмөттүн облустагы өкүлдөрү президенттин өкүлү болуп, акимдерди президент өзү дайындай баштаган. Жакында эле өзгөргөн мыйзамдардан соң айыл өкмөттөрдү акимдер дайындай турган болуп калган.

22-ноябрдын кечиндеги КТРКдагы теледебат.
22-ноябрдын кечиндеги КТРКдагы теледебат.

“Ынтымак” партиясынын лидери Марлен Маматалиев парламентте депутат катары мына ушул мыйзамдарды кезинде колдоого алганын белгилеп, “бул жергиликтүү бийликтин жетекчилеринин ыйгарым укуктарын кеңейтерин” айтты. “Акимдин аты бар, заты жок болбош керек” деди ал.

“Альянс” партиясынын тең төрагасы Жанар Акаев тескерисинче “бийлик вертикалынан” качып, жергиликтүү бийликтерди шайлоону элдин өзүнүн колуна берүү керектигин кеп кылды.

“Губернатор деген эмне иш кылат? Мени сыналгы аркылуу көрүп жаткан айыл-ападагы туугандар, губернаторду качан көрдүңөр? Бул кызматты жоюш керек. Анткени облус башчысы азыркы маалда болгону бала бакча менен көпүрөлөрдүн ачылышына катышып, тасма кырккандан башка иш кылбайт. Ал эми айыл өкмөт менен мэрлерди түз шайлаганга өтүш керек. Депутаттар эмес, эл өзү шайлашы керек. Азыр эми акимдердин ыйгарым укуктары күчөдү. Бул канчалык жемишин берет, көрөбүз. Мыйзам каралып жатканда, биз түз шайлоого өтүш керек деп сунуштаганбыз. Бирок ал өтпөй калды. Келечекте баары бир ушуга өтүшүбүз кажет”, - деди ал.

Депутаттардын микрофону, эки мөөнөт жана экономика

Алып баруучулардын “Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктарынын кыскарышы” жөнүндөгү кийинки суроосуна талапкерлердин жооптору окшошураак болду. Алар депутаттар өкмөттү шайлоодо же аны кызматтан кетирүүдө мүмкүнчүлүккө ээ болбогону менен башка укуктарга ээ экенин айтып жатышты.

Жанар Акаев “депутаттарда азыр микрофон гана калганын, ошол аркылуу элдин үнүн жеткирип, көп жумуштарды бүткөрүүгө мүмкүнчүлүк бар” деди. Марлен Маматалиев буга чейинки өкмөттөрдү куроодо “министрликтердин тагдырын бир ууч гана депутаттар чечип келгенин, эми ошонун баары президенттин колуна өткөнүн, бул башаламандык жаратпай турганын” айтты.

Медер Алиев да эл өкүлдөрү мурда саясий бизнес кылып келгенин кошумчалап, ошонун айынан алар аталган ыйгарым укугунан айрылышканын кыйытты. Ал бирок азыр парламентте “чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоодо, өкмөттү, Жогорку сотту, башкы прокуратураны бекитүү укугу калганын” айтты.

Советбек Зикиров болсо депутаттардын саны 120дан 90го түшкөнүн белгилеп, эми сапатты оңдоо зарылдыгына токтолду:

“Азыр биз сандарын азайттык, сапатына басым жасаган жокпуз. Тарыхты карасак мен мектепте окуп жатканда депутат болуп жүргөн кишилер дагы деле парламентте жүрөт же шайлоого кайра баратат. Үч-төрт жолу депутат болду. Ошол эле депутаттар канча президент менен иштешти. Акаев, Бакиевди качырышты, Атамбаевди каматышты, дагы бирин бийликтен алып түштү. Азыр дебатта катышып жаткан талапкерлер албетте жаш, бирок булардын партиясында, маселен “Ынтымакта” 10 депутат кайра парламентке баратат. “Ишенимде” алты депутат, “Альянста” дагы 10 депутат кайра эл өкүлү болуп келгиси келип жатат. Ошондуктан эгер биз шайланып келсек, депутаттардын эки мөөнөттөн ашык шайлануусуна тыюу сала турган мыйзам киргизебиз. Эгерде ушул мыйзамды киргизсек, 2026-жылы таптакыр жаңы депутаттар, жаңы жүздөр келмек”, - деди ал.

22-ноябрдын кечиндеги КТРКдагы теледебат.
22-ноябрдын кечиндеги КТРКдагы теледебат.

Кийинки суроо экономикага байланыштуу болду. Тагыраагы алып баруучулар “Дүйнөнүн экономикалык картасында Кыргызстандын орду кандай? Аны кантип аныктоо керек?” деген собол коюшту. “Аруузат – Эл Куту” партиясынын өкүлү мында Кытай менен кызматташууга басым жасоо жөнүндө кеп кылса, “Ишеним” партиясынын өкүлү Евразиялык Экономикалык Биримдиктин алкагындагы тең ата атаандаштык тууралуу сөз кылды. “Альянстын” талапкери болсо электромобилдерди колдоо жана туризмди өркүндөтүү боюнча маселе козгоду.

“Ынтымак” партиясынын лидери Марлен Маматалиев мындай максатын ортого салды.

“Албетте, бизде мунай менен газ жок. Бирок бизде кудай берген суубуз бар. Кеминде 35 миң дарыябыз бар экен. Тилекке каршы, суунун башында туруп, электр энергиясын сатуучу эмес, сатып алуучу өлкө болуп жатабыз. Биз мына ошол сууну туура колдонуу боюнча программаларыбыз бар. Дарыяларга чакан гидроэлектрстанцияларын куруп, күн менен, шамал менен иштөөчү электростанцияларын да курушубуз абзел. Бул боюнча даяр долбоорлорубуз бар”.

Алып баруучулардын төртүнчү суроосу убада жөнүндө болду. Ар бир талапкер өзү айткан нерселер реалдуу экенин, алар сөзсүз аткарыларына ишендирүүгө аракет кылды.

2-раундда талапкерлер бири-бирине ага чейин өздөрү айткан позицияларына байланыштуу суроолорду беришти. Ошол эле “депутатты эки мөөнөттөн ашык шайланышына чек коюу, парламентаризм, азык-түлүктүн кымбаттыгы, жөлөк пулдар жана башкалар жөнүндө суроо-жооптор жаңырды. Бул темалардын ичинде Акаевдин депутаттарга бармак изи аркылуу добуш берүү системасын киргизүү идеясы жаңыча сунуш болгонсуду.

Көзү ачык лидер, бийликчил партия жана добуш сатып алуу

Биринчи-экинчи бөлүктөрүндө суз уланган телетаймаш 3-раундга келгенде гана аз-маз кызыды. Буга шайлоочулар тараптан бүйүр кызыткан суроолордун берилиши себеп болду. Мында ар бир талапкерге алтыдан собол коюлду.

Анын ичинде Советбек Зикировго ал мүчөлүк кылган “Аруузат – Эл Куту” партиясынын лидери Алмакан Бекова жөнүндө суроо болду. Модератор ачык булактарда “Бекова, космоэнергетик, табып экени жазылганын, төлгө ачарын, буга чейин өлкө жетекчилери ага кеңешип турганын айтып жүргөнү” баяндалганын белгилеп, анын чын-төгүнүн сурады. Ага Зикиров минтип жооп берди.

"Ал өтө патриот айым. Пенсия албайт. Биздин өлкөдөгү аялдарды өнүктүрүүгө чоң салым кошкон. Көптөгөн тренингдерди өткөргөн. Ал өзү дагы интернатта окугандыктан, жетимдер үйлөрүнө көп кайрымдуулук жасап турат. Сүйлөшүп отурсаңыз абдан жакшы киши. Ал парламентке келишти деле каалабайт. Эгер биз утуп чыксак, керек болсо өз ордун мага же башка партиялаштарга берип коюуга деле даяр", -деди ал.

"Ишеним" партиясынын өкүлү Медер Алиевге партиянын программасы, пенсиялык саясат жана башка темалар боюнча суроолор берилди. Соңунда анын өзүнө тиешелүү темалар айтылды. Тагыраагы Алиев юрист катары азыркы Баш мыйзамды талкуулаган Конституциялык кеңешмеде мүчө болгону белгиленип, “ошону үчүн бийликтин партиясына кирип калдыңызбы?” деген собол жаңырды. Ал өзү партиялардан сунуштар ага чейин да түшкөнүн, бирок эми гана кабыл алганын айтты.

“Партиянын бийликтеги коргоочусу” жөнүндөгү суроого Медер Алиев мындай жооп кылды:

"Мен антип эсептебейт элем. Урматтуу президентибиз Жапаров Садыр Нургожоевич, өзүнүн интервьюсунда бул боюнча так түшүндүрмө берип, эч бир партияны колдобой турганын айтты. Эгер кайсы бир партия өзүн бийликчил деп атап жатса да, ал маанилүү эмес. Алар басып өткөн жол, алардын тазалыгы, Кыргызстандын калкына канчалык чынчыл иштеп берет? Маанилүүсү мына ушул нерселер”, - деди ал.

“Ынтымак” партиясынын лидери Марлен Маматалиевге болсо президенттин Чүй облусундагы өкүлү Эркин Тентишевдин уулу Бакыт Тентишев алардын катарында баратканы тууралуу собол берилип, “бул административдик ресурспу?” деп суралды. Партия лидери Тентишев атайын тандалбаганын, аны Чүйдөгү жамаат сунуштаганын маалымдады.

“Ынтымакта” мурдагы парламенттик шайлоодо добуш сатып алууга жана административдик ресурс колдонууга айыпталган “Биримдик” партиясы менен “Мекеним Кыргызстан” партиясынан чыккандар көптүгү айтылды. Былтыркы жарышта өзү да “Мекеним Кыргызстан” менен чыккан Марлен Маматалиев ага мындайча түшүндүрмө берди:

"Мен билгенден бул боюнча атайын журналисттик иликтөө да чыгарышты. Анда сиз атаган партиялардын мүчөлөрү азыр жарышка түшкөн дээрлик бардык партияларда бар экени көрсөтүлүптүр. Пайыздык көрсөткүчтө аларга салыштырмалуу бизде азыраак экен. Бардык жерде “жаштар силер кайсы бир күчтөргө курал болуп калып жатасыңар” деген айыптоолор болуп келди. Ошону үчүн биз өзүбүз жаңы партия түзүп, өз жолубуз менен элге кызмат кылууну чечтик”.

“Альянс” партиясынын тең төрагасы Жанар Акаевге “партияларды алмаштырууну мода кылып алгансызбы?” деген суроо жолдонду. Акаев алгач КСДП партиясынан депутат болуп, кийин КЛДП партиясынын, “Ата Мекен” партиясынын катарында жарыштарга катышканы белгилүү. Ал канча партияга кирсе да принциптен чыкпаганын айтып, бул шайлоодо прогрессивдүү талапкерлер менен чыгуу үчүн жаңы күчкө бириккенин кошумчалады. Кийин добуш сатып алуу тууралуу айта кетти:

"Жакшыны жакшы деш керек, бул шайлоо чын эле мурдагыдалардан айырмаланып жатат. Губернаторлор, акимдер жана мэрлер конкреттүү бийликтин партиясына иштеген жок. Президенттин эркинде болуп жатат. Бирок добуш сатып алууларды толук жокко чыгара элекпиз. Кайсы шаар экенин айтпай эле коёюн, айрым талапкерлер дүкөндөр менен иштешип жатыптыр. Шайлоочу дүкөнгө кирет экен, соодагер партиянын сүрөтүн көрсөтөт экен, ымдап, “ушуну шайлайсыңбы?” дейт экен. Шайлоочу макул болсо, ошол жерден 2 миң сомго чейинки товардын салып, акысыз алып чыгып кетет экен. А дүкөнчүгө болсо акчаны талапкер берет экен. Кыргыздар дагы бир жолун таап жатат. Мына ушуларды алдын алыш керек”, - деди Акаев.

Ошентип төрт партиянын өкүлдөрү дебаттын соңунда дагы бир кайрылуу жасап, жыйынтыкташты. “Аруузат – Эл Куту” партиясынын өкүлү Советбек Зикиров шайлоочуларга англисче кайрылуу жасап жиберди.

Лидерлердин теледебатынын алкагында 23-ноябрда төрт партиянын, 24-ноябрда төрт партиянын, 25-ноябрда төрт партиянын, 26-ноябрда беш партиянын өкүлдөрү беттеш өткөрөт.

21 партиянын айым талапкерлери жана жаш талапкерлери өзүнчө форматта ЭлТР телеканалы аркылуу дебат өткөрүшүүдө. Алар мындан сырткары тегерек үстөл жана жеке кайрылуу форматтары аркылуу да шайлоочуларга программаларын жеткирүүдө. Ал эми бир мандаттуу 36 округ боюнча шайлоого катышып жаткан 300дөй талапкер облустук медиалардын платформасында таймашып жатат.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG