Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:54

Аймактарды чабал кадрлар тарта албайт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Президент Сооронбай Жээнбеков аймактарды өнүктүрүү боюнча системага салынган саясаттын жоктугун, жергиликтүү бийликтердин чабалдыгын моюнга алды.

Жергиликтүү кеңештердин сапаты канткенде жакшырат? Айыл өкмөт башчысын эл шайласа эгемендүү болуп, бийликтин баркы көтөрүлөбү?

“Арай көз чарай” талкуусуна өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов жана Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана улут аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин мурдагы төрагасы Бакыт Рыспаев катышты.

“Азаттык”: Аманбай мырза, президент Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик саясатты алып барууда жергиликтүү бийликтер чабалдык кылып жатканын айтты. Мындай баага кошуласызбы? Аймактагы бийликтин жөндөмсүздүгү эмнеде? Мыйзам боюнча ыйгарым укугу жетишсизби же кадрлар начар болуп жатабы?

Айылдык кеңештин 11 депутаты болсо, анын алтоонун тилин тапкан киши эле шайланып калып жатпайбы. Шайланган адамдын жетекчилик тажрыйбасы, билими, жөндөмү экинчи планда калууда.
Аманбай Кайыпов.

Аманбай Кайыпов: Азыркы күндө акимдердин бийлиги чектелүү экени баарыбызга маалым. Мурдагыдай айыл өкмөттөрүн дайындай албайт, кызматтан бошото албайт. Себеби, мыйзам ошондой. Бирок ошого карабай акимдердин жоопкерчилигин катуу сурайбыз, көп тапшырмаларды беребиз.

Айылдык кеңеште 15 же 20 депутат бар. Ошол депутаттар айыл өкмөт башчыларын шайлашат. Айыл өкмөтүнүн бюджетин бекитет, алардын отчетун алат. Сапат жөнүндө кеп кылганда, айталы, айылдык кеңештин 11 депутаты болсо, анын алтоонун тилин тапкан киши эле шайланып калып жатпайбы. Шайланган адамдын жетекчилик тажрыйбасы, билими, жөндөмү экинчи планда калууда. Ага акимдин таасири жок. Ошондуктан акимдин бийлигин кеңейтүү боюнча маселе чыгууда.

Азыр өкмөттө комиссия түзүлүп иштеп жатат. Жыйынтыгында макулдашуулар болсо, мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилип, акимдерге бир топ ыйгарым укуктар берилет.

Ошондо жергиликтүү администрацияларда, акимдерде тиешелүү иштерди натыйжалуу алып барууга көп мүмкүнчүлүктөр түзүлөт деп ойлойбуз.

Жээнбеков: элет менен байланыш начар
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:04 0:00

“Азаттык”: Бакыт мырза, бийликтин күчтүүлүгү эки факторго көз каранды эмеспи. Райондун акими, облус губернаторуна бийликти бергени менен ал деңгээлде бюджет жок. Акча жок жерде бийликти кантип күчтөндүрсө болот?

Айтылып жаткан өкмөттүн комиссиясы кандай гана корутундуга келбесин ал мыйзамсыз болуп калат. Мыйзамдуу жол менен барабыз десек, анда Конституцияны өзгөртүү керек.
Бакыт Рысбаев.

Бакыт Рысбаев: Туура, мен акимдердин бийлигин күчөтүп, ролун бекемдөө керек деген демилгеге кошулам. Бирок, кандай сунуштар, ой-пикирлер болбосун Конституцияга каршы келбеши керек. Конституциянын 113-беренесинде: “Мамлекеттик органдар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын мыйзамда каралган ыйгарым укуктарына кийлигишүүгө укуксуз” деп жазылып турат. Демек аким айыл өкмөттүн ишине кийлигишүүгө акысы жок.

Айтылып жаткан өкмөттүн комиссиясы кандай гана корутундуга келбесин ал мыйзамсыз болуп калат. Мыйзамдуу жол менен барабыз десек, анда Конституцияны өзгөртүү керек. Дүйнө жүзүндө “жергиликтүү өз алдынча башкаруу деген өзүнчө система”. Ал эми аким – мамлекеттик бийликтин төмөнкү бутагы, ал өзүнчө система.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу - эл түзгөн өзүнчө бийлик. Акимдин ролун канткенде жогорулатабыз? Аким мыйзам боюнча райондогу Соцфонд, салык инспекциясы сыяктуу ж.б. тармактык бөлүмдөрдүн ишин координациялайт деп турат. Эгер ошол бөлүмдөрдүн жетекчилерин акимдин макулдугу менен дайындайт десе ошондо мамлекеттик бийликтин баркы, жоопкерчилиги да жогорулайт эле.

Айталы, “Востокэлектронун” райондук жетекчиси райондун акиминин сунушу менен гана дайындалышы керек. Эгер райондо свет өчүп калса, же авария болсо эл РЭСке барбайт, райондун жетекчисине келет, алардан талап кылат.

Эгембердиев: жетекчини жергиликтүү эл шайлашы керек
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:51 0:00

“Азаттык”: Аманбай мырза, аким же губернаторго тармактык башкармалыктарды, айыл өкмөттөрдү көзөмөлдөгөнгө, дайындаганга кошумча укуктарды берүү баягы эски буйрукчул, административдик заманга кайтып келгендик деп сындагандар аз эмес.

Аманбай Кайыпов: Мурда акимдер, айыл өкмөт башчылары тааныш-билиш, туугандык байланыштар менен дайындалып келгени белгилүү. Азыр андай жасай албайсың. Азыр элдин таасири башка, көз карашы башка. Ошондуктан азыр бизде жоопкерчилик да башка болууда. Айыл өкмөттөрдү эл шайласын дегендер чыкты.

Биз андай жолдон өткөнбүз. Түз шайлоого келгенде элдин ынтымагын бузабыз, уруу-урууга, айыл-айылга бөлүнгөнүн көрдүк го. Ошондуктан биз маселенин чечүүнүн жолдорун сунуштап жатабыз. Мисалы, райондун акими айыл өкмөтүнүн башчылыгына жарайт деген эки-үч талапкерди айылдык кеңешке сунуштаса, алардын көп добуш алганы жетекчи болсун деп жатабыз. Конституцияга каршы келбеш үчүн мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү керек.

Бакыт Рысбаев: Эгер биз айыл өкмөт башчысына тажрыйбалуу, даярдыгы мыкты адам келсин десек анда жалпы эл катышкан түз шайлоодон качпашыбыз керек. Дүйнөнүн өнүккөн өлкөлөрүнүн баарында шаардын мэрлерин, жергиликтүү бийлик башчыларын эл шайлайт. Биздин эл президенти, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлап эле жатпайбы. Бизге түз шайлоодон башка натыйжалуу жол жок.

27-февралда өткөн форумда президент “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” кодекс кабыл алыныш керек деп жакшы сунуш айтты. Кубаттай турган демилге. Кодекс мыйзамдан жогору турат. Кабыл алынып калса, мэриялар менен айыл өкмөттөрүнүн ыйгарым укуктары боюнча көп маселелерди чечсе болот. Бирок ага кандай жоболор кирет ал башка маселе. Канткен күндө да кодексти Конституциянын алкагынан чыгарбаш керек.

(Талкуунун толук вариантын ушул жерден угуңуз)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG