Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:41

Президент жергиликтүү бийликти сындады


Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков аймактарды комплекстүү өнүктүрүү боюнча системалуу жана бирдиктүү саясат жок деп эсептейт. Ал мындай пикирин Бишкекте өтүп жаткан «Аймактарды өнүктүрүү боюнча улуттук диалог» аттуу жыйында билдирди.

Президент Сооронбай Жээнбеков аймактарды өнүктүрүүгө багытталган форумда жер-жерлерде ишкерликке мурда-кийин бут тосуп келаткан маселелерди бирден санап өттү. Мисалы, ал жаңы ишкана ачуудагы түйшүк, ыксыз текшерүүлөр, айылдагы инфраструктура, инвестор менен элдин ортосундагы түшүнбөстүк сыяктуу жагдайларды жөнгө салууда ырааттуу саясат жок экенин билдирди:

- Биринчиден, бүгүнкү күндө аймактарды комплекстүү өнүктүрүү боюнча системалуу жана бирдиктүү саясат жок. Мамлекеттик жана райондук органдардын ортосунда өз ара тыгыз аракеттенүү байкалбайт. Көпчүлүк министрлер жер-жердеги кыйынчылыктарды билбейт, элет менен байланышы начар. Алардын жергиликтүү эл менен жолугуп, элеттин көйгөйүн талкуулаган тажрыйбасы жок. Кээ бир учурда жеринде чечилчү маселелер борбордук бийликтин деӊгээлине негизсиз көтөрүлөт. Мен аймактарда эл менен жолукканда алар көтөргөн маселелердин көпчүлүгү - жергиликтүү бийлик чече турган көйгөйлөр. Эмнеге элибиз жергиликтүү деңгээлде чечилчү маселени борбордук бийликке айтууга мажбур болот? Мына ушул жагдайды талдаш керек. Аким институтун бекемдөө боюнча жумушчу топ иштеп жатат, мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү процессин тездетүү зарыл.

Жээнбеков: элет менен байланыш начар
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:04 0:00

Президент сын-пикир менен катар акыркы бир жылда аймактардын өнүгүшүн колдоо үчүн бийлик бир топ иштерди аткарганын айтып өттү. Буга мисал катары ал айыл чарба өндүрүмүн кайра иштетүүдөгү жеңилдиктер, арзан насыя, текшерүүлөргө киргизилген мораторий, казынадан өзүнчө берене менен бөлүнгөн 2 млрд. сом каражат тууралуу кеп кылды.

Жыйында «Шоро» компаниясын түптөгөндөрдүн бири, ишкер Жумадил Эгембердиев президентке жолуга албай жүргөнүн билдирди. Ал аймактарды өнүктүрүү жергиликтүү жетекчилерден көз каранды экенин, бирок алар эски көз караштан арыла албай жатканын ачык сындады:

- Аймактарды кантип өнүктүрөбүз? Сунушумду кабыл аласызбы-жокпу, командаңыз менен ойлонуп көрүңүз. Ошол жердеги жетекчини жергиликтүү эл шайлашы керек. Себеби, бүгүнкү күндө сиздин акимдериңиз, губернаторуңуз «ичип жээр» маанайы менен иштеп жатат. Сизге «сонун болуп атат» деген отчетторду берет. Ал эми чынында андай эмес.

Эгембердиев: жетекчини жергиликтүү эл шайлашы керек
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:51 0:00

Бийлик аймактарды өнүктүрүү саясатын жүргүзүү аракетин баштаганына 1,5 жылга жакындады. 2018-жылы дагы ушул сыяктуу жыйындар өтүп, ар кандай программалар кабыл алынып, айылдарда ишканалар ачылып, жүздөгөн жумуш орундары түзүлөрү кеп болгон. Бирок «өткөн жыл көрнөк-жарнактар, жер-жерлердеги жыйындар менен эле чектелди» деп сындагандар арбын. Азыр да аймактарды өнүктүрүү боюнча бул форум дыйкандар айыл чарбасында көп өстүргөн картөшкөсүн сата албай, кампаларда чирип жаткан учурга туш келди.

Быйыл чыгымга учураган көлдүк Канат аттуу фермер эки жылдан бери өкмөттөн реалдуу жардам болбой жатканына нааразы болду:

- Айыл өкмөттөр өзүнчө өнүгүп жатат окшойт. Бирок дыйкандарда өнүгүү болгон жок. Күйүүчү майды, үрөндү өзүбүз алдырып жатабыз. Былтыр чыгымга учурадык. Өзүбүз эле оокат кылып келатабыз.

Анткен менен экономист Эрлан Камаловдун пикиринде, бийлик аймактарга көңүл буруп, жок дегенде андагы маселелерди күн тартибине алып чыгып жатканын «музду эритүү» аракети деп бааласак болот. Бирок коомчулук азыр бийликтен батыл аракеттерди күтүп жатат.

- Аймактарды өнүктүрүү программаларында каржы булактары белгисиз болуп жатат, - деди ал. - Эми негизги тармак болуп жаткандан кийин каржылоонун көбү ушул тармакка кетиши керек эле. Азыр чакан жана орто бизнести насыялоо деген деңгээлден чыга албай жатпайбызбы.

Президент Сооронбай Жээнбеков өкмөт, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, эл аралык донорлор катышып жаткан эки күндүк жыйында аймактарды өнүктүрүүгө тоскоол болгон бардык маселелер айтылып, чечүү жолдору иштелип чыгыш керек экенин айтты.

Жыйында сөз болгон аймактарды өнүктүрүү боюнча бийликтин айрым пландарын белгилеп өтсөк, айылдардагы ирригациялык программага ылайык, 2026-жылы 65 миң гектардан ашык сугат жерлери өздөштүрүлөт. Жаңы чарбалар, ишканалар пайда болуп, 240 миңден ашык иш орундары түзүлүшү күтүлүүдө. Ошондой эле аймактарда ички жолдорду оңдоо жакын арада башталат. Бир катар талдоочулар мындай пландардын ишке ашуу мөөнөтү узарган сайын бийликке болгон ишеним азая берерин эске салып жүрүшөт.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG