Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:51

Энергетикалык кризис, мөөр басылган жылыткычтар


Кадамжай районунда мөөр басылган жылыткычтар.
Кадамжай районунда мөөр басылган жылыткычтар.

Кыргызстанда электр энергиясын көрсөтүлгөн чектен ашык пайдалангандарга каршы рейд жүрүп, электр жылыткычтарына мөөр (пломба) басылып жатат. “Ош электр” ишканасынын мөөрү басылган жылыткычтардын сүрөтү интернетке тарап, өлкөдөгү энергетикалык кризистен кабар берүүдө.

"Чырак менен отуруп калдык".

17-ноябрда кар жаап, күндүн сууктай түшүшү “Дордой” базарынын жагындагы "Алтын-Казык" жана Теңдик жаңы конушунун тургундарын көчөгө чыгарды. Соңку эки күндөн бери жарыгы жок отурганын айткан жашоочулар айланма жолду тосуп, ушундай ыкма менен маселени чечүүгө аракет кылышты. Төрт жылдан бери "Алтын-Казыкта" жашаган Амандык Жусупбек уулун эл кыйналып кеткендиктен ушундай кадамга барганын айтат.

Амандык Жусупбек уулу
Амандык Жусупбек уулу

“Конушта 1000 түтүнгө бир эле трансформатор турат. Жарык араң эле күйөт. Нан бышырып же үйүңдү жылыта албайсың. Үйүңө жарык эле берет. Ага деле кайыл болуп жашап келе жатканбыз. Бирок эки күн өчкөндө кыйналып кеттик. Өзгөчө балдарга жаман болду. Алар чырак менен окуп калды да. Анан айла жоктон жолду жаптык. Буга чейин көп эле жерге кайрылганбыз. Бизге такыр көңүл бурбай коюшту да. Жолду жаппасак жарык күйбөйт болчу”.

Жарыксыз калган жаңы конуштун тургундары айланма жолду бир сааттан ашык тосуп турушуп, сүйлөшүүлөрдөн кийин жол ачылды. "Алтын-Казык" Бишкектин айланасындагы мыйзамсыз пайда болгон айылдардын бири. Ал жердеги үйлөрдүн документтери жок болгондуктан Келдибекова аттуу абонент жашоочулардын атынан бөлүштүрүүчү компания менен келишим түзгөн. Алар “Түндүк электр” ишканасына 301 миң 527 сом карыз болуп калган.

Жашоочулар электр кубаты үчүн акчасын өз убагында төлөп келгенин айтып жатышат.

Аламүдүн райондук Электр энергиясын сатуу кызматынын башчысынын орун басары Убайдылда Үмөтов мындай деди:

“Бул жерде 402 түтүн бар биздин маалымат боюнча. Жер трансформация болгон эмес. 2016-жылы ушул себептен көмөкчордонго кошпой койгондо көчөгө чыгып, жолду бууп, кошуп бергенге мажбур кылышкан. Ошондо убактылуу кошуп туруу тууралуу чечим кабыл алынган. Эми сотко беребиз. Акчаны өндүрүп алуу боюнча жумуштарды баштайбыз”.


Негизи эле суук суук түшкөн сайын өлкөдө электр жарык маселеси курчуп баратат. Кыргызстан боюнча бир фазалуу абоненттер үчүн беш киловатт, үч фазалуу абоненттерге 10 киловаттык чек киргизген. Ал эми “Ош электр” ишканасы Ош жана Баткен облустарында рейд жүргүзүп, электр энергиясын көп талап кылуучу жылыткычтарга мөөр (пломба) баса баштады. Анын сүрөттөрү интернетте тарап сын-пикирди күчөттү.

"Ош электр” ишканасынын басма сөз кызматы чектөөнүн себептерин мындай деп түшүндүрүүдө:

“Өкмөттүн токтому менен Ош, Баткен облустары жана Ош шаары боюнча электр энергияны керектөөнүн лимити бекитилген. "Ош электр" 2021-жылдын 16-ноябрына карата бекитилген лимиттен 31,5 миллион кВт саат же 21,6%га ашыкча пайдаланды. Ал эми Кадамжай РЭТи боюнча 3,3 миллион кВт саат же 24,4% ашып атат. Социалдык тармакта талкуу жараткан сүрөт абоненттин үйүндө болгон эмес, азык-түлүк дүкөнүндө болгон. Ал магазиндин эки тараптуу келишимдин негизинде ашыкча электр шаймандарына абоненттин макулдугу менен пломба басылып, жеринде түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн”.

Токтогулга суу толбой калды

Энергетика министрлиги чектөөлөрдүн негизги себебин Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмүнө байланыштырууда. Учурда Токтогул ГЭСинде 11 миллиард 500 миллион куб метр суу бар. Бул былтыркы жылдын ушул маалына караганда 2.9 миллиард кубга аз. Министрлик күз-кыш мезгилинен чыгуу үчүн 6-7 миллиард куб суу керектелерин айтып жатат. Токтогулда суунун көлөмү 6 миллиард кубдан азайып кете турган болсо, анда ГЭСте авариялык абал жаралат.

Азыркы тапта Токтогул суу сактагычында 11 миллиард 500 миллион куб суу бар экени айтылып жатат.
Азыркы тапта Токтогул суу сактагычында 11 миллиард 500 миллион куб суу бар экени айтылып жатат.

Кыргызстандагы Токтогул ГЭСи - азыркы тапта эң ири электр кубатын өндүрүүчү. Мындан сырткары алты гидроэлектро станциясы жана эки ири жылуулук электр борбору (ЖЭБ) Бишкекте жана Ошто бар. Кыргыз бийлиги «Камбар-Ата-1» жана Жогорку Нарын каскадына төрт ГЭС куруу тууралуу айтып келгени менен так даана макулдашкан долбоору жок.

Энергетика министрлигинин Электр энергиясы боюнча мамлекеттик саясат башкармалыгынын башчысы Айбек Айдаралиев Токтогулдагы сууну үнөмдөө аракети болуп жатканын айтты.

Айбек Айдаралиев
Айбек Айдаралиев

“Токтогул суу сактагычындагы сууну үнөмдөө үчүн Бишкек ЖЭБинин кубаттуулугун көбөйттүк. Азыркы тапта ЖЭБден 405-420 мВт чыгарып атабыз. Былтыр ушул маалда 280-300 мВт чейин чыгарып жатканбыз. Бүгүнкүдөй кырдаал болуп келген. Анткени, суу маал-маалы менен азайып турат. Энергетиктер буга таасир эте албайбыз. Бирок жаралган кырдаалдан чыгуу, суунун көлөмүн азайтып жибербөө үчүн иштерди жасап атабыз. Мындан тышкары электр энергиясын сырттан алышыбыз керек”.

Оор кырдаалдын алдын алуу үчүн Кыргызстан электр энергиясын Казакстандан, Өзбекстандан алмашуу жолу менен алып, Түркмөнстанда сатып алууну пландап жатат. Эгергетика министрлигинин маалыматы боюнча, учурда ортодогу келишимге ылайык Казакстандан электр энергиясы келип жатат. Ал эми Өзбекстан убадалашкан көлөмдөгү энергияны берип бүткөн.

Энергетика министри Доскул Бекмурзаев 15-ноябрда Өзбекстанга иш сапары менен барарын, ал жерде энергетика тармагы боюнча сүйлөшүүлөр жүрө турганын билдирген. Ал кошуна өлкөгө жөнөп кетер алдында “Азаттыкка” маек куруп, техникалык себептерден улам Кыргызстанга электр энергиясын импорттоо убактылуу токтоп турганын айткан.

Доскул Бекмурзаев
Доскул Бекмурзаев

“Токтогул суу сактагычынын бир тамчы суусун дагы бүгүн биз ирригацияга пайдаланбайбыз. Анын баары кошуна өлкөлөргө, Өзбекстанга, андан ашканы Казакстанга кетет. Аларда дагы кыйынчылык болуп жатат. Азыр импорт токтоп турат. Өзүбүздүн генерация менен иштеп жатабыз. Өзбекстанда импорт келе турган линияда авария болуп, станциясында ремонт иштери жүрүп токтоп турат. Биздин максат - элди кыштан алып чыгуу. Бул техникалык маселелерди саясатка аралаштырбашыбыз керек", - деди Бекмурзаев.

Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы Өзбекстан жана Түркмөнстан менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы министр Доскул Бекмурзаев Кыргызстанга келгенде белгилүү боло турганын маалымдады. Азыркы тапта импорттоло турган электр энергиясынын көлөмү боюнча так кабар жок.

Энергетик Карыпбек Алымкулов кошуна өлкөлөр ортодогу келишимди толук аткарбай жатышканын айтат.

"Быйыл кыштан чыгыш оңой болбойт. Анткени, Казакстан менен Өзбекстан түзүлгөн келишимдин негизинде бериле турган электр энергиясын жибербей жатышат. Алар өзүлөрүнө жетпей жатканын айтышууда. Ошон үчүн болушунча сууну үнөмдөшүбүз керек. Эмдиги жылы ойлонушубуз керек. Анткени, качанкыга чейин жайында кошуналардын жерин сугарып, кышында жарыгы жок отурабыз? Элге чек коюп, андан ашса өчүргөн туура эмес. Кошуналар менен жакшылап сүйлөшүш керек".

Кыргызстанда 15-октябрдан тартып электр энергиясы жана жылуулук үчүн жаңы тарифтер күчүнө кирген. Ага ылайык, коммерциялык ишканалар үчүн электр энергиясынын баасы 28 тыйынга көтөрүлүп, эми 2 сом 50 тыйындан эсептелет. Бирок ишкерлердин бир тобу электр энергиясына болгон чектөөлөр бир топ кыйынчылыктарды жаратып жатканын айтып келишет.

  • 16x9 Image

    Айбек Бийбосунов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

     

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG