Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:59

Тогуз жаштагы Сумаяны 100дөй ыктыярчы издеп жатат


Сумая Хосилжанова.
Сумая Хосилжанова.

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда мектепке кеткен боюнча дайынсыз жоголгон тогуз жаштагы Сумая Хосилжанованы 100дөй ыктыярчы издеп жатат. Беш күндөн бери дайыны чыкпай жаткан кызын табууга ата-энеси жана милиция коомчулуктан жардам сурады.

22-ноябрь эртең менен Сузак районунун борбордук аянтына чогулган 100дөй тургунду милиция айыл-айылдарга бөлүштүрдү.

Облустук милициянын маалыматына ылайык, 2012-жылы туулган Сумая үйүнөн 18-ноябрь күнү саат 12:40 чамасында мектепке чыгып кеткен. Бирок ошол күнү окууга барган эмес. Сумаяны айрымдар маршруткага түшүп кеткенин көрүшкөн. Атасы Уткүрбек Сулаймановдун айтымында, ошондон бери кызы дайынсыз.

"Кызым үйдөн окууга кеткен бойдон кайра кайтып келген жок. Милиция менен жергиликтүү тургундар топтолуп кызымды айылдын баардык жагынан издеп жатабыз. Эсен-аман табылып калсын деп тиленип жатабыз", - деди Сулайманов.

Сумая башына ак түстөгү жоолук салынып, ак көйнөк, боз түстөгү жемпир, көк түстөгү куртка кийип кеткен. Бутунда кызгылт түстөгү бут кийими болгон.

Өспүрүмдүн бою 120-130 сантиметр, кара тору, чачы кыска жана кара, кашы-көзү кара, дене түзүлүшү арык.

Милициянын айтымында, Сузак району боюнча быйыл жыл башынан бери 25 өспүрүм дайынсыз жоголсо, алардын баары кийин табылып жакындарына берилген. (TB)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG