Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:23

Алматыда келин үч баласы менен тогузунчу кабаттан боюн таштады


Каргаша болгон жер. 22-ноябрь, 2021-жыл.
Каргаша болгон жер. 22-ноябрь, 2021-жыл.

Казакстандын Алматы шаарында 28 жаштагы келин үч баласы менен тогузунчу кабаттан боюн таштады. Төртөө тең жеринде көз жумганын шаардык полиция департаментинин маалымат кызматы билдирди.

"Окуя «Жетысу» кичи районундагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде болгон. 28 жаштагы келин алты, беш жана эки жашар балдары менен кошо секирген. Келин жана эки бала ошол жерден көз жумган. Ал эми бир бала тез жардам автоунаасында үзүлдү", - деп жазылат полициянын билдирүүсүндө.

Күбөлөрдүн айтымында, келин алгач үч баласын ыргытып, анан өзү боюн таштаган. Тартип коргоо мекемеси тараткан маалыматка караганда, аялдын суицидге баруусуна үй-бүлөсүндөгү жаңжал себеп болушу мүмкүн.

Полиция "Жанын кыюуга жеткирүү" деген берене боюнча кылмыш ишин козгоду. Ошондой эле, каргашанын себептерин иликтөө үчүн атайын ыкчам топ түзүлгөнү кабарланды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG