Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:12

Армениянын экс-президенти Саркисянга жаңы кылмыш иши козголду


Армениянын мурдагы президенти Серж Саркисян. Ереван. 16-апрель, 2020-жыл.
Армениянын мурдагы президенти Серж Саркисян. Ереван. 16-апрель, 2020-жыл.

Расмий бийликтин маалыматына караганда, Армениянын мурдагы президенти Серж Саркисянга жемкорлук боюнча жаңы кылмыш иши ачылды. Бул маалыматты анын адвокаты Амрам Макинян дагы ырастады. Анын айтымында, иш Сильва аттуу аялдын Саркисянга каршы берген көрсөтмөсүнө байланыштуу козголгон.

Макинян айтып жаткан ишкер аял Сильва Амбарцумяндын ысымы Армениянын дагы бир мурдагы президенти Роберт Кочарянга каршы коррупциялык иште да аталган.

"Ошол иштин алкагында Серж Саркисян эки жыл мурда күбө катары суралган. Андан бери эч кандай жаңы жагдайлар болгон эмес",-деп жазды адвокат.

Саркисян бир жыл мурда бир миллион доллар кымырып алган деп айыпталган. Иш армениялык иликтөөчү Fact Investigation Platform сайты Саркисян бийликте турган маалда президенттик учак бюжеттин эсебинен Германиядагы Баден-Баден курортуна он чакты жолу барып келгенин аныктагандан кийин козголгон.

Саркисян жана анын тарапташтары бул иштин саясий мүдөөсү бар экенин айтып келишет. Серж Саркисян Арменияны 2008-2018-жылдары башкарган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG