Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:55

Ош - Папан жолунда ураган көпүрөнүн ордуна жаңысы курулду


Көпүрө Ош - Папан жолунун 24-чакырымында жайгашкан. 11-октябрда тартылган сүрөт. 2021-жыл.
Көпүрө Ош - Папан жолунун 24-чакырымында жайгашкан. 11-октябрда тартылган сүрөт. 2021-жыл.

Ош шаары менен Папан айыл өкмөтүн байланыштырган негизги жолдогу көпүрө 11-ноябрдан тарта колдонулуп баштады. Бул тууралуу "Азаттыкка" айыл өкмөттүн башчы Нурзаман Алимбеков билдирди.

Анын айтымында, көпүрөнү курууга 5 миллион сом жумшалып, аны Транспорт жана коммуникациялар министрлиги бөлгөн.

Жаңы көпүрө 15 тоннага чейин жүк көтөрөт.

Ак-Буура дарыясынын үстүндөгү көпүрө 11-октябрда көмүр ташыган автоунаа өтүп бара жаткан кезде урап, жүк ташыган машине сууга түшүп кеткен. Айдоочу менен жүргүнчү аман калган.

Натыйжада Папандагы 14 айылдын тургундары айланма жолдорду пайдаланууга аргасыз болгон.

Папан айыл өкмөтү Ош облусунун Кара-Суу районунда жайгашкан. Ошко чейинки жол 45 чакырымды түзөт. (DU)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG