Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:23

Жапаровдун жаңы конуштагы жолугушуусуна ЭлТР, КТРКнын кабарчылары гана киргизилди


Садыр Жапаров менен жолугушууга келген жашоочулар. Ак-Ордо-3, 22-ноябрь, 2021-жыл.
Садыр Жапаров менен жолугушууга келген жашоочулар. Ак-Ордо-3, 22-ноябрь, 2021-жыл.

Бүгүн, 22-ноябрда мамлекет башчы Бишкектеги Ак-Ордо-3 конушуна барып, кызыл китеби жок жер тилке ээлери менен жолугушту. Ага миңдей адам катышты. Президенттин жолугушуусун Коомдук каналдын (КТРК) жана ЭлТРдин журналисттери гана тарткан.

Президент Садыр Жапаров катышкан иш-чараны чагылдырууга "Азаттыктын" кабарчыларына уруксат берилген жок. Алгач жолугушууну камерага тартууга тыюу салынып, кийин кабарчынын өзү дагы жолугушууга киргизилген эмес.

Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев иш-чараны чагылдыруу үчүн алдын ала аккредитациядан өтүү керектигин айтты. Бирок бул тууралуу маалымат алдын ала айтылган эмес.

Ак-Ордо-3 конушундагы жолугушууда Жапаров 2022-жылдын 1-майына чейин 11 миңден ашык түтүнгө кызыл китеп берилерин, Кыргызстанда документи жок үй болбош керектигин маалымдады. Жаңы конуштун тургундары кызыл китептен тышкары социалдык объекти, коомдук транспорт көйгөйлөрүн айтып, Жапаров 15 жылдан бери чогулган маселелер 1-2 жылда чечилет деп убада берди. (AiB)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG