Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:08

Атайын кызматтын жетекчилигинде кадрдык өзгөрүүлөр болду


УКМК имараты.
УКМК имараты.

Президент Садыр Жапаров Улуттук коопсуздук комитетинде (УКМК) жана УКМКнын алдындагы Чек ара кызматында бир катар кадрдык өзгөрүүлөрдү жасады.

Жанибек Жоробаев УКМК төрагасынын орун басары – УКМКнын киберкоопсуздукту камсыз кылуу боюнча координациялык борборунун директору кызматынан бошотулуп, ордуна Абдыкадыр Разаев дайындалды.

Курсанбек Бекташов УКМКнын Чек ара кызматынын директорунун биринчи орун басары – башкы штабдын начальниги кызматынан бошотулуп, ордуна Марат Маралбаев дайындалды.

Айрым маалымат каражаттары УКМКнын Тергөө башкармалыгынын башчысы Сагынбек Самидин уулу кызматынан бошотулганын жазууда. Атайын кызматтын басма сөз кызматы бул маалыматты ырастай элек.

Улуттук коопсуздук комитетин (УКМК) 2020-жылдагы октябрь окуяларынан кийин Камчыбек Ташиев жетектеп келет. Октябрь окуяларынан кийин Чек ара кызматы УКМКга каратылган. Ушул жылдын 2-декабрынан тартып жаңы күчүнө кирчү кодексттерге ылайык атайын кызматтын тергөө укугу Башкы прокуратурага өтөт.

XS
SM
MD
LG