Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:15

Сузакта бир талапкердин үстүнөн беш арыз түштү


Шерзодбек Умарбеков эл менен жолугууда.
Шерзодбек Умарбеков эл менен жолугууда.

Сузак аймактык шайлоо комиссиясына "Ишеним" партиясынан талапкер Шерзодбек Умарбековдун үстүнөн опузалоо, административдик ресурс колдонуу сыяктуу дооматтар камтылган беш арыз түштү. Умарбеков булардын баарын четке кагууда.

Арыз жазгандар арасында райондун акими да бар. Талапкерге байланыштуу арыздардын кээ бирин милиция териштирип жатат. Умарбеков болсо дооматтарды четке кагууда. Борбордук шайлоо комиссиясы бул иштерди качан карай турганы белгисиз.

Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын төрайымы Гүлиза Сапарова райондо үгүт маалында түшкөн арыздардын эң көбү "Ишеним" партиясынан талапкер Шерзодбек Умарбековго тиешелүү экенин билдирди.

Ага ылайык, талапкердин интернетте аймактык оорукананын кызматкери менен телефондо сүйлөшкөнү, акимди опузалаганы жана Сузак айылдык кеңешинин төрагасын коркутканы тууралуу арыздар катталды.

Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын төрайымы Гүлиза Сапарова
Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын төрайымы Гүлиза Сапарова

"Арыздар биздин ыкчам чара көрүү тобуна келип түшкөн. Шерзодбек Умарбековдун үстүнөн түшкөн арыздын үчөөндө социалдык тармактарда жарыяланган маалыматтар боюнча болгон. "Административдик ресурсту пайдаланып жатат", "Сузак айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин төрагасы кошо жүрөт" деген тариздеги даттануулар түшкөн. Ал эми эки арыз телефон аркылуу сүйлөшүү боюнча. Анда аким менен айылдык кеңештин төрагасын коркуткан деп арыз жазылган. Талапкердин атына келген арыздардын баары коштомо кат менен БШКга жиберилген".

Умарбековго каршы даттангандар арасында Сузак айылдык кеңешинин төрагасы Камаридин Абдукадиров да бар.

Сузак айылдык кеңешинин төрагасы Камаридин Абдукадиров
Сузак айылдык кеңешинин төрагасы Камаридин Абдукадиров

"Шерзодбек мага "менин иним Бекзад Абдурашидовду жумуштан кетирүү үчүн түндөп депутаттардын үйлөрүнө барып, кол топтоп жүрүпсүң" деди. Мен далилде десем. Сени сотко берем, прокуратурага текшертем деп коркутту. Мени кийин милиция чакырып, Умарбеков сизди коркутуп, опузаладыбы деп сурагандан кийин баарын айтып бердим".

Буга чейин Сузак районунун акими Баратбек Сыдыкназаров да Умарбековго каршы милицияга арыз менен кайрылган. Анда аким талапкер телефондон президенттин атын атап опузалаганын белгилеген.

Сузак районунун акими Баратбек Сыдыкназаров
Сузак районунун акими Баратбек Сыдыкназаров

"Ал мага чалып," Биз ажонун көзөмөлүндөбүз, инимди ажо көзөмөлдөйт, ал-бул" деди. Мен ага "сен ажону кошпой сүйлө, уят болот" деп айттым. Андан кийин милицияга арыз жаздым".

Мындан көп өтпөй Сузак айыл өкмөтүнүн башчысы Бекзад Абдурашидов кызматын жөндөй алган жок деген негиз менен кызматынан бошотулду.

Кызматка төрт ай мурда дайындалган 35 жаштагы Бекзад Абдурашидов иштен мыйзамсыз алынганын айтып президент Садыр Жапаровго видеокайрылуу жолдогон жана ишти жеке көзөмөлүнө алууну суранган.

Сузак райондук милициясы акимдин Умарбековго каршы жазган арызын Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттады. Бул тууралуу "Азаттыкка" облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз өкүлү Шеркул Турганбаевдин билдиришинче, "бийлик өкүлүнө зомбулук көрсөтүү" менен катталды, сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, тергөө жүрүп жатат.​

Шерзодбек Умарбеков
Шерзодбек Умарбеков

Шерзодбек Умарбеков акимге чалганын бышыктады, бирок анда президенттин атын атап "опузалаган" деген дооматты четке какты. Ал инисине байланыштуу талаш-тартыш болбогонун айтууда. Умарбеков өзүнө айтылып жаткан дооматтарды каралоо деп сыпаттап жатат:

"Мунун баары жалган. Мындай сөз болгон эмес, ал жерге саясат аралашкан эмес. Мен бул киши (аким-ред.) менен байланышым бар. Бул жерде кимдир бирөөлөрдүн көрө албастыгы болуп жатат".

Шерзодбек Умарбековдун аты аталып, териштирүү жүрүп жаткан башка да иштер бар. Маселен, социалдык тармактарда Умарбеков менен өзүн Одинохон деп тааныштырган медайымдын баарлашуусу жазылган аудио тарап кеткен. Анда талапкерге шайлоодо жардам берем деген мазмундагы сөздөрдү угууга болот.

Юлия Лилиенталь
Юлия Лилиенталь

Ага чейин №13 бир мандаттуу Сузак районунан депутаттыкка талапкер Юлия Лилиенталь Садыр Жапаров менен БШКга Шерзодбек Умарбековго байланыштуу кайрылган. Анда аталган талапкер үгүт учурунда президент Садыр Жапаровдун атын жамынып, административдик ресурс колдонуп жатканын, бир катар депутаттар менен айыл өкмөт башчысы анын үгүт ишерине ачык аралашканы айтылат.

Садыр Жапаров бийлик бул парламенттик шайлоону ачык, таза өткөрө турганын, административдик ресурс колдонууга жол берилбесин такай айтып келет. БШКнын мүчөсү Узарбек Жылкыбаев Шерзодбек Умарбековго байланыштуу иштер тууралуу буларды айтты:

"Мен аныгын билбейм. Бирок, талапкер акимге чалып, президенттин атын атаганын жана айылдык кеңештин төрагасын коркутканы боюнча уктум. Ал боюнча органдар карап жатса керек".

Шерзодбек Умарбеков 2020-жылы жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоого "Мекеним Кыргызстан" партиясы менен катышкан.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтөт. Бул ирет парламентке келүү үчүн 21 саясий партия, бир мандаттуу округдардан 288 талапкер ат салышууда.

Жаңы мыйзамдарга ылайык, аралаш система менен өтүүчү шайлоодо парламенттеги 90 орунга 54 депутат партиялар аркылуу, 36 депутат бир мандаттуу округдардан шайланып келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG