Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:35

УКМКнын башкы тергөөчүсү кызматтан кетти


Сагынбек Самидин уулу.
Сагынбек Самидин уулу.

Улуттук коопсуздук комитетинин Тергөө башкармалыгынын жетекчиси Сагынбек Самидин уулу кызматтан алынды. Ал атайын кызматтын ири өлчөмдө пара алган деген шек менен кармалган өкүлүнө байланыштуу иштен алынды деген сөздөрдү четке какты.

Самидин уулу тергөө башкармалыгын соңку үч жылдан бери жетектеп жаткан. Ал уйгур тектүү ишкер Айеркен Саймаитинин өлүмү өңдүү бир топ чуулгандуу, коррупцияга байланышкан иштердин иликтенишинин башында турган жана тергеп-иликтөө тууралуу сын-доомат көбөйгөн.

УКМК Сагынбек Самидин уулунун кызматтан бошотулганы жана анын себеби тууралуу расмий маалымат тараткан жок. Айрым басылмалар анын кызматтан кетишин быйыл жайында ири өлчөмдөгү акчаны, 200 миң долларды кымырып алды деген шек менен камалган, кийинчерек үй камагына чыккан бөлүм башчыга байланыштуу экенин жазышты. Самидин уулу "Азаттыкка" учкай комментарий берип, кызматтан кеткенин бышыктады жана өз эрки менен кеткенин билдирди.


Самидин уулу бул кызматта турганда бир катар чуулгандуу, коррупциялык иштер тергелеп-иликтенди. Адвокат Чынара Жакупбекованын пикиринде, анын тушунда сын-доомат көбөйдү.

"Анын тушунда буйрутма иштер көбөйүп, тергөө иштери мыйзамыз жүрүп жаткандай сезилип турчу. Буга чейинки жетекчилер салыштырмалуу мыйзамдарды карачу. Анын кызматтан кеткенин сизден угуп жатам жана анын кеткенине абдан ыраазымын".

Сагынбек Самидин уулу 2019-жылдан бери тергөө башкармалыгында жетекчилик кызматттарда иштеп жаткан. Мурдагы жылы Стамбулда киши колдуу болгон уйгур тектүү ишкер Айеркен Саймаитинин өлүмүнө байланыштуу кылмыш ишинин тергелиши тууралуу маалыматтарды берип келген. Анда бул иште журналисттерге каршы көрсөтмө берген эки күбөнүн видеосун ачык жарыялаганы талкуу жараткан.

Азыркы бийликтин тушунда коррупцияга байланыштуу козголгон кылмыш иштери, тергөө менен кызматташкан деген негизде камалган адамдардын бошотулушу сынга кабылган.

Талдоочу Марс Сариев Сагынбек Самидин уулунун кызматтан алынышын коомчулуктагы нааразылык маанайды азайтуу аракети катары сыпаттап жатат.

"Тазалануу үчүн ушундай чаралар көрүлүп жатат. Чынында "кустуруу" деген сыяктуу акциялар революциядан кийин чынында эле аша чапкан учурлар болгон. Ошондуктан шайлоонун алдында нааразылык күчөп жатат. Азыр жакшы иштер болуп жатат, өкмөт "Мегакомду" утту, Кумтөрдүн иши дагы жакшы жылып жатат. Көмүрдүн баасы үч миң сомго түштү, ТЭЦ-2де "кызыл китептер берилет" деп ушундай жолдор менен чыңалууну чечип жатышат. Ыңкылаптан кийин күч органдарында куугунтук кылган учурлар болгон. Ал жактагы чыңалуу тергөөчүлөр кызматтан кетсе азая түшөт".


УКМКда мындан башка дагы кадрдык өзгөрүү болду. Президент Садыр Жапаров 22-ноябрда Жанибек Жоробаевди атайын кызматтын төрагасынын орун басары – УКМКнын киберкоопсуздукту камсыз кылуу боюнча координациялык борборунун директору кызматынан бошотуп, ордуна Абдыкадыр Разаев дайындады.

Курсанбек Бекташов УКМКнын Чек ара кызматынын директорунун биринчи орун басары – башкы штабдын начальниги кызматынан алынып, ордуна Марат Маралбаев келди.

Өткөн айда Курсанбек Бекташев, Чек ара кызматынын Ош облусундагы башчысы Чынарбек Насиев жана "Достук" өткөрмө пунктунун башчысы Аскарбек Эрмекбаев камалган. Атайын кызмат "Алар чек арадан өткөн кишилерди, негизинен өзбек жарандарын опузалап такай акча алып турганы аныкталган" деп билдирген жана Кылмыш-жаза кодексинин 325-беренесиндеги "Адамдардын тобу тарабынан пара алуу" деген берене менен кылмыш иши козголгон.

УКМКны былтыр бийлик алмашуу менен аяктаган октябрь окуяларынан бери Камчыбек Ташиев жетектеп келет. Ал келгенден кийин Чек ара кызматы УКМКнын карамагына өткөн.

Быйыл жайында бул мекемеге караштуу Антикоррупциялык кызмат жоюлган. Ушул жылдын 2-декабрынан тартып жаңы күчүнө кирчү кодексттерге ылайык, коррупцияга байланыштуу кылмыш иштерин тергөө атайын кызматтан сырткары Башкы прокуратурага дагы берилет.

УКМК: Журналисттерге акча берүү боюнча документ жок
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:05 0:00

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG