Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:11

"Кумтөр иши": Сариев менен Оторбаев үй камагына чыкты


"Кумтөр иши" боюнча кармалган мурдагы премьер-министрлер Жоомарт Оторбаев менен Темир Сариев Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен чет жакка чыкпоо тууралуу тилкаттын негизинде абактан бошотулду.

Райондук соттун басма сөз кызматынын маалыматына караганда, Оторбаевдин бөгөт чарасын өзгөртүү өтүнүчү менен сотко Башкы прокуратура кайрылган.

Кыргыз өкмөтүн 2014-2015-жылдары башкарган Жоомарт Оторбаев "Кумтөр ишине" байланыштуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетти (УКМК) тарабынан 16-сентябрда кармалып, аталган мекеменин тергөө абагына камалган.

УКМК Оторбаев премьер-министр болуп турганда мыйзамдын талаптарын бузуп, “Кумтөр Голд Компани” чет элдик ишканасынын "кызыкчылыгы үчүн буйрук алып, Лысый жана Давыдов мөңгүлөрүн жок кылууга макулдук берген" деп билдирген.

2014-жылы өкмөттүн башына келген Жоомат Оторбаев Кумтөр боюнча “Центерранын” директорлор кеңешинин курамын өзгөртүп, анда чечим кабыл алууга Кыргызстандын таасирин артырууну көздөгөн долбоорун сунуштап, ал ишке ашкан эмес.

Оторбаев 2015-жылы апрель айында кызматтан өз каалоосу менен кеткенин жарыялайт. Бирок ошол кезде парламент депутаты Асылбек Жээнбеков жана айрым саясий экперттер Оторбаев Кумтөр долбоорунда сүйлөшүүлөрдө жыйынтык чыгара албай калганы үчүн кызматтан кол жууганын айтып чыгышкан.

Сариевдин дооматы, Кутманованын жообу

Бишкектин Биринчи май райондук соту мурдагы премьер-министр Темир Сариевдин бөгөт чарасын эч жакка кетпөө тилкаты менен өзгөрттү.

Бул тууралуу өздүк булактар кабарлады. Маалыматка ылайык, буга чейин козголгон 2012-жылдагы Кумтөр боюнча мамлекеттик комиссияны жетектеп тургандагы иш "далил жок" деген негизде кыскартылган.

Сариевге карата иш 2015-жылы премьер-министр болуп турганда тоо кен планы боюнча буйрукка негизинде "кызмат абалынан ашыкча пайдаланган" деген беренеге өзгөртүлгөн. Буга байланыштуу Сариевдин бөгөт чарасы өзгөртүлүп, 20-ноябрда эркиндикке чыкты.

Мурда Сариевге "Коррупция" беренесинин негизинде айып тагылган.

Сариевдин бөгөт чарасы өзгөрүп, абактан чыкканын Биринчи май райондук соту дагы ырастады. Аталган мекеме мурдагы өкмөт башчы эч жакка кетпөө тууралуу тилкаттын негизинде абактан бошотулганын билдирди.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Сариевди 3-августта кармаган. Ага "Кумтөр кениндеги экологиялык чыгымдарды миллиарддаган сомго азайткан" деген айып тагылган. Сариев Кумтөрдөгү жагдайды текшерүү боюнча 2012-жылы түзүлгөн мамлекеттик комиссияны жетектеген.

Анда Сариевдин адвокаты Тимур Султанов саясатчыга Кылмыш кодексинин 319-беренеси (Коррупция) менен айып тагылганын айтып, муну мыйзамсыз жана негизсиз деп билдирген. Андан кийин ишти караган Биринчи май райондук соту жана Бишкек шаардык соту саясатчыны тергөө абагында калтырган.

Мурдагы өкмөт башчы Бишкек шаардык сотундагы бөгөт чарасын кароо учурунда өзүнө жалган жалаанын негизинде айып коюлуп, жарандык укугу бузулуп жатканын билдирген.

Темир Сариев Кумтөрдөгү жагдайды текшерүү боюнча 2012-жылы түзүлгөн мамлекеттик комиссияны жетектеген.

Ушул жылы 12-октябрда өткөн сотто сүйлөп жатып ал "Кумтөр ишине" байланыштуу Экология жана климат боюнча комитеттин төрайымы Динара Кутманова ага жалган жалаа жаап, бир катар маалыматтарды бурмалап жатканын айткан.

"Бүгүн Кумтөр боюнча маселе көтөрүп, ага сыртка башкаруу киргизүүгө мен өз кезегинде жетектеген мамлекеттик комиссиянын тыянактары мүмкүнчүлүк түзүп берип жатат. Ал учурда парламентте эки күн отчет берип, бардык суроолорго жооп бергем. Ал эми бүгүн Кутманованын айтканы жалган. Бул эч кандай түшүнүгү жок адамдын айтканына тете болуп жатат. Анын 25 барактан турган отчету, ал жазган айыппулдар мен жетектеген мамлекеттик комиссиянын материалдарында бар",- деген Сариев.

Динара Кутманова.
Динара Кутманова.

Динара Кутманова ага чейин "Азаттыктын" суроосуна жооп берип жатып “Иш менин арызымдын негизинде эмес, мөңгүнүн үстүнө калдык таштоо маселеси боюнча козголду” деп айткан жана учурунда ага сөз берилбей калганын билдирген:

“Ошол жыйындын видеосу турат. Мен ал жерде маселелерди көтөргөм. Мага сөз бербей коюшкан”.

Кутманова калдыкты мөңгүгө көмүү кыргыз мыйзамдарынын бузулушу болгонун “Центерра” да моюнуна алганын кошумчалап, эсептөөнүн коэффициенти эмне үчүн эске алынбаганын тергөө аныктай турганын кошумчалаган:

“Тергөө жүрүп жатат. Тергөө мыйзамдын негизинде, объективдүү карап чыгышы керек. Мен тергөөгө кийлигише албайм. “Центерра” калдыктарды мөңгүнүн үстүнө төгүп мыйзам бузганы, бул үчүн санкциялар каралганы талашкыс факт”, - деген Кутманова.

Сариевди Садыр Жапаров бошоттубу?

Сариев 2012-жылы экономика министри болуп турганда Кумтөрдөгү жагдайды иликтеген мамлекеттик комиссияны жетектеген.

Ошол кезде юстиция министри болгон жана комиссиянын укук маселелери боюнча тобун жетектеген саясатчы Алмамбет Шыкмаматов интервьюсунда Темир Сариев премьер-министр кезинде Кумтөр маселесин иликтеген мамлекеттик комиссиянын ишин уюштуруу жагына гана жооптуу болгонун, анын чечимдерине кийлигишпегенин белгилеген.

Алмамбет Шыкмаматов.
Алмамбет Шыкмаматов.

“Экология боюнча корутундуну 20-30дай мүчөсү бар топ жазган, арасында коомчулук өкүлдөрү, оппозициялык маанайдагы эксперттер болгон. Чечимди бир эле киши кабыл алган эмес. Алар талашып-тартышып, көпчүлүк добуш менен кабыл алышкан. Мисалы, биздин топко Темир Аргенбаевич “Анткиле, минткиле” деген эмес. Жобо боюнча ал комиссиянын жетекчиси катары материалдык жактан камсыз кылуу, комиссиянын иши тууралуу журналисттерге улам отчет берип туруу, парламентке келгенде жооп берүү менен алектенген. Ал эми чечим комиссиядагы 60-70 кишинин көпчүлүк добушу менен кабыл алынган” , - деген Шыкмаматов.

Сариев камакта жаткан учурда анын жактоочулары бир нече ирет митингге чыккан. Бир катар белгилүү адамдар ишти үй камагына чыгарып эле тергесе болорун айтышкан.

23-октябрда президент Садыр Жапаров журналисттер менен жылдык жыйыны учурунда Темир Сариевдин ишин үй камагына чыгарып эле тергөө керектигин айтып жатканын белгилеген.

"Темир Сариев менен сүйлөшкөм. Бир эмес эки-үч жолу. Анын тажрыйбасын мамлекет үчүн колдоноюн деген ниетим бар эле. Бирок тергөөнүн жыйынтыгы ушундай болуп калды. Мен аны үй камагына чыгарып коюп деле тергей берсеңер болот эле деп атам", - деген Жапаров.

Ал эми Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Акматбек Келдибеков “Азаттыктагы” талкууда саясий куугунтук болбош үчүн кылмыш иши козголгон саясатчыларды үй камагына чыгарып тергөө керек деп билдирген.

“Темир Сариевдин тарапташтарынын митингде үй камагына чыгаргыла деген талабы менин дагы башымдан өткөн. Үй камагына чыгарып коюп тергесе болот. Анын күнөөлүү же күнөөсүз экенин сот аныктайт. Ошол менин убагымда дагы далай митингдер өткөн. Бирок ошол мезгилде саясатчыларга кол чаап, “биздин башыбызга түшпөйт, биз муну көрбөйбүз” деп адилетсиздик кылган адат бүгүн кайталанып жатат. Ар бир адамга коюлган күнөө боюнча соттон адилеттүү мойнуна коюлганда кыргыз эли адилеттүү чечимди кабыл алабыз. Адилетсиз чечим менен өмүр бою күрөшөбүз”, - деген Келдибеков.

"Ата Мекен" партиясынын лидери, саясатчы Өмүрбек Текебаев экс-премьер-министр Темир Сариевдин баш коргоо чарасы тууралуу билдирүү жасап, ал жоопкерчиликтен, тергөөдөн качпай турганын белгилеген.

"2007-жылы Бакиевдин атайын кызматы аянттагы митингчилерди кууп таратып жаткан учурда Темир Сариев качпастан, аянтта эл менен турган. 2010-жылы Бакиевдин бийлиги оппозицияны кармап, камап жатканын билип турса да, Москвадан келип, өзү УКМКнын колуна түшүп берген. Ал "коркуп качкандан көрө, камалсаң да Кыргызстанда болушум керек" деген көкжал принципти карманган адам. 2017-жылы мен кармалып, камалган учурда да мени колдоп турган", - деген Текебаев.

Темир Сариев 2015-жылдын май айынан 2016-жылдын апрелине чейин премьер-министр болгон. Андан мурун экономика жана монополияга каршы саясат министри, каржы министри, Жогорку Кеңештин депутаты болгон жана башка мамлекеттик кызматтарда иштеген.

"Кумтөр иши" боюнча буга чейин мурдагы президент Аскар Акаев баштаган он беш чакты мурдагы жана азыркы аткаминерлер, Жогорку Кеңештин депутаттары сурак берген. Айрымдары камалган. Кээ бирөөлөрү тергөө менен кызматташканы үчүн, айрымдары ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарылган.

УКМКнын "Кумтөр иши" боюнча айыптоолорунда кен иштетүүдө коррупцияга жол берилип, Кыргызстандын кызыкчылыгы тебеленип, пайданын көбү чыгым катары көрсөтүлүп, көз жумду мамиленин айынан экологияга олуттуу зыян келтирилгени белгиленген.

Айыпталып жаткандар жана алардын адвокаттары коюлган айыпты четке кагып келет.

20-ноябрда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кумтөр кенинин тегерегиндеги соңку абал боюнча билдирүү таратты. Анда өкмөт башчы “Центерра Голд” Кумтөр кенине мындан ары ээлик кылбай турганын расмий жарыялаганын айткан.

Centerra Gold Inc. компаниясынын бул тууралуу билдирүүсү 19-ноябрда сайтына дагы жарыяланды. Centerra Gold Inc. мындай чечимди Онтарио провинциясынын (Канада) Баалуу кагаздар боюнча комиссиясынын талабы менен кабыл алган.

Centerra Gold 19-ноябрдагы отчетунда Кыргызстан тараптан жасалган айрым кадамдар Кумтөр кенинен ажырап калышына алып келгенин айткан. Компания буга кенди "басып алуу" себеп болгонун белгилеген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG