Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:08

Башкы прокуратуранын укуругу узарды


Прокуратура кызматкерлерин кесиптик майрамына арналган жыйын. 20-ноябрь, 2021-жыл.
Прокуратура кызматкерлерин кесиптик майрамына арналган жыйын. 20-ноябрь, 2021-жыл.

Кыргызстанда 2-декабрда күчүнө кире турган Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинде тергөө менен кызматташуу эрежеси алынды. Мындай маалымат 20-ноябрда президент Садыр Жапаровдун катышуусунда өткөн прокуратура кызматкерлеринин кесиптик майрамына арналган жыйында айтылды. Анда тергөө укугу Башкы прокуратурага кайтарылганы да белгилүү болду.

Президент Садыр Жапаров прокуратура органдарынын кызматкерлеринин күнүнө арналган жыйында прокуратура органдарынын кеңейтилген укуктарын белгиледи:

“Баарыбызга белгилүү болгондой, буга чейин жүргөн соттук-укуктук реформанын алкагында кылмыш-жазык мыйзамдары кабыл алынып, укук коргоо органдарына бир топ сокку урулган. Алсак, Советтер Союзунун учурунан бери калыптанган, эң оор жана бетин ачууга татаал болгон кылмыштарга тергөө жүргүзүү Башкы прокуратурадан алынып салынган. Менин оюмча бул шашылыш чечим болгон. Анткени прокуратуранын тергөөчүлөрү ар дайым сапаттуу тергөөнүн үлгүсү болуп келген. Ошондуктан жаңы Баш мыйзамда прокуратурага тергөө укугу кайтарылып берилди”.

Жапаров кошумчалагандай, 1-декабрдан баштап күчүнө кире турган кодексте тергөө менен кызматташуу деген эреже алынган.

"Себеби, кылмышка шектүү катары каралган адамдардын бирөөсү кызматташууга макул болуп кылмыш жөнүндө маалымат берсе, адамдын күнөөсү бар же жок экени такталбай туруп жоопко тартылып кеткенине күбө болуп жатасыздар. 2019-жылдын 1-январынан бери иштеп келе жаткан бүгүнкү кодекстерди ким даярдаганы жана кимдер кандай кабыл алдырганын жакшы билесиздер. Биздин бүгүнкү заманыбызга, элдин кызыкчылыгына карама каршы келген кодекс болгон. Негизи, чынын айтсам, бүгүнкү иштеп жаткан кодекс силер үчүн урматтуу прокурорлор, тергөөчүлөр үчүн, биз үчүн, мына бийлик башындагылар үчүн эң ыңгайлуу кодекс".

Ишеним жана эскертүү

Президент жаңы Конституцияда башкы прокурорго мыйзам демилгелөө укугу да берилгенин, 1-январдан баштап прокуратура кызматкерлеринин айлыгы көбөйтүлөрүн да белгилеп, таза так иштөөгө чакырды:

“Тилекке каршы, араңыздарда тартипсиз кызматкерлер дагы жок эмес. Аларга жакында чара көрүлдү, айрым кызматкерлер камалып, айрымдары кызматтан алынды. Андай кызматкерлерден тазаланышыңыздар керек. Мына ошондо гана элдин ишеними силерге чоң болот”.

Кыргызстанда коррупция менен күрөшүү милдети жүктөлүп жаткан прокуратура кызматкерлеринин өздөрү коррупциялык иштер боюнча кармалган учурлар көп. Буга чейин райондук, облустук жетекчилерден баштап, Башкы прокуратуранын Тергөө башкармалыгынын башчысына чейин пара алып жаткан жеринен кармалган фактылар бар.

Эки күн мурун атайын кызмат Бишкек шаарындагы Октябрь районунун прокурорунун орун басары 5 миң доллар пара талап кылып, 200 миң сомдон ашык акча алып жаткан жеринен кармалган.

Башкы прокуратураны 2020-жылдагы октябрь окуяларынан кийин башкарып келе жаткан Курманкул Зулушев президентке прокуратурадагы коррупцияга жол бербөөгө убада берди.

“Коррупцияга аралашкан кызматкерлерден тазалануу ишине өзгөчө көңүл бурулат. Урматтуу Садыр Нургожоевич, бир карын майды бир кумалак чиритет дейт, майрамдын астында Октябрь райондук прокуратурасындагы болгон ишти кайталабаганга аракеттенебиз”.

Тергөөнү кайра алды

Президент 16-ноябрда Башкы прокуратурада атайын тергөө башкармалыгы түзүлгөнүн, эми коррупциялык мүнөздөгү бардык иштер ошол жакта караларын билдирген. Буга чейин Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы жана Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) алдындагы Антикоррупциялык кызмат жоюлган.

Президенттин алдындагы Антикоррупциялык кеңештин төрайымы Нурипа Муканова тергөөнүн Башкы прокуратурага берилиши тергөөнүн сапатын жогорулатат деп ишенет.

Нурипа Муканова
Нурипа Муканова

“Тергөөнү Башкы прокуратура жүргүзүш керекпи же Ички иштер министрлигиби деген суроого Башкы прокуратура деп жооп берет элем. Коррупцияга карата кылмыш иштерин жүргүзүүнү бир органга берген туура болду. Мурда бир топ орган жүргүзүп, ким жоопкерчилик тартат дегенде жооп болбой калчу”.

Президент Садыр Жапаров Улуттук коопсуздук комитетинин алдындагы Антикоррупциялык кызматты жоюп жатып, бул кадамды паракорчулукту ооздуктоодогу чечкиндүү кадам, бизнести колдоо аракети катары сыпаттаган.

Бирок атайын кызматтын башчысы Камчыбек Ташиев июлдагы маалымат жыйынында Коррупцияга каршы күрөш кызматы жоюлгандан кийин анын функциясы мекеменин Өзгөчө маанилүү иштер башкы башкармалыгына ( 6-башкы башкармалык) берилгенин айткан жайы бар.

Адвокат Замир Жоошев Башкы прокуратурада 2019-жылга чейин деле тергөө укугу болгонун эске салды.

“УКМК азыр майда-барат иштен баштап, чоң иштерди дагы тергеп жатат. 1-декабрдан баштап тергөө функциясы Башкы прокуратурага өтүп, ошондон кийин сонун болуп кетет деген жакшы каалоо экен. Бирок андай деле болуп кетпейт го. Себеби, 2019-жылга чейин Башкы прокуратурада тергөө функциясы бар болчу да. Ал учурда башкача беле? Ошондуктан бул системаны реформалоо саясий эрктен көз каранды деп ойлойм. Ал эми Башкы прокуратурага кызматтык кылмыш иштерди тергөөнү гана бериш керек”.

Жемкорлуктун деңгээлин изилдеген Transparency International эл аралык уюмунун 2020-жыл боюнча рейтингинде Кыргызстан 100 баллдын 31ин алган. Бул тизмеде балл канчалык аз болсо, жемкорлук деңгээли ошончолук жогору.

Жемкорлук желесинде калган Борбор Азия
please wait

No media source currently available

0:00 0:37:14 0:00

  • 16x9 Image

    Марат Тагаев

    Марат Тагаев – “Азаттык” радиосунун кабарчысы. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин, Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Башкаруу академиясында магистратураны бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG