Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:19

Жапаров Кыргызстанда кол тийбес адам жок экенин айтты


Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаров ар бир кылмышкер саясий жана социалдык статусуна карабай жазаланышы керек деп билдирди.

Бул тууралуу мамлекет башчы Бишкекте, 20-ноябрда өтүп жаткан прокуратура кызматкерлеринин кесиптик күнүнө арналган иш-чарада сүйлөп жатып айтты.

2021-жылда кабыл алынган Конституциянын талаптарына ылайык прокуратура органдарына тергөө жүргүзүү укугу кайтарылып берилгенин белгиледи.

"Ар бир кылмышкер сөзсүз жазаланууга тийиш. Мыйзам алдында бардыгы бирдей болсун, социалдык же саясий абалына карабагыла. Кол тийбес деген түйшүнүккө мен жол бербейм. Мындан тышкары 2019-жылдын 1-январынан берки колдонулган мыйзамдарга тергөө мөөнөттөрү жок болгондуктан үч жылга жакын убакытта ар кандай шылтоолор менен сотко чейинки чечилбеген иштердин саны болуп көрбөгөндөй өскөн. Көптөгөн кылмыш иштери бирдиктүү реестрге катталгандан кийин жылдап, эч бир тергөө амалдары жүргүзүлбөй, тергөөчүнүн сейфинде жатат. Мындай чечилбеген иштердин аркасында адам укугу кошо тебеленип жатат. Ошондуктан элдин нааразылыгы жана арыз-даттануулардын саны өсүп кеткен. Менин дарегиме эле миңдеген жарандар кайрылды", - деди Жапаров.

Садыр Жапаров Кылмыш-жаза кодексине, Укук бузуулар жөнүндөгү кодекске, Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине жана жазык кодекстерин колдонууга киргизүү жөнүндөгү мыйзамга 28-октябрда кол койгон. Жаңы кабыл алынган кодекстер 2-декабрдан тартып иштей баштары маалымдалды.

Прокуратура кызматкерлеринин кесиптик күнүнө арналган иш-чарага башкы прокурор Курманкул Зулушев, УКМК жетекчиси Камчыбек Ташиев, ички иштер министри Улан Ниязбеков, Жогорку соттун төрайымы Нургүл Бакирова жана ушул тармактагы ардагерлер, прокурорлор катышууда.

Кыргызстанда алгачкы прокуратура 1924-жылдын 22-ноябрында ошол кездеги революциялык комитеттин отурумунда түзүлгөн. (MTa/KE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG