Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:33

Президент Жапаров прокурорлордун маянасы көтөрүлө турганын айтты


Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров прокуратура кызматкерлеринин айлыгын көтөрүү боюнча жарлык даярдалып жатканын айтты. Бул тууралуу мамлекет башчы бүгүн, 20-ноябрда прокуратура кызматкерлеринин күнүнө арналган иш-чарада сүйлөп жатып билдирди. Кызматтык турак жай курула баштаганын да айтты.

"Мурда убада бергендей айлык акыңыздарды 2022-жылдын башынан тартып көтөрүү жөнүндө жарлыгымды даярдап жатам. Мындан сырткары кошумча административдик имараттар жана кызматтык турак жайлар курулууда. Сиздердин эмгек акыңыздарды бир айдан экинчи айга кенен жеткидей кылып беребиз, шарттарды түзөбүз. Бирок мамлекет тарабынан ишиңиздердин сапатына, адилеттүүлүккө катуу сурак болот. Ошону унутпаңыздар", - деди Жапаров.

Өлкө башчысы Садыр Жапаров прокуратура тармагында иштегендерди кесиптик майрамы менен куттуктады. Президент сөзүндө прокуратура кызматкерлеринин арасында ишин абийирдүүлүк менен аткарбаган кызматкерлер бар экенин да белгиледи.

Иш-чарага башкы прокурор Курманкул Зулушев, УКМК жетекчиси Камчыбек Ташиев, ички иштер министри Улан Ниязбеков, Жогорку соттун төрайымы Нургүл Бакирова жана ушул тармактагы ардагерлер, прокурорлор катышууда.

Баш прокурор Курмакул Зулушев Жогорку Кеңеште депутаттардын суроосуна жооп берип жатып облустун прокурорлор 20 миң, райондун прокурорлору 17,500 сом, орун басарлары 16,500, жөнөкөй ыкчам жардамчылар 12,500 сом ала турганын айткан.

Кыргызстанда алгачкы прокуратура 1924-жылдын 22-ноябрында ошол кездеги революциялык комитеттин отурумунда түзүлгөн.(MTa/KE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG