Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:27

Коронавирустан эки бейтап каза болуп, 53 учур жаңы аныкталды


Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү, 20-ноябрдагы маалыматына караганда, кечээтен бери Кыргызстанда бул инфекциядан эки адам каза болду.

Экөө тең вакцина албагандар экени айтылды. Ооруну жуктуруп алгандардын көбү Бишкек шаарында. Ош шаарында жаңы учур катталган жок.

  • Бишкек - 16
  • Чүй облусу – 10
  • Ош облусу – 4
  • Талас облусу - 2
  • Нарын облусу - 1
  • Ысык-Көл облусу – 10
  • Жалал-Абад облусу – 5
  • Баткен облусу - 5

Жалпысынан өлкөдө COVID-19дан көз жумгандардын расмий саны 2720 адамга жетти.

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 53 адамдан табылды. Алардын теңинен көбү Бишкек шаарында.

Өлкөдө коронавирус жуккандардын расмий катталган саны 183 миңге жакындап калды. Алардын 177 миңден көбү сакайды.

Азыр ооруканада 552 бейтап жатат, дагы 647 адам үйдөн дарыланууда.

Адистер расмий статистика чыныгы абалды чагылдырбай жатканын, ооругандар да, каза болгондор да андан көбүрөөк экенин айтып келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG