Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:45

Шайлоо-2021: Шаршенбек Абдыкеримов талапкерлигин алып салды


Шаршенбек Абдыкеримов
Шаршенбек Абдыкеримов

№33 Нарын шайлоо округунан депутаттыкка талапкер болгон Шаршенбек Абдыкеримов парламенттик шайлоого катышуудан баш тартты. Ал бул тууралуу 19-ноябрда Нарын облусундагы Ат-Башы районунда эл менен жолугушканда билдирди. Абдыкеримов бул чечимин "ар ким өз иши менен алектенүүсү керек" деп түшүндүрдү.

Азырынча БШК бул тууралуу комментарий бере элек.

Абдыкеримовдун талапкерлигин №33 Нарын шайлоо округунан өзү негиздеген "Кыргызстан" партиясы сунуштаган. Абдыкеримов Жогорку Кеңештин “Кыргызстан” партиясынан депутаты жана "Аю холдингдин" ээси.

Жогорку Кеңешке шайлоо 28-ноябрда өтөт. Анда аралаш система менен парламенттеги 90 орунга 54 депутат партиялар аркылуу, 36 депутат бир мандаттуу округдан шайланып келет.

XS
SM
MD
LG