Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:43

Биринчи май райондук соту Эмил Жамгырчиевди актады


Эмил Жамгырчиев.
Эмил Жамгырчиев.

Бүгүн, 19-ноябрда Бишкектин Биринчи май райондук соту “Пара алуу” беренеси менен айыпталган Финансы полициясынын (бул кызмат быйыл март айында жоюлган) жетекчисинин мурдагы орун басары Эмил Жамгырчиевге байланыштуу ишти карап, аны актады. Сот Жамгырчиевди реабилитациялоо укугу менен кылмыштын курамы жоктугуна байланыштуу бардык айыптоолор боюнча толук актаган.

"Э.Э.Жамгырчиев Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 326-беренесинин 3-бөлүгү, 325-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пункту жана 320-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган кылмыштарды жасоодо күнөөсүз деп табылды жана анын жосундарында аталган кылмыштардын курамы жоктугу үчүн акталды", -деп айтылат расмий маалыматта.

Ушул эле иш боюнча айыпталгандардын дагы бири өкмөттүк аппараттын жетекчисинин мурдагы орун басары Бактыбек Калмуратовго тагылган беренелердин бирин сот “Алдамчылык” деп өзгөртүп, жабырлануучунун тосмо арызынан улам кылмыш ишин токтоткон.

Эскерте кетсек, 2020-жылдын 20-октябрында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) ошол кездеги Финансы полициясынын жетекчисинин мурдагы орун басары Эмил Жамгырчиевди Жазык кодексинин “Пара алуу” беренеси менен шектүү катары кармаган. Мурдараак анын аты Финполдун Чүй облусундагы башкармалыгында Кытайдан 2018-жылы ташылып келе жаткан контрабандалык өрдөк этине байланыштуу козголгон кылмыш иши жана 50 миң доллардык пара боюнча окуяда аталган.

Жамгырчиев Финполдо жетекчинин орун басары болуп 2018-жылдын апрелинен 2020-жылдын 17-октябрына чейин иштеген. 50 миң долларлык пара тууралуу айыптоолорду Жамгырчиев адегенде “ыплас ушак” деп атаган, кийин мамлекетке 20 миллион сом төлөп быйыл февралда үй камагына чыккан.

Жамгырчиев 28-ноябрга белгиленген парламенттик шайлоого “Альянс” партиясынын тизмесинен талапкер катары катышууда.

Өзгөчө көп өлчөмдө пара алууга шектүү катары Жамгырчиев менен кошо өкмөттүк аппараттын жетекчисинин мурдагы орун басары Бактыбек Калмуратов да кармалып, кийин ал да үй камагына чыгарылган.

XS
SM
MD
LG