Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:31

"Бейөкмөт уюмдарга саясий климатка жараша баа берүү туура эмес"


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Өлкөнү өнүктүрүүгө жарандык коомдун салымы, бийлик менен алакасы, тобокелчиликтер ушул аптадагы жыйындарда кызуу талкууланууда. Жарандык коомдун калыптанышындагы процесстерде бейөкмөт уюмдардын орду кандай? Мамлекеттин алар менен кызматташуусунда кандай мүмкүнчүлүктөр, өксүктөр, көйгөйлөр бар?

"Азаттык" кезектеги "арай көз чарай" талкуусунда ушул жана башка суроолорго жооп издеди. Ага саясат таануучулар Эмил Жороев жана Алмаз Кулматов катышты.

- Кыргызстан өткөн 30 жылда жарандык коому күчтүү, мыйзам үстөмдүк кылган демократиялык мамлекет болууга ынтызар өлкө катары таанылды. Кыргыз коомундагы ошол күчтүү жарандык коомдун өзгөчөлүгү эмнеде жана андагы бейөкмөт уюмдардын ролу кандай?

Алмаз Кулматов
Алмаз Кулматов

Алмаз Кулматов: -Жарандык коом бизде динамикалуу калыптанды да. Ага коомдук талап болду. Экинчи өзгөчөлүгү - мамлекеттин күчү жетпеген маселелерди чечүүгө белсенди. Бул бир жагынан жакшы, экинчи жагынан мамлекеттин алсыздыгын көрсөтүп коюп атат. Мисалы, жалаң эле саясий, демократиялык процесстер эмес, социалдык маселелерде да жигердүү иштеп, демилгени колго алып кетти. Мына, "таажы" илдетинде (коронавирус-ред.) жарандык коом майнаптуу аракеттенди да. Мамлекеттик бийлик болсо алдастап калды, стратегиялык көз карашы жок экенин, маселени чече албай турганын, жөндөмү төмөн экенин тастыктап, ашкере кылып койду.

Дагы бир өзгөчөлүгү, биздей старттык позиция менен бирдей чыккан коңшу өлкөлөргө караганда бизде бейөкмөт уюмдар көп да. Алар - жарандык коомдун негизги кыймылдаткыч күчү.

Эмил Жороев: -30 жылдык тарыхтагы жарандык коомдун маанисин, эмгегин туура баалаш үчүн аны кененирээк түшүнүшүбүз зарыл.

Эмил Жороев
Эмил Жороев

Жарандык коомдун таасири, салмагы күчтүү болгону - ага бийликтин көз карандысыз кыймылдарга, аракеттерге бөгөт койбогондугунда. Тескерисинче, жарандык коом бийликтин кол астында эмес, бийликке жанаша, кээде сын-пикири, кээде колдоосу менен активдүү катышып келгендигинде.

- Бүгүнкү күнгө келсек, президент Жапаров баштаган бийлик башчылары бейөкмөт уюмдарды “өздөрүн бийликке атаандаш катары көрсөтүп, ашкере саясатташып кетти, чет өлкөлөрдөн гранттарды алып, башка күчтөрдүн кызыкчылыгына иштеп, мамлекетке зыян келтирип жатат” деген сыяктуу сындарды айтып жатышат. Албетте, бейөкмөт уюмдар, айрыкча тажрыйбалуулар муну негизсиз сын деп, демократиялык баалуулуктар үчүн күрөшүп жатканын айтышууда. Бейөкмөт уюмдардын ушундай сындардын бутасына айланышына эмне себеп болуп жатат?

Эмил Жороев: -Мындай дооматтар, ачык эле айтайын, туура эмес. Президент, Министрлер кабинетинин жетекчилери баштап жарандык коомго ошондой доомат такканы, саясатташты, чет өлкөлүк өнөктөштөрдүн жетегинде жүрөт дегени туура эмес позиция. Чын эле ошондой доомат болсо, анын өзөгүн түшүнүү зарыл. Анын өзөгү - расмий бийликтин иш-аракеттериндеги кемчиликтерде. Мына 2000-жылдары оппозиция жок, партиялар алсыз болуп калганда дал ошол жарандык коом эркиндикти сактап, жарандардын үндөрүн бийликке жеткирип келген. Мунун бардыгын сергек анализдөөбүз зарыл. Азыркы саясий климатка жараша бир өңчөй баа берүү туура эмес. Өзгөчө сырткы донорлордун жетегинде болуп атат деп сын айткан бийлик биринчи кезекте өзү ошондой көз карандылыктан арылуусу зарыл. Жарандык коомдун грант алганы коркунучтуу эмес.

- Кыргыз өкмөтү азыр бейөкмөт уюмдарды каржылоо демилгесин көтөрүүдө. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов “Бир дүйнө - Кыргызстан” бейөкмөт уюму уюштурган жыйында билдирди. Мындай практика Швейцария өңдүү өлкөлөрдө натыйжалуу иштеп жатат. Кыргызстандын шартында бул канчалык деңгээлде ишке аша турган демилге?

Женевада жайгашкан “Булан институту” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Чолпон Орозобекова мамлекет менен коомдук уюмдардын кызматташтыгынын Швейцария тажрыйбасы тууралуу айтып берди:

- Швейцариянын тажрыйбасы бардык мамлекеттерге үлгү боло турган тажрыйба. Бул жерде мамлекет менен бейөкмөт уюмдар коомдогу көйгөйлөрдү чечүү үчүн өнөктөш мамиле түзүп алышкан. Женевада 2000ден ашык бейөкмөт уюм бар. Алар климаттын алмашуусу, адам укуктары, куралсыздандыруу, терроризмге каршы, тынчтык куруу сыяктуу ар кыл багытта иштешет. Алар Швейцария бийлигинен субсидия сыяктуу колдоо алышат. Шаардык, кантондук бийликтер да грант берип турушат. Бирок, эч качан Швейцария бийлигинен басым көргөн учурду көрө элекмин. Эч качан кийлигишүү болбойт. Мүмкүн эмес. Бийликтин бейөкмөт уюмдардын ишине кийлигише турган рычагдары жок. Юстиция министрлигинен каттоодон өтпөйт. Болгону бейөкмөт уюмдар кызматы деген кызмат көрсөтүүчү уюм аркылуу гана кызматташат. Биздин постсоветтик өлкөлөрдүн тажрыйбасында каржылоо бейөкмөт уюмдардын көз карандысыздыгын жоёт. Тескерисинче, постсоветтик өлкөлөрдүн, Борбор Азиянын, Кыргызстандын кырдаалында чет өлкөдөн грант алган бейөкмөт уюмдар гана чыныгы кырдаал тууралуу салмактуу, көз карандысыз пикир айтып, бийликтин көзүн ача алат.

Алмаз Кулматов: - Бийлик каржылап коюп, анан көз каранды кылып алат деп так айта албайм. Далилим жок. Бирок, өкмөттүн каржылоого да, көзөмөлдөөгө да чамасы жетпейт. Бир эле багытта, социалдык маселелер боюнча, мисалы, 2019-жылы 88 бейөкмөт уюмду катыштырып, болгону 19 миллион сом каржы бөлө алышкан. Каржылоонун формасы көп да: тике, кыйыр, субсидия, грант дегендей, салыктан жеңилдиктер болот. Анын бардыгын азыр аткара албайт.

Эмил Жороев: - Президент баш болуп жалпы эле жарандык коомдун аракеттерин колдойбуз, акча бөлөбүз, тышкы булактардан көз карандысыз кылабыз дегени жакшы. Негизи ошого умтулушубуз керек. Умтулуу болбогону жаман болмок. Бирок, арабаны аттын алдына коюп алып атабыз. Силер тышкы байланышты токтоткула, анан биз акча бөлөбүз деген туура эмес.

Алмаз Кулматов: - Бейөкмөт уюмдар менен кызматташабыз дегени менен, оюн эрежелери ачык, так болушу керек. Биз бейөкмөт уюм десе эле батыштан акча алып жатат деп баса калып атпайбызбы. Алардын (бейөкмөт уюмдар бийликти -ред.) сындаганы жаман эмес. Наполеон айткандай, керек болсо оппозицияны ойлоп табыш керек. Бирок, бизге билинбей, бейөкмөт уюм деп аталбай эле диний-маданий коомдук уюм деп аталган канчалагандардын багыты эмне болуп атат? Аларды изилдеп-талдаган, көзөмөлдөгөн киши жок. Көзөмөл десе эле баса калуу эмес, бирок, бул коомду, бала-чаканы кайда жетелеп баратат деген ой келбей атат да.

Азыр эми бийлик жарандык коом менен иштөөдө жоопкерчиликтүү саясат жүргүзүп, сөзүнө жооп берип, өнөктөш болушу керек. Буларды душман көргөндөн абал оңолуп кетпейт, жектегенден социалдык-экономикалык өнүгүүгө пайда келбейт, тескерисинче зыян болот. Конфронтацияны коюп, үзөңгүлөш кызматташуу пайда алып келет.

  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG