Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:42

Зулушев пара алууга шек саналып кармалган прокурор үчүн президенттен кечирим сурады


Курманкул Зулушев.
Курманкул Зулушев.

Башкы прокурор Курманкул Зулушев Октябрь районунун прокурорунун орун басарынын кармалышы боюнча президенттен кечирим сурады. Бул тууралуу ал бүгүн, 20-ноябрда прокуратура кызматкерлеринин кесиптик күнүнө арналган иш-чарада сүйлөп жатып айтты.

"Коррупцияга аралашкан кызматкерлерден тазалануу ишине өзгөчө көңүл бурулат. Урматтуу Садыр Нуркожоевич, бир карын майды, бир кумалак чиритет дейт, майрамдын астында Октябрь райондук прокуратурасындагы болгон ишти кайталабаганга аракеттенебиз", - деди баш прокурор.


Мунун алдында презединт Садыр Жапаров прокуратура тармагында иштегендерди кесиптик майрамы менен куттуктап, бул системада иштегендердин арасында ишин абийирдүүлүк менен аткарбаган кызматкерлер бар экенин белгилеген.

Улуттук коопсуздук боюнча мамелкеттик комитет (УКМК) опузалап пара алуу фактысы боюнча Бишкек шаарынын Октябрь райондук прокурорунун орун басары “А.А.Э.” кармалганын 18-ноябрда кабарлаган.

Расмий маалыматка караганда, шектүү "кылмыш жоопкерчилигине тартам" деп коркутуп, укук коргоо кызматкерлеринен 5000 АКШ долларын талап кылган. Кармоо учурунда жүргүзүлгөн тинтүү иштеринин натыйжасында прокуратуранын кызматкери тарабынан аталган сумманын 200 миң сомдон ашык бөлүгүн опузалап алганы тууралуу материалдык жана документалдык далилдер табылган. Прокурордун орун басары УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. (MTa/KE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG