Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Сентябрь, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 02:58

Кылмышка каршы майнапсыз күрөш


ИИМдин алдындагы аялдардын укугун коргоону талап кылган митинг. Апрель, 2021-жыл.

Кыргызстанда 2021-жылдын алты айында өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу кылмыштуулуктун саны 46 пайызга көбөйгөн.

Бул кылмыштардын ичинен киши өлтүрүү 26%, зордуктоо жана зордуктоо максатында кол салуу 34% көп катталганын Улуттук статистика комитети жарыялады.

Кылмыштын саны салыштырмалуу көбөйгөнүнө өткөн жылы пандемиялык чектөөлөрдүн болушу, акыркы убакта экономикалык абалдын начарлашы да таасир эткени айтылды.

Улуттук статистика комитети Башкы прокуратуранын маалыматтарын чогултуу менен ушул жылдын алты айында өткөн жылга салыштырмалуу кылмыштардын саны олуттуу өскөнүн жарыялады.

Быйыл жыл башынан бери 23 500 кылмыш катталган. Бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда 1,5 эсеге көбөйгөн, башкача айтканда 46% көп катталган.

Жазык-укуктук статистиканы түзүү жана талдоо бөлүмүнүн башчысы Эмил Чамбаев кылмыштардын жана жоруктардын саны көбөйүшүнүн бир топ себептерин онлайн брифинг учурунда санап өттү.

"Кылмыштуулуктун катталышында өсүш бар. Аны эч ким танбайт. Болгону бир топ факторлорду эске алуу керек. Өткөн жылы баарына белгилүү болгондой пандемиялык шарт болуп, көпчүлүк анын ичинде кылмышкерлер да ооруп жатты. Шаар ичинде каттамдарда чектөө болуп, карантин, коменданттык саат болуп жатпадыбы. Эл көп чогулган иш-чаралар уюштурулган жок. Негизи кылмыштуулук эч качан бир орунда же бирдей санда болбойт. Динамика ар түрдүү болуп турат. Былтыр мынча катталган, быйыл да ошончо болушу керек деп айтууга болбойт. Ошол эле маалда бир нече факторлордун дагы таасири болот. Негизгиси социалдык-экономикалык фактордун, саясий абалдын, идеологиялык фактордун бир топ таасирлери бар".

Өткөн жылы пандемияга байланыштуу кылмыштардын саны кыскарган. Анткен менен өткөн жылы элдин көпчүлүгү үйүндө болуп, үй-бүлөлүк зомбулукка кабылгандардын саны көбөйүп кеткени айтылган.

Быйыл жылдын алты айында жалпы кылмыштын 60 пайыздан ашыгы Бишкек шаарында жана Чүй облусунда катталган. Кылмыштардын ичинен киши өлтүрүүнүн саны 26% өскөн. Зордуктоо жана зордуктоо максатында кол салуу учуру 34% көп катталды.

Кылмыштын алдын алуу абак кургандан артык

Паракорчулук бир жарым эсеге көп. Адистер кылмыштуулуктун саны өсүп жатканын бир топ фактордун таасиринен көрүшөт. Анын ичинде акыркы мезгилдеги экономикалык жана башка таасирлерден улам жалпы коомдун психикалык, агрессиялык абалы да кылмыштуулуктун санын шарттайт дейт психолог Светлана Шералиева.

"Азыр коомчулуктун басымдуу бөлүгү жек көрүү, кыжырдануу сезими менен жашап жатышы баштапкы муктаждыктардын камсыздалбаганынан улам болуп жатат. Мисалы жөн эле физикалык, экономикалык жана социалдык муктаждык, өзүнүн коопсуз жашоосуна ишенимдин жоктугу. Булардын баары психикалык абалга таасир этет. Мээдеги мындай чыңалуу чогулуп отуруп агрессияны, өзү байкабаган коргонууну шарттайт. Ушундай факторлор жалпы психозго таасир берет. Бул деген ар түрдүү кылмыштуулуктун өсүшүнө алып келет. Кылмыштын алдын алуу үчүн ар бир адам билим алуу, өзүн-өзү өстүрүү менен алектениши керек".

Өткөн жылга салыштырмалуу кылмыштуулуктун саны көбөйгөнүнө коомдогу социалдык-экономикалык абалдан тышкары агартуу менен кошо алдын алуу чараларынын начарлаганы да себеп катары айтылат.

Анткени, майда-барат кылмыш кылып жазасын өтөп чыккандар жай турмушка сиңип кете албай, жумушсуз четте калат. Анан кайра эле кылмышка баргандар да болот. Ага кошумча жыл башында президенттин кечирими менен жазасын өтөп жаткан 308 адамга мунапыс берилген.

Прокуратуранын өкүлү Эмил Чамбаев кылмыштын санынын өсүшүнө мунапыс берүү жараяны эч кандай таасир эткен жок деген маалымат берди.

"Азырынча так сан эсептелген жок. Болгону 308 адамга гана мунапыс берилген. Анан өлкө боюнча 50 миңден ашык кылмышты ошолор жасады деген туура эмес. Логика менен алганда да ушундай".

Кыргызстанда кылмыштуулук менен күрөшүү, алдын алуу чаралары үчүн бир топ реформалар айтылып, иш мерчемдер бекитилип келет. Негизинен кылмыштуулук менен күрөшүү укук коргоо кызматтарын милдети деп коомду он жолго тарбиялоо, өсүп келе жаткан муундун дүйнө таанымына таасир этүү жана алдын алуу чаралары эске алынбай калгандай.

Ушул жылдын соңунда “Коомдук алдын алуу борборлору” жөнүндөгү мыйзам күчүнө кирет деп айтылган.

Өлкө боюнча кырктан ашык “Коомдук алдын алуу борборлорун” ишке берип, окутууларды уюштуруп жаткан “Эл аралык толеранттуулук үчүн” коомдук фондунун өкүлү Базарбай Масеитов алдын алуу үчүн системалуу иштер жүрүп, жоопкерчиликтин баарын милицияга жүктөбөш керек дейт.

"Коомдук алдын алуу” борборлорун ишке бердик. Зарыл жабдыктар менен камсыздап, ал жерде иш алып барган кишилерди кыска окутуулардан өткөрдүк. Кылмыштуулук менен күрөшүүдө өрт өчүргүчтөй иштебеш керек. Кылмыш болгондон кийин анын кесепеттери менен иштешет да. Эгер кылмыштуулуктун санын кыскартабыз десек, анын алдын алууга басым жасаш керек. Коомчулук, мамлекеттик кызматтар, милиция чогуу иштеп, элде да социалдык жоопкерчилик болушу керек. Бала бакчадан баштап системалуу программа болгону оң".

Кыргызстанда 2017-жылы Жазык, Жазык-процессуалдык, Бузуулар жөнүндө жана Жазык-аткаруу кодекстери жаңыланган. 2019-жылы иштеп баштаган. Адистер бул реформа мыйзамдарды гумандаштырганын белгилешкен.

Ушул жылы аталган кодекстер кайра өзгөртүлдү. Айрым юристтер жаңы кодекстер мурдагы репрессиялык ыкмаларга, адам укугун тебелөөгө жол ачарын айтып чыгышкан. Башкы прокуратура мындай дооматтарды четке каккан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG